«Сүлүктүкөмүр» ишканасында көмүр өндүрүү жана сатуу 90-жылдары менчиктештирилгенден кийин көзөмөлдөн чыга баштаган. Ошондон баштап компания киреше алып келбей калды, а кара алтындын ондогон тоннасы «кассадан тышкары» сатылат.

Баяндоо Kloop.kgнин кабарчысы Хлоя Гейненин атынан жүрөт.

Кыргыз-тажик чек арасындагы Исхак Раззаковдун жана президент Атамбаевдин портрети түшүрүлгөн кызгылтым аркага нуру чачыраган күн горизонтко шашпай батып бара жатат.

Бул жердеги чек ара бекети аркылуу Кыргызстандын аймагындагы эң мыкты делген Сулүктү көмүрүн жергиликтүү сатармандар Тажикстанга өткөрүшөт.  

Көмүр жүктөлгөн жүк ташуучу унаалар чек ара туругунан он  чакты метр нараакта эле тажик кардарларын күтүп турушат.

Айдоочулар бизден чочулай, адегенде сүйлөшүүнү калашкан жок. Бирок акыры кызыгуу жеңди, алардын ичинен Бакыт аттуу айдоочу биз менен аңгемелешүүгө бел байлады.

«Эгер сиз бул жерден интервью ала турган болсоңуз, сизди сабап кетиши мүмкүн», — деди ал эскерте.

Адегенде айдоочулар маектешүүдөн баш тартып, ысымдарын атабоону суранышты.

«Биздин сырларыбыз бар. Эгер сиз азыр репортаж жасасаңыз бизге соода кылганга тыюу салып, чек араны жаап салышы мүмкүн. Ошондуктан биз көйгөйлөрдү айтпайбыз, анткени бизде көйгөй жок», — деп күлдү Бакыттын теңтушу.

Бир машине көмүрдөн ал 5-7 миң сом акча табат. Анын жүк ташуучу машинесине 100 тонна көмүр батат. Бирок кирешенин көбү салыктарды төлөөгө жана көмүрдү жеткирүүгө кетет.

Бакыт көмүрдү Сүлүктүдөгү жеке менчик шахтадан сатып алат дагы, аны түз эле чек арадан Тажикстандагы кардарларына өткөрөт. Баасы кыргыз тараптан бычылат. Бул жерде таразага артууга болот. Көмүрдү чек арадан кардар өзү өткөрөт.

“Эгер сиз бул жерден интервью ала турган болсоңуз, сизди сабап кетиши мүмкүн.

Сүлүктү — Борбордук Азиядагы эң алгачкы шахтёрдук шаарча. Ал 1868-жылдары түптөлгөн. СССРдин талкаланышы менен шаардын жашоосу алармандын жоктугунан кескин начарлаган — шаардын аймактагы чарбалык жана экономикалык байланыштары үзүлүп, көмүр аз өндүрүлө баштаган.

Сергей Прокудин-Горский. «Сүлүктү кенинде», 1907 г.
Сергей Прокудин-Горский. «Сүлүктү кенинде», 1907 г.

Көмүрду бул жерде бир нече компания өндүрөт. Алардын ичинде бир кездеги кубаттуу «Сүлүктүкөмүр» бар. Анын мамлекеттик үлүшү 45 пайыз. Компания Бүткүл Дүйнөлүк банктын PESAC программасынын аркасы менен ачылган.

Анын алкагында Кыргызстандын өкмөтү 1994-жылдан 1996-жылга чейин мамлекеттик ишканалардын «келечектүүлөрүн» менчикке өткөргөн. Ал кезде келечеги жоктору жабылып же жоюлуп кеткен.

90-жылдардын орто ченинде бир кездеги кирешелүү  

«Сүлүктү» шахта башкармалыгы «Сүлүктүкөмүр» акционердик коомуна айланган.

Сүлүктүнүн көмүр запасы дагы 200 жылга жетет, бирок келечектүү экендигине карабастан бир кездеги күркүрөп турган шахтёрлор шаарчасы көңүл чөгөрлүк сезим калтырат — инфраструктурасы каралбай калган, шаар өзү артта калган.

Жергиликтүү көмүр сапаттуулугу менен белгилүү, бирок аны өлкө ичинде сатуунун чыгымы көп. Сүлүктү — Кыргызстандын борбору Бишкектен эң алыс жайгашкан шаар. Ал өлкөнүн түштүгүндөгү Баткен облусунда  жайгашкан.

Транспорттук чыгымдары чоң болгондуктан жергиликтүү сатармандар башка кардарларга, коңшу Тажикстанга сатууга аргасыз. Көмүрдү өткөрүү операциясы чек арада өтөт. Ортомчулар кара алтынды шахталардан сатып алышат, бул иш-аракет кээде мыйзам чегинде жасалса, кээде ишканалардын «кассасынан тышкары» жасалат.

tild6438-3935-4762-a236-633735623464__img_0206

Жападан жалгыз шахта болгон «Сүлүктүкөмүрдөн» канча көмүр чыгып жаткандыгын билүү мүмкүн эмес. Ишканада «таразага тартуучу жай» иштебейт. Канча көмүр чыгып жатканын жергиликтүү салык кызматкери көзөмөлдөйт. Ал түшкү тамактан кийин ага кабинет дагы, күндөн калкалоочу жай дагы катары кызмат кылган күңүрт-жашыл «Жигулиде» үргүлөп алат.

Эркайым Маданбекова Тажикстанга алып баруу үчүн жүк ташуучу унаа жалдап шахтага келген. Ал жергиликтүү көмүр сатуу менен 2000-жылдан бери алектенет.

«Биз көмүр менен гана алектенебиз. Сүлүктүдө андан башка эчтеме жок. А биздин үй-бүлөбүз бар, балдарды багышыбыз керек да», — дейт ал.

«Сүлүктүкөмүр» башка ондогон сүлүктүлүк аялдарга карыз болгондой эле ага да чоң суммдага акча карыз — 700 миң сомдон ашык. Бирок бухгалтериядан берилген дүмүрчөктөрдө көрсөтүлгөн сумма мунун жарымына да жетпейт.

Ортомчулар ишкандан чыккан көмүр үчүн ишкананын кассасында эсептешишет. Анан айдоочу жалдап, көмүр алуу үчүн шахтага барышат. Бир машине көмүрдөн Эркайым 4-5 миң сом табууну көздөйт. Жүк ташуучу унаага 35-40 миң сом кетет.

tild3963-3931-4064-b935-336566633537__img_0128

«Сүлуктүкөмүр» көмүрдүн килограммын 2 сомдон чыгарат. Тажик кардарлары 3 сомдон төлөөдөн баш тартпайт. Жергиликтүүлөр бул сумманы эң төмөн деп эсептешет, бир кездерде килограммы 15 сомго чыккан да учурлар болгонун эскеришет.

Муну менен бирге көмүрдүн так салмагын аныктоо мүмкүн эмес, сатылган отун көз болжол менен же вагонеткалар менен «таразаланат».

«Бул жерде болжолдонуп вагонеткалар менен ченелет. Кардарларга алып барганда, ошол жерден салмагын аныктайбыз. Кээде тараза биздин пайдабызга чечилет, кээде алардын», — дейт Маданбекова.

tild3635-3935-4463-b466-376337303436__img_0227
«Бул жерде вагонеткалар менен ченелет»
tild3330-6162-4363-b539-653961633139__104g161000_02_30_10still001
Каныбек Жайнаков

«Акыл, эшикти бекем жапсаңыз, э, — "Сүлүктүкөмүргө" жакында жетекчиликке келген Каныбек Жайнаков ишкананын коллективи менен зорго тил табышат. — Биз эч кимге эчтеке айта албайбыз, көрдүңүзбү? Анткени биз 160 миллион сом карыз болуп, банкротко учурадык».

Жайнаков ишканага 2016-жылдын жазында келген. Айтымында, ал «Эркин-Тоо» гезитинде жумушчу орун тууралуу жарыяны көрүп, резюме жиберип, ишке чакырылган.

Ал бизге бир кездеги аймактагы эң кубаттуу ишкананын урандыларына экскурсия кылдырды. Административдик комплекстин ички короосун чөп баскан.

Ашкана, оңдоочу цех, башкаруучулар үчүн курулган үч кабат имарат жана дагы бир нече имараттар каралбай калган, аларда электр энергиясы, жылуулук жок.

tild3563-3337-4961-b461-623836653534__img_0196

Жайнаковдун пикиринде, жетекчилер компанияны кийин «арзыбаган тыйынга» сатыш үчүн атайын банкротко учураткан.

«Бул имарат мурда "Сүлүктүкөмүргө" тиешелүү болчу. Анын базар баасы 30 миллион сом. Бирок ал 3-4 эсе арзан 7 млн сомго сатылган. Салыкчылар аны карыздары үчүн алып, сатууга койду», — дейт ишкананы директору.

— А жергиликтүүлөрдү ишкананын келечеги кызыктырбайбы? Бир кездеги сонун замандар алардын эсинде бар да, чынбы? — суроо узаттым.

— Бул жерде эл ушуну менен гана жашайт. Алар бардыгын тоношот. Сүлүктүдө жашаганарддын бардыгы көмүр менен алектенет. Ошол үчүн абалыбыз ушундай начар. Эгер адамга айлык төлөбөсөң, ал уурулукка барат. Мына, бизде жумушчулар күнүгө айлык сурашат. Биз аны төлөй албайбыз, анткени көмүрдү сатканыбыз менен, чыгымдарды актай албайбыз. Жаңы эле бир нерсе кылайын десең эле салыкчылар келип кассаны жаптырышат. Бүгүнкү күндө бардык активдер камакта, — дейт Жайнаков.

«Айлыктар төлөнбөйт. Эгер адамга айлыгын бербесең, ал уурдай баштайт да»
«Айлыктар төлөнбөйт. Эгер адамга айлыгын бербесең, ал уурдай баштайт да»

— А катардагы кызматкерлер кантип уурдашат? Кап менен ташыйбы?

— Албетте. Бул жерде ар кандай схема бар. Алармандар шахтёрлерго акча төлөйт. Алар түнү келет. Бул жакка төлөгөнчө буга 500 сом, тигиге 500 сом берген жеңил.

— Канча көмүр өндүрүлгөнүн кантип ченейсиңер?

— Биздин таразабыз иштебейт. Көз болжол менен.

— Мыйзамдуу жол менен канча көмүр чыгарылган?

— Мыйзамдуу жол менен? — Жайнаков мыйыгынан жылмайды, — Карыздарды карасак биякка эчтеке түшкөн эмес. Бардыгы мыйзамсыз чыгарылат.

tild3237-3665-4562-b239-373664373932__img_0191

Материал чыгып жаткан убакта Жайнаков кызматынан кеткен. «Сүлүктүкөмүрдүн» директорлор Кеңешинин төрагасы Жайнаков тууралуу төмөндөгүлөрдү айтты:

tild3633-3732-4062-b663-316437313336__img_0215

«Кызматкерлердин бардыгы анын көрсөтмөлөрүн, буйругун аткарышпайт. Бул жергиликтүү менталитет. Адамдар, шахтёрлер "Сүлүктүкөмүр" ААКнын жетекчилигине ишенимин жоготушкан».

tild6137-6462-4431-b266-326432643065__img_0070

Ишкананын эсепчиси биз менен маектешүүдөн баш тартты, бирок ишкананын эсеп-чоту кассанын сыртында жүрүп жатканын бышыктады — соттук тыюу салууга карабастан, көмүр өндүрүүнү токтоууга болбойт.

tild3835-3335-4435-a632-616230663561__img_0143

«Минтип иштегенге болбойт да. Ошол себептүү сиз менен маектешким келбейт», — деди ал.

tild3234-3333-4330-b535-613332623232__img_0300

Ишканадагы коррупциянын масштабын болжолдоо татаал, ал эмес курулуш материалдарын сатып алуу тууралуу документтерде да дал келбөөчүлүктөр бар.

tild6162-6437-4165-a536-373864386537__img_0324

Мисалы, 2015-жылдын август айындагы сатып алуу боюнча актыда «сатуучу» да «алуучу» да бир эле Эсенбай Абдулхаков. Ошону менен бирге эле ишкананын бир да кызматкери Абдулхаков деген ким экенин жана курулуш материалдарын ким саткандыгын эстей алышкан жок.

Курулуш материалдарын күнүгө сатып албаса шахта иштей албайт. Анда жер астындагы суулар көтөрүлүп кетип, жумуш токтошу мүмкүн. Көмүр өндүрүүнү кайра жандандыруу үчүн кошумча каражатты талап кылат. Андай акча болсо «Сүлүктүкөмүрдө» жок.

tild3161-3033-4536-b136-356536336138__img_0221

Сатылган көмүрдүн көлөмүн аныктоо мүмкүн эмес

2015-2016-жылдары ишканада эки аудиттик текшерүү болгон. Алардын бири — директорлор Кеңешинин төрагасы Урмат Нурбаевдин демилгеси менен. Ишкананы жеке менчик аудиттик компания текшерип, өндүрүлүп сатыкка чыгарылган көмүрдүн сапаты менен көлөмү аныкталган.

Текшерүү бир катар мыйзам бузууларды аныктаган — ишканада бухгалтерия талаптагыдай жүргүзүлбөй, чыгарылган көмүрдүн саны менен сорту «көз болжол» менен ченелген.

Жетекчиликтин тез-тез алмашуусунун айынан 2015-жылы бухгалтерия толук жүргүзүлгөн эмес. Башкы китеби, өндүрүлүшкө керектелүүчү негизги каражаттар жана инвентарлар, эсептешүү счёту жок. 2015-жылга бухгалтердик баланс түзүлгөн эмес. Эсеп-чотту жүргүзбөгөнү үчүн башкы эсепчи түздөн түз күнөөлүү.

Аудитордун отчётунан

Чыгарылган көмүрдүн саны жана сапаты «көз болжол» менен ченелген
Чыгарылган көмүрдүн саны жана сапаты «көз болжол» менен ченелген

«Акыркы беш жылда шахтёрлер айлык алышкан эмес. Бирок алар ишин улантышууда. Эски жетекчилик эсеп-чотту кассадан сырт жүргүзгөн. Бардыгы чөнтөккө кеткен», — дейт Жайнаков.

Аудиторлор тараза тартуучу жайдын жана таза иштеген эсепчинин жоктугунан кассадан сырт сатылган көмүрдүн көлөмүн аныктоо мүмкүн эместигин белгилешкен.

2015-жылдын сентябрынан 2016-жылдын февралына чейин бухгалтерияда эсептешүү боюнча иштер жүргүзүлбөй, жооптуу кызматкерлерден убагында отчёт алынган эмес. Анткени эсепчи-кассир У. Калыкова бухгалтерия жана отчёт кабыл алуу боюнча милдеттерин толук аткарган эмес. У. Калыкова көмүрдү сатуучу диспетчерлерден жана ортомчулардан отчёт алган эмес. Көмүрдү сатууда өз ара ээсептешүүнүн отчёту жүргүзүлгөн эмес.

Аудитордун отчётунан

10 жылда 6 жетекчи

Акыркы он жылда ишканада алты жетекчи алмашкан. Айрым учурларда жетекчини алмаштыруу чыр-чатак жана коррупциялык иштер менен коштолгон.

2005-2009 — Раимбек Назаров

2008-жылы Сүлүктү шаардык соту аны кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп тапкан. Соттун чечимине ылайык, директор мамлекеттик мүлк фондунун макулдугу жок ЭКГ-10 экскаваторун саткан. 2009-жылы жетекчиликтен кеткен Назаров 2010-жылы апрель революциясынан кийин кайра жетекчиликке келген.

2011-2014 — Эргеш Мадаминов

Мамлекеттик мүлк фонду тарабынан Мадаминовдун жетекечиликке бекитилиши ишкананын кызматкерлеринин колдоосун алган жок — алар митингге чыгып, ачкачылык жарыялашат. Бирок нааразылыктар максатына жетпей, Мадаминов өз ордунда калат.

Жогорку сот ишкананын жетекчиси ким болуу керек деген талашта Мадаминовду колдойт.

2014-2015 — Шадыбек Бакибеков

Сүлүктүнүн мурдагы шаар башчысы.

2015 — Эргеш Мадаминов

Бакибековдон кийин кайра директорлукка келет.

2015 — Адылбек Абдырахманов

«Сүлүктүкөмүрдүн» директорлор Кеңешинин төрагасы Урмат Нурбаев менен чатакташкандыгынын аркасында белгилүү болгон. Ал кызматка келген соң мамлекеттик мүлк фондуна ишканадагы коррупциялык иштер тууралуу арыздана баштаган эле. Бирок ага каршы кылмыш иши козголуп, шылуундук менен 100 миң сом өндүрүүгө айыпташкан.

2016 — Каныбек Жайнаков

2016-жылы жазында «Эркин-Тоо» гезитиндеги жарыя боюнча келген. Бир нече айдан кийин өз каалоосу менен жумуштан кеткен.

«Сүлүктүкөмүрдүн» директорлор Кеңешинин төрагасы Жайнаков тууралуу төмөндөгүлөрдү айтты: «Кызматкерлердин бардыгы анын көрсөтмөлөрүн, буйругун аткарышпайт. Бул жергиликтүү менталитет. Адамдар, шахтёрлер "Сүлүктүкөмүр" ААКнын жетекчилигине ишенимин жоготушкан».

2016 — Бакытбек Пирманов

Жайнаковдун ордуна келген. Ишкананын мурдагы башкы инженери.

tild6333-3332-4066-b233-306337386236__img_03061

«Эгер көп жылдык мөөнөттө өнүктүрсөк, миллиондогон карызы бар бул ишкананы алдыга сүйрөп чыгарса болот. Бизде бул кен менен максаттуу иш алып барган адамдар жок, ошондуктан ишкананын жеке менчикке чыгарууга эч кандай мүмкүнчүлүк да жок», — деп эсептейт мамлекеттик мүлк фондунун төрагасынын кеңешчиси Кубаныч Шатемиров.

Мамлекеттик мүлк фондунун «Сүлүктүкөмүрдөгү» позициясы жөнөкөй — мамлекеттин 45 пайыздык акция үлүшү ишкананы башкарууга мүмкүнчүлүк бербейт. Анткени бул үчүн 50 пайыздан ашык көзөмөлдүк пакет керек. Квалификациялуу менеджерлердин жоктугунан акциянын бардыгын жеке тараптарга өткөрүп, менчиктештирүүнү каалабайт.

Мыйзам бузуу тууралуу билесиңби? Биз менен иликтөө жүргүз!

Автор: Хлоя Гейне
Сүрөт: Дастан Үмөттегин
Видео: Азат Рузиев