Бишкектин соту укук коргоочулардын Атамбаевге каршы арызынан баш тартты

Бишкек шаардык соту укук коргоочулар Азиза Абдирасулова менен Төлөкан Исмаилованын «шылдыңдоо жана кадыр баркына шек келтирүү» иши боюнча президент Алмазбек Атамбаевге каршы жазылган соттук арызынан баш тартты.

Укук коргоочулар Азиза Абдирасулова жана Төлөкан Исмаилова 6-7-сентябрдагы болуп өткөн соттук процессте Биринчи май райондук сотунун чечимин даттанууну каалашкан. Чечим 16-июнда «шылдыңдоо жана кадыр баркына шек келтирүү» айыптоосу боюнча Атамбевге каршы жазылган соттук арызынан баш тарткан.

Бермет Толубаеванын жетекчилигинде жүргөн Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер боюнча коллегиясы өзүнүнүн чечиминде «Биринчи май райондук сотунун чечимин өзгөрүүсүз калтырган».

Соттук процесстин жүрүшүндө укук коргоочулар судьяларды бир канча ирет жемелешти.

«Биз билебиз, силер ага иштейсиңер башка чечим чыгара албайсыңар», — дешип, бирок алар бул чечимди жарандык сотто кароону талап кылышты.

Сотто президенттин өкүлү катары адвокат Алмаз Осмонова болду. Атамбаев өзү бир канча ирет жиберилген сотко катышуу өтүнүчүнө карабастан, сотко келген жок.

«Бир Дүйнө-Кыргызстан» коомдук бирикмесинин лидери жана укук коргоочу Төлөкан Исмаилова Kloop.kgге курган маегинде соттук арыздан баш тартышат деп күткөнүн айтты.

«Биринчи май райондук сотунан дагы, Бишкектин сотунан дагы биз суроолорубузга так түшүнүктүү жооп ала алган жокпуз. Менин оюмча, бул биздин укук коргоочулардын, Кыргызстандын конституциялык укугун коргоо жана сот системасын реформалоо процессине катышкандыгыбыз. Азиза менен Төлөкан эле эмес — адам укугун жана эркиндигин жогору баалаган баардык өкмөттүк эмес сектор. Албетте, алар башкача чечим чыгарышса, өздөрү ээлеген ордун жоготушмак», — деди ал.

«Кылым Шамы» коомдук уюмунун лидери Азиза Абдирасулова дагы Kloop.kgге соттон башкача чечимди күтпөгөнүн айтты.

«[…] Эгерде башкача иш болсо, Кыргызстанда демократия бар экендигин, адам укуктарын сактап мына бизде ушундай соттук система реформалангандыгын айгинелемек. Ал эми бүгүнкү соттук коллегиянын чечими, соттор кандай болсо, ошондой бойдон көз каранды болуп калганын далилдеп турат. Жана алар башкача чечим чыгара алышпайт. Бул жакта соттордун эки стандарттуулугун көрсөтүп турат. Анткени ушундай эле иш менен журналистке карата сот башкача чечим чыгарып, Атамбаев эки миллион утуп алган», — деди ал.    

Абдирасулованын ою боюнча, бул «текшериле турган иш». Айтымында, алар көзөмөлдөөчү органдарга кайрылып, бул ишти эл аралык укук коргоо уюмдарына чейин жеткиришет.

Тема боюнча:

Алмаз Османова жарандык иш боюнча өткөн соттук отурум залынан соттун чечимин угузгандан кийин комментарий берүүдөн баш тартып, шашыла чыгып кетти.

Абдирасулова менен Исмаилова 8-июнда Биринчи май райондук сотуна «шылдыңдоо жана кадыр баркына шек келтирүү» иши боюнча Атамбаевге каршы соттук арызын жазышкан. Ага президенттин укук коргоочуларды Иван Крыловдун «Квартет» тамсилиндеги каармандарга салыштырганы жана алар алган «гранттарын актап жатышат» деген сөзү себеп болгон.

Президенттин бул сөзү 14-майдагы көп балалуу энелерди «Баатыр эне» орденин салтанаттуу түрдө тапшырып жатканда айтылган.  

Биринчи май райондук соту укук коргоочулардын 16-июндагы соттук арызын бул иш боюнча соттук отурамдан бир нече күн өткөндөн кийин баш тарткан. Андан ары иш жогорку инстанцияга, Бишкек шаардык сотуна өткөрүлгөн.

Тема боюнча: