«Азаттык»: Түркияда дайынсыз жоголгон кыздар

Түркияга кеткен бойдон дайыны чыкпай жаткан эки кыргызстандык кыздын туугандары жардам сурап, “Азаттык” радиосуна кайрылышты.

Макаланын түп нускасы «Азаттык» радиосунун сайтына чыккан. Автору Санжар Эралиев.

Эки үй-бүлө тең сыртта жоголгон кыргызстандыктарды издешеби же жокпу деген түкшүмөл ой менен күч органдарына кайрылыша элек.

Толгонай...

"Азаттыкка" жакынын издеп кайрылгандардын бири Уларкан Капарбек кызы Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунан болот. Анын эжеси, 26 жаштагы Толгонай Калманбетова 2013-жылы Түркиянын Стамбул шаарына иштегени кеткен. Алгач жакындары менен такай байланышып жүрүп, акыркы бир-эки айдын ичинде дайыны чыкпай калган экен:

- Кайда экенин билбейбиз. Жакшы иштеп жүргөнүн айтчу. Бир жарым жылдан бери акча жөнөтпөй калган. Бирок чалып, жазып турчу. Эки ай мурун Кыргызстанга келерин айтып жаткан. Эми дайыны жок.

Толгонай башкалар сыяктуу эле көр тириликтин айынан чет элге жумуш издеп кеткен. Түркиядагы жашоосуна даттанчу эмес. Турмуш куруу максатында Огузхан аттуу адам менен таанышканын айткан. Бирок Толгонайды издеген жакындары ал жигит менен Фейсбуктан байланышкан учурда “менден алыс болгула” деген таризде жооп берген. Эмне кыларын билишпей, ал жигиттин сүрөттөрүн топтоп, жазган билдирүүлөрүн өчүрбөй сактап жүрүшөт. Ошентсе да, милицияга же башка органдарга кат жазыша элек. Укуктук кеңеш сурап деле эч кимге кайрылышпаптыр:

- Милицияга кайрылган жокпуз. Биздин күч органдары Түркияда дайыны чыкпай жаткан жарандарыбызды да издеп табышы мүмкүнбү? - деп суроо салган Уларкан үмүттүн баарын журналисттерге артып жаткан кези. Эжеси жаман адамдардын колунда кордолуп жүргөн болушу ыктымал деген ой аны тынчсыздандырууда.

Ханзаада...

Сузак районунун Барпы айылынын тургуну Бектур Жолдошбаевдин кызы, 21 жаштагы Ханзаада Бектурова да быйыл жазында Анталияга кеткен бойдон дайынсыз.

- Кызым 7-майда үйдөн кеткен. Анталия шаарынан байланышкан. Кийин бир аз ооруп калганын айткан бойдон дайынсыз.

Изделип жаткан Ханзааданын бир майып баласы бар. Ал турмушу болбой, чүрпөсүн багуу максатында интернеттеги тааныштарынын сөзү менен Түркияга жөнөгөн. Кыргызстандан дайындуу иш таба албагандыктан, баласын таштап алыска кетишине үйүндөгүлөр да макул болушкан экен.

- Баргандан кийин мага 200 доллар жиберип, “балама бир нерсе алып бериңиз” деп дайындады. Уулу жакында үчкө чыгат. Бирок баспайт.

Бектур кызын бирөөлөр алдап, пайдаланып жүргөн болушу ыктымал деген ойдо. Анткени, ал жакта кулчулукка кабылып, сойкулукка мажбурлангандар тууралуу укканы бар.

Түркиядан келген жаман кабар

Түркияда адам өлтүрүүгө шектелип кармалган Ханзаада аттуу кыргыз кызы тууралуу мындан бир айча мурун түрк басылмалары жазып чыгышкан. Habertürk агенттиги келин кулчулукка кабылганын, өзү менен чогуу жашаган түрк жараны мас болуп, аны сабаганда ызасына чыдабай, жоолугу менен муунтуп өлтүргөнүн кабарлаган. Бул окуя боюнча Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги иштеп, Ханзаадага укуктук жардам берилип жатканы расмий маалымдалган.

Бирок үмүткөр ата эч кандай расмий билдирүү келбегендиктен, бул кабарга ишенгиси келбей жүрөт. Бектур Жолдошбаев жардам сурап, Тышкы иштер министрлигинин Оштогу бөлүмүнө кайрылган:

- Азырынча тийиштүү жооп ала элекмин. Жакында Тышкы иштер министрлиги кулчулук маселесин караган жыйын өткөрүп, 15-16 адамдын тагдыры талкууланарын айтышты. Анын арасында менин кызымдын аты-жөнү да бар экен...

Укуктук сабаттын чабалдыгы...

Түркияга Кыргызстандан иштегени барган эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгү - кыз-келиндер. Көбүнчө Стамбул, Анкара жана Анталия сыяктуу ири шаарларда үй кызматтарында иштешет. Арасында расмий келишим түзүп, мыйзамдуу жүргөндөрү аз. Маалыматтарга караганда, көпчүлүгү бул өлкөгө турист катары келип, калып калышат.

3-августка караган түнү Түркияда кордук көргөн дагы бир кыргызстандык Гүлайым Чолпонбаева өтө оор абалда ооруканага түшкөн. Аны өзү менен чогуу жашаган Шенол аттуу киши бычактаган деп шектелип кармалган.

Түркиялык изилдөөчүлөрдүн баамында, тил билбестен, жумуш берген мекемени изилдебестен келгендер кыйын абалга туш болгон фактылар арбын. Өзгөчө кыз-келиндердин сойкулукка зордоп иштетилгендиги тууралуу маалыматтар түрк басылмаларында байма-бай жазылып турат.

Оштогу “Ак жүрөк” кризистик борборунун башчысы Дарика Асылбекова мындай маселелерди азайтуунун натыйжалуу ыкмасы - адистер айыл өкмөттөрдү кыдырып, элдин укуктук маалыматын өстүрүшү керектигин белгилейт:

- Бул үчүн атайын адистик ачуунун кереги жок. Айыл өкмөттөрдө же башка жергиликтүү бийликтерде элдин социалдык жашоосу тууралуу маалыматтар бар. Ошону топтогондор эл кыдырганда түшүндүрүү иштерин кошо жүргүзсө, маселе аз болсо да чечилмек.

Расмий маалыматтырга ылайык, жоголгон же кулчулукка кабылгандардын басымдуу бөлүгүн аялдар түзөт. Эң көбү 2013-жылы катталып, 600дөн ашуун кызга издөө жарыяланган. Дайыны чыкпай калган кыз-келиндердин жарымы чет элде сексуалдык кулчулукта жүргөнү аныкталган. Андан берки көрсөткүчтө деле өтө чоң өзгөрүү жок. Бирок мекенине келгенден кийин кыз-келиндер менталитетке байланыштуу милицияга арыз жазышпайт.