Тажик ОМОНунун командири ИГИЛдин «аскер башчысы болду». Ал ким?

Ирак ЖМКлары кабарлагандай, тажик полковниги Гулмурод Халимов «Ислам мамлекетинин» аскер башчысы болуп калды. Ал туурасында эмнелер белгилүү, ага карата кандай санкциялар кабыл алынган?

Гулмурод Халимов — тажик ОМОНунун начальниги — Сирияга 2015-жылдын ортосунда качып кеткен. 2015-жылдын май айында  «Фурат» медиаборборунун видеосунда пайда болуп, ИГИЛ тарапка өткөнүн жана Тажикстандын бийлигин «мусулмандарды каралоого жана басынтууга» айыптаган. Халимов өзүнүн мигрант мекендештерин «кафирлердин кулу» болбой «Аллахтын кулу» болууга чакырган.

Ал Тажикстанга кайтып келип өлкөнүн аймагында «халифат» кураарын убадалаган. «Ислам мамлекетинин» тарапташтарынын арасында ал Аль-Таджики лакап аты менен белгилүү. Халимов мурдараак каза болгон «согуш министри» Абу Умар аш-Шишанинин ордуна келет. Бул туурасында ирактык Аль-Сумария телеканалы кабарлады.

1432784655_1432773469_received_876584172421916__

Халимовдун жүргөн жери тууралуу маалымат үчүн АКШ 3 миллион доллар убадалады. Ага эл аралык издөө салынып, Тажикстанда болсо ага карата мамлекетке чыккынчылык кылганы үчүн кылмыш иши козголгон. Халимов БУУнун жана АКШнын санкциялык тизмесине киргизилген. Ошону менен бирге эле ал АКШнын мамдепартаментинин экстремизм жана терроризмге каршы күрөшүү программасында 11 жыл бою тренингдерге катышкан.

Халимов — профессионалдык снайпер жана Тажикстандын ИИМнин Жогорку академиясынын бүтүрүүчүсү. Тажикстандагы жарандык согуш учурунда ал Улуттук гвардияда кызмат өтөгөн. Согуш аяктагандан кийин 1997-жылы ОМОНго кеткен. Ал жерде катардагы жоокерликтен баштаган, кийин бир нече жолу мамлекеттик сыйлыктардын ээси болгон.

Подполковник чинине чейин кызмат кылып, ОМОНду жетектеген. ИГИЛдин катарына өтөөрдөн мурда ал кызматтан алыны, тыюу салынган «Салафия» кыймылына тиешеси бар деп айыпталган. Бирок ага каршы иш эч нерсе менен аяктаган эмес. Гулмурод ОМОНго кайтып гана келбестен аны жетектеп калган.

Халимовдун үй-бүлөсү аны менен кошо ИГИЛге көчүп кеткен. Мурдагы тажик офицеринин жубайы Хумайро Мирова балдары менен чогуу Халимовдун артынан ИГИЛдин көзөмөлүндөгү аймакка көчүп кеткен. Тажик бажы кызматынын басма сөз борборунун начальниги болгон Мировага каршы Тажикстанда кылмыш иши козголгон.

CCEEC56D-B06C-4F02-9922-B9856670CE64_mw1024_mh1024_s__

Халимовдун бир туугандары анын ИГИЛге кошулганына биринчи ишенишкен эмес. Тажик полковнигинин жакындары ал катышкан видеонун ишенимдүүлүгүнөн күмөн санашкан. Алар белгилегендей, Халимов АКШдан келгенден кийин өлкө жана окуулары тууралуу шыктануу менен айтып берген. Халимовдун видео кайрылуусунан анын бир тууганы Назир Халимов шектенген. Офицердин экинчи бир тууганы Саидмурод Халимов, Юстиция министрлигинин полковниги, агасын Тажикстанга келип, мыйзам алдында жооп берүүгө чакырган. Халимов өзүнүн видео кайрылуусунда билдиргендей, эгерде бир тууганы ага каршы келе турган болсо жана «ыйманынан тайса», анда «анын башын кесет».

ИГИЛ — бир канча өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда да, тыюу салынган экстремисттик уюм. «Ислам мамлекети» Ирак жана Сириянын аймагында «халифатты куруу боюнча» иш алып барат. Уюм өз туткундарына жана каршылаштарына карата катаалдыгы менен белгилүү. Алар жалпыга көрсөтүү иретинде өлүм жазасын орундатып, массалык адам өлтүрүүлөрдү ишке ашырышкан. ИГИЛде 500 кыргызстандык бар.

Сүрөт: «Фурат»