Q&A: Эмне үчүн Кыргызстанда интернеттин ылдамдыгы басаңдады?

Казакстандын интернет провайдерлери Кыргызстан үчүн интернет-трафиктин баасын 2-3 эсе кымбаттатты, бул интернеттин тарифине да таасир этти. Азыр абоненттер мурункудай эле акчага бир нече эсе ылдамдыгы төмөн интернетти алышат.  

Эмне болуп кетти?

Казакстандык интернет провайдерлер Кыргызстан үчүн интернет трафиктин баасын 2-3 эсе кымбаттатты. Эгер Кыргызстан мурун 1 мбит/секунда үчүн 10-20 $ төлөсө, азыр — 30-50 $ төлөйт.

Азыр эмне болду? Кыргызстанда эми кымбат интернет болобу?

Ооба дагы, жок дагы — кээ бир интернет провайдерлердин тарифи ошол эле бойдон калып жатат, бирок ошол эле сунушталган акчага ылдамдыгы мурункудан аз интернет аласыңар.

Мисалы «Хомлайн» провайдеринин эски тарифи боюнча 1000 сомго айына kg аймагынан тышкары 5тен 15 мбит/секундасына алынчу. 1-сентябрдан  Казакстан тарап кымбаттаткандан баштап 1000 сомго силердин ылдамдыгыңар 4 мбит/секундасына азаят.

Бул дагы кайсы провайдерлерге тийиштүү болду?

Көпчүлүгүнө. «Хомлайн», «Акнет», «МаксЛинк», «Мегалайн», «ФастНет» жана «Сайма Телеком» сентябрдын башынан тарта тарифтерин өзгөртөөрүн билдиришкен. Азырынча баалардын кымбаттолору боло элек — кээ бир провайдерлер тарифти ошол бойдон калтырышып, ылдамдыгын чектешти.

«Кыргызтелекомдун» айтымында, алардын колдонуучулары өзгөрүүгө кабылбайт. «Элкат» жөнөкөй колдонуучуларга баа алмашылбайт, ал эми корпоративдик кардарларга өзгөрөт деген убадасын берген. IP NET бааларды көтөрөбүз, бирок ылдамдыкка тийешеси жок болот деп белгиледи.  

Баалар төмөндөйбү?

Так экени белгисиз. Эгер казак провайдерлери кайрадан Кыргызстан үчүн интернет трафикти мурунку баага сата баштаса же Кыргызстан үчүн трафик Казакстан менен Орусиядан эле келбей, мисалы, Кытайдан дагы келсе, баалар арзандашы мүмкүн.

Мисалы, «Кыргызтелеком» альтернативдик трафиктин келиши үчүн Кытайдын камсыздоочусу «Чайна Телеком» менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү, бул бирок азырынча сүйлөшүүнүн баштапкы баскычы.

Казак провайдерлеринин бааны мурункуга алып келет деген мумкүнчүлүгү бар, бирок белгисиз. Азырынча баалардын жогорулашын Казакстан эч нерсе менен түшүндүргөн жок. Баалардын жогорулашы менен Казакстандын монополияга каршы органы кызыгып, изилдөөнү баштады. Эгер бул орган баанын жогорулашына негиз жок деп тапса, анда баалар төмөндөшү мүмкүн.

Эмне үчүн биз Казакстанга көз карандыбыз, альтернатива барбы?

Кыргызстан колдонгон интернет трафиктин 90 пайызы Орусиядан Казакстан аркылуу келет, аз гана бөлүгү Кытайдан. Ошондой эле орус-казак чек арасында трафик 1 мбит үчүн 35 центтен сатылат, ал эми Казакстан Кыргызстанга аны өзүнүн баасы менен сатат (мбит үчүн 10$ болсо, азыр 30 $).

Кытай трафиги арзан болгону менен сапаты начар, бүтүндөй Кыргызстандын аймагын камтый албайт. Кыргызстан үчүн спутник байланышы кымбат.

Мунун канча адамга тиешеси бар?

Интернет менен Кыргызстандыктардын 79% колдонот, айына 1000ден 3000 сомго чейин акча коротушат.

Internet Societyнин 2015-жылдын ноябрындагы отчёту боюнча, интернетке калктын 20% кошулган, бул 1 миллион адамдан ашат. Калктын жарымы мобилдик 3G интернети менен камсыз болушкан.

Сүрөт: flickr