Өзбекстан: Каримов ооруканага жатты. Эмнелер белгилүү?

Өзбекстандын президенти Ислам Каримов ооруканага жатты. Бул жөнүндө президенттин басма сөз борбору расмий түрдө билдирди. Өзбекстандын алмашпаган лидеринин оорусу жана анын болжолдуу ордун басуучулары жөнүндө эмне белгилүү?

Өзү эмне болду?

Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы 28-августта президент Ислам Каримов ооруканада стационардык режимде дарыланып жатканын билдирди. «Адистердин пикиринде, толук медициналык текшерүүдөн өтүшү керек», — деп айтылган маалымат кызматынын билдирүүсүндө.

Каримовдун эмнеси ооруйт?

Анын эмнеси ооруй тургандыгы, оорусу канчалык олуттуу экендиги да белгисиз. Каримов — 78 жаштагы Өзбекстандын алмашпаган президенти. Анын ден-соолугунун абалы мурда да бир топ суроолорду жараткан. 2013-жылы Өзбекстандын президентинин инфаркт болгондугу, өткөн жылы комага түшүп калгандыгы билдирилген эле.

«Фергана» Борбордук Азия басылмасы өзүнүн жеке булактарына таянып, Каримов инсульт болушу мүмкүн экендигин жазган.

Мунун бир далили — Дурмень айылындагы анын резиденциясын курчаган милиция жана атайын кызматтар менен үч катар курчалгандыгы.

«Фергана» басылмасынын пикиринде, мындай деңгээлде кайтаруу керек болсо 1-сентябрда өтүүчү Өзбекстандын эгемендик күнүндө да кайтарылбайт.

Францияда жашаган өзбек саясатчысы Камолиддин Раббимов «Фергана» басылмасындагы өзүнүн колонкасында Каримовдун оорусуна байланыштуу абал олуттуу болушу мүмкүн дегендей жазды.

«Адистердин пикиринде толук медициналык кароодон өтүшү керек» деген формулировкалоо абал өзгөчө экендигин билдирет. Бийлик коомчулукка Каримов тез эле айыгып кетиши мүмкүн деген белгини бербөөнү чечти», — деп жазат.

Мындан ары эмне күтүлөт?

Белгисиз. Көп нерсе Каримовдун ден-соолугуна байланыштуу болушу мумкүн, анткени көпчүлүк убакта саясий абал Өзбекстандын президентинин жеке шарттарына көз каранды. Каримовдун авторитардык бийлиги, адам укуктарын бузгандыгы жана мамлекетти башкарууда кландык башкаруу системасын түзгөндүгү үчүн далай ирет айыпташкан.

Каримовдун көзү өткөндөн кийин кийинки президент ким болушу мүмкүн, аны кантип тандашат жана кантип башкарат деген суроо байкоочуларды тынчсыздандырат.

«Фергана» басылмасынын башкы редактору Даниил Кислов мурасчы маселеси небак чечилген деп эсептейт. Анын пикиринде, кийинки мураскер Өзбекстандын премьер-министри Шавкат Мирзиёев болушу мүмкүн.

«Каримовдун кетиши менен эчтеке деле өзгөрүлбөйт. Мамлекеттеги авторитаризм жоюлбайт. Мураскер боюнча эч кандай маселе жок. Бул эбак аныкталган. Менин версиям боюнча, кийинки өзбек президенти Шавкат Мирзиёев болот. Ал президенттин үй-бүлөсүнө жакын жана элиталык топтордо эң жогорку позицияда турат», — деп билдирди Кислов «МК» гезитине курган маегинде.

Борбордук Азия боюнча аналитик жана журналист Аркадий Дубнов дагы президенттикке кандидат 59-жаштагы Мирзиёев деген пикирде.

«Аппараттагы Мирзиёевдин салмагын анын президенттин үй-бүлөсүнө жакындыгы, Өзбекстандын коопсуздук кызматынын башчысы, 72-жаштагы Рустам Инаятовдун колдоосуна ээ экендиги аныктайт», — дейт аналитик «Фейсбуктагы» баракчасында.

Дубнов Каримовдун оорусуна байланыштуу абалды кошуна өлкөлөр — Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстан ынтаасы менен байкап турушат деп эсептейт. Анын оюнда Борбордук Азиянын президенттери өлкөнүн кийинки багытына «үмүттөнүүгө караганда, чочулоо менен» карашууда.

«32 миллион калкы бар Өзбекстандын өзү 1953-жылдан бери Сталин каза болгондон кийинки убакыттагыдай режимдин жумшарышына үмүттөнүшөт. Башкалары болсо Каримов жолтоо болуп келген ислам радикалдарынын бийликке келишинен кооптонушат», — деп жазат.

Каримов жөнүндө эмне белгилүү?

Каримов Өзбекстанды 27 жылдан бери, СССР мезгилинен бери башкарып келет. 1989-жылы ал Өзбек ССРинин БК КПсынын биринчи секретары болот. 1990-жылы ал президенттикке келип, ошол эле убакта Өзбек ССРинин кабинет министрлигин жетектейт.

Көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин 1991-жылы Каримов президенттикке шайланат. Ал президенттикке үч жолу шайланып, шайлоолордо 90 пайыздан ашык добуштарга ээ болгон.

Каримовдун бийлигинин учурундагы режимди адам укугун бузууга, кыйноолорго, оппозициянын жана эркин ММКнын жоктугуна, жарандык коомго үстөмдүк кылууга айыптап келишет.

Сүрөт: kremlin.ru