Big Data: Бекер оку! Түн ичинде программа түз! Көп акча тап!

Скотти Аллен

«Клооптун» хакер-мейкиндиги, бардыгыңарды Big Dataга жана маалымат анализине арналган жолугушууга чакырат. Жолугушууну Googleдун мурунку кызматкери, Кремний өрөнүндөгү жылдыз хакер, ийгиликтүү стартапер Скотти Аллен өткөрөт.

Жолугушуу 12-сентябрь дүйшөмбү күнү саат 17:30дан 19:30га чейин Kloop.kgнин Бишкектеги кеңсесинде өтөт.

Бизди кантип тапса болот?

Жолугушуу аяктаары менен хак-түн башталат, анда силер алган билимиңерди колдоно аласыңар: биз баарыбыз бирге, чынчыл эмес чиновниктерди титиреткен ачык маалыматты чогултабыз.

Ар бир бети ачылган маалымат үчүн (эгер кейс Kloop.kgге жарыяланса) 55 000 (элүү беш миң) сомго чейинки өлчөмдөгү сыйлык ыйгарылат.

Жолугушуу мезгилинде силер:

  • Scrapyнин жардамы менен интернеттин ачык булактардан маалымат чогултканды үйрөнөсүңөр;
  • Big Data деген эмне экенин билесиңер;
  • чогултуу жана анализ жүргүзүү үчүн Big Data шаймандарын качан колдонуу керектигин түшүнөсүңөр (эң башкысы качан аны колдонуунун кереги жок экендигин);
  • журналисттик иликтөө жүргүзүү үчүн алган билимиңерди кантип колдонууну угасыңар, ал үчүн «Клооп» жакшы акча төлөп берүүгө даяр.

Жолугушуу эми жолдун башында болгон жана тажрыйбалуу программистерге, журналисттик иликтөө менен алектенгендерге (алектенгиси келгендерге) кызыктуу болот.

Эгер силер кеңсеге келе албасаңар, кабатыр болбогула — бул бетке түз эфирдик көрсөтүүнү уюштуруп беребиз (көрсөтүүнүн шилтемеси Kloop.kgнин башкы бетинде жана «Фэйсбукта» болот, эң жакшысы бул бетти кыстырмаңызга азыр кошуп коюңуз).

Катышуу үчүн эмне керек:

  • Кандай тилде болсо дагы программалоонун минималдуу тажрыйбасы болуш керек (Python идеалдуу болмок). Эгер силер эч качан программа түзүп көрбөсөңөр, бирок катышууну аябай кааласаңар, дүйшөмбү күнү саат 12де келгиле, Ринат (Kloop.kgнин негиздөөүчүлөрүнүн бири) силерге Python 2нин негиздерин үйрөтөт;   
  • Python 2*, pip, Scrapy орнотулган компьютери (бул жерде шилтеме жана орнотуу жоболору бар). Эгер силер эч нерсе орното албай койсоңор, дүйшөмбү күнү саат 12де келгиле, Иван (Kloop.kgнин системалык администратору) жардам берет;
  • Төмөнкү форманы толтуруш керек.

* – Эгер силер Python 3тү колдонуп жатсаңар дагы, Python 2ни орноткула. Анткени мисалдын баары Python 2 менен көрсөтүлөт, жолугушуу учурунда Python 3кө байланыштуу маселелерди чечүүгө жардам бере албайбыз.   

Бул Big Data and Data Analysisке арналган жолугушуулардын биринчиси. Кийинки жолугушуулар ушундай эле аналитикалык форматта өтөт. Темасы биринчи жолугушуунун жыйынтыгы менен белгилүү болот.

Жолугушуу толугу менен бекер, бирок силерге «Клооптун» хакер-мейкиндигинин керектөөлөрү үчүн акча таштоо сунушталат (бул өз каалооңуз менен кошкон кошумчаңыз, канча акча бере алсаңыз дагы өз эркиңиз).

Эгер силер жегенге, ичкенге бир нерселерди алып келсеңер өтө жакшы болмок, анткени биз тамак-аш бере албайбыз. Хак-түн учурунда бизде эки бөлмө болот (бөлмө жана чоң өтмө кире бериш), бирөө программалоого экичиси отуруш үчүн.

Жазылуу үчүн 12-сентябрга чейин төмөнкү форманы толтуруңуз. Бизге өттүкпү же өтпөдүкпү деп телефон чалуунун кереги жок, жөн эле келе бергиле. Эгер жазылсаңар, анда өттүңөр!

Баардык суроолор боюнча +996 553 14 17 20 телефону аркылуу, же  «Фэйсбуктан» пикир жазып сурагыла (биз жолугушууга чейин комментарийлерди карап турабыз).

Толтуруу үчүн форма (орус тилинде гана):