Парламент эс алуусун Көчмөндөр оюндарынан улам 12-сентябрга чейин узартты

Парламент депутаттары 1-сентябрдан эмес 12синен тарта иштей башташат. Жогорку Кеңеш эс алууну жакындап жаткан Көчмөндөр оюндары жана Курман айтка байланыштуу узартып алды.

Сунуш КСДП фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаевден чыкты. Өзүнүн сунушун түшүндүрүп жатып ал Көчмөндөр оюндары жана Курман айтка байланыштуу көпчүлүк депутаттар «барыбир жумушка келбейт» деп билдирди.

Демилге көпчүлүк 69 «макул» деген добуш менен колдоого алынды.

Рыспаев жогорку деңгээлде уюштурулуп жаткан иш-чарага депутаттар барбай койгонго болбосун Kloop.kgге айтты.

«Көпчүлүк депутаттар Көчмөндөр оюндарынын ачылышына кетет. Оюндар бүткөнгө чейин ошол жакта болушат. Алар расмий кызматтагы адамдар да. Андан соң Курман айт болот, анда дагы жумушка барышпайт. […] Бул деген дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары да. Баары ушундай деңгээлде уюштурулду, көп конок келет, ал жакта сөзсүз болушу керек», — деди ал.

Рыспаев парламенттин жумушу улана турганын кошумчалады.

«Мыйзамдар боюнча бир нерсе болсо, анда [комитеттер] чечим кабыл алышат. А эгерде чукул окуя болсо, анда фракциялардан баары келишет», — деди ал.

Парламент спикери Чыныбай Турсунбеков кабарлагандай, 12-сентябрга чейин палатанын отурумдары өткөрүлбөйт, бирок комитеттерде жумуш улана берет.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Ысык-Көлдүн жээгиндеги Чолпон-Ата шаарында 3-8-сентябрь аралыгында өтөт. Оюндарга катышуу үчүн 35тен ашык өлкөдөн арыз келип түшкөн.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан кабарлашкандай, Курман айт болжолдуу 12-сентябрда болот. Курман айт майрамы Орозо айттан 70 күн өткөндөн кийин белгиленет. Бул күндө өлгөндөр эскерилип, колунда жокторго жардам берип, курмандыкка союлган малдын эти таратылат.