ИИМ КМШнын саммити бүткөнчө курал-жарактарды убактылуу алат

Чет өлкөдөн келе турган делегациялар өтө турган жол боюнда жашаган кыргызстандыктардын курал-жарактары убактылуу алынат. Мындай чара Эгемендүүлүк майрамы, Көчмөндөр оюндары жана КМШнын саммити өткүчө күчүндө турат.

Жогоруда айтылган майрамдык иш-чаралар 30-августтан 17-сентябрга чеийн өткөндүгүнө байланыштуу курал-жарактарды 30-августтан 19-сентябрга чейин алышат.

ИИМдин маалымат кызматы санкциялар «коомдук тартипти сактоо үчүн» киргизилип жаткандыгын билдирди. Куралдар автоколонналар өтө турган маршрутта жана чет элдик коноктор жүрүүчү жана жашай турган жайларга жакын жайгашкан кыргызстандыктардан алынат.

Бул чара милиция «коркунуч туула турган жагдайлардын алдын ала тургандыгы» айтылган «Мамлекеттик кайтаруу» мыйзамынын 12-беренеси менен түшүндүрүлөт.

ИИМдин басма сөз кызматынын улук инспектору Анна Жукова Kloop.kgге милиция жарандарга мындай чараларга түшүнүү менен кабыл алууга чакырып жаткандыгын билдирди.

«Бизде абдан көп иш-чаралар өткөрүлөт. Эгемендик күнү, Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюндары, КМШнын саммити. […] Иш-чаралар аяктагандан кийин биз курал-жарактарды дароо кайтарып беребиз», — деди ал.

«Прецедент» компаниясынын юристи Ильяна Жедигерова «Мамлекеттик кайтаруу жөнүндө» мыйзамында мындай иш-чаралар жүрүп жаткан убакта курал-жарактарды алып коюу тууралуу так пункт жок экендигин билдирди.

Бирок анын пикиринде милиция коркунуч туула турган жагдайлардын алдын ала тургандыгы айтылган пунктка таянып мындай чара колдонушу мүмкүн.

«Мыйзамда так жазылган эмес.  Анда ИИМдин коркунуч туула турган жагдайлардын алдын ала тургандыгы гана көрсөтүлгөн. Курал-жарактарды алуу чечими ушул пунктка негизделет болуш керек», — деди ал.

Бул иш-чараларга байланыштуу жалгыз чектөө эмес, Биринчи Май соту КМШ өлкөлөрүнүн башчыларынын саммити бүткөнчө Бишкектин борбордук бөлүгүндө митингдерди уюштурууга тыюу салган.

Сүрөт: Flickr.com, Misty D.