Сүннөт, кыздар жана эмиграция. Кыргызстандыктар чет өлкөлүктөрдөн көбүнчө эмнелерди сурашат?

Кыргызстандыктар көбүнчө чет өлкөлүктөрдүн эмнесине кызыгышат? Kloop.kg Кыргызстанга келген саякатчылардан сурамжылоо жүргүзүп, жергиликтүү эл эмне жөнүндө көп сурашаарын аныктады.

Kloop.kg редакциясы Кыргызстандын аймагында жөө же автостоп менен саякаттап жүргөн жети туристтен жергиликтүү эл алардан көбүнесе эмне жөнүндө сурашаарын билип көрдү.

Үйлөнгөнсүңбү/турмушка чыккансыңбы?

Даниэл, Швейцария:

«Бул “Сен каяктан болосуң?” жана “Канча жаштасың?” дегенден кийинки үчүнчү суроо. Эгер жок деп жооп берсең, курагыма карап “дагы эле үйлөнө элексиңби?” деп таң калышат».

dsc00037

Эмне үчүн үйлөнө элексиң?

Денис, Германия:

«Эгер сен эркек болуп, Кыргызстанда иштесең, “үйлөнүү базарында” мүмкүнчүлүгүң абдан жогору болот. Мисалы, мага көп адамдардын кыздарына үйлөнүү тууралуу сунуштар болгон. Эгер мен 28 жашта экенимди билип калышса, анда алар  бул куракта эбак үйлөнүп, алты баланын атасы болуп калгандыктарын айтышат. Ошондуктан, мага да тезинен үйлөнүүнү сунушташат».

Сүннөткө отурдуң беле?

Равиль, Орусия:

«Кеп улут жана туткан диниң тууралуу суроодон башталат. Мен башкирмин десем, менин диний ишенимим жана сүннөт болгондугум жөнүндө сурашат. Кыргызстанда сүйлөшкөн адамдардын 80 пайызы сүннөт тууралуу сурашкан».

img_4560

Кымыз кандай экен?

Юлия жана Павел, Украина:

«Бул суроо — капкандай. Сага жакса да, жакпаса да күлүп турушат. Эгер “ооба” деп жооп берсең, ыраазы болуп калышат, эгер “жок” десең камкорсунуп турушат».

Сага кыргыз кыздары жагабы?

Жон, АКШ:

«Эркек саякатчылардын катарында болгондугум үчүн мага да ушул суроону көп беришет. Мен бул суроого жооп берүүдөн качып калам, анткени анын артынан жеке суроолор бериле баштайт: “кыргыз кызы менен жолуктуңбу?” же “жолугууну каалайсыңбы?»

img_5225

Жалгыз саякаттаган коркунучтуу эмеспи?

Анна, Орусия:

«Мен кайсыл жерде түнөп жатканым жөнүндөгү суроо (жооп: чатырда) жана жалгыз коркунучтуу эмеспи деп айраң таң болушат. Кээде, “Суук эмеспи?” деп сурашат. Андан соң, “Мени жаныңа алып алсаң, жылытып турам” деп тамашалап калышат».

Сен америкалыксыңбы?

Денис, Германия:

«Кыска баарлашуулар дайыма такси айдоочулары менен болот. Бишкектин такси айдоочулары жүргүнчүлөрдү үч категорияга бөлүшөт: Жергиликтүүлөр, орусиялыктар жана америкалыктар. Эгер сен жергиликтүүгө окшобосоң, орусча жакшы сүйлөй албасаң, анда сен америкалыксың. Жол бою мен америкалык эмесмин деп айдоочуга далилдеп барасың. Айдоочуну немис экендигиңе ишендиргенден кийин, жолдун калганын немис машиналары жөнүндө сүйлөшүп улантасың».

img_5263

Ысык-Көлдө болдуң беле?

Анна, Орусия:

«Эң көп берилчү суроо болушу керек. Ысык-Көлдө болдуңбу? Андан ары айдоочу өзүнүн жакшы көргөн жерлери жөнүндө да сөзсүз сурайт».

Силерге кантип барса болот?

Жон, АКШ:

«Менден көбүнчө АКШга кантип виза жасаса болоору жөнүндө сурашат. Кымбатпы, ал жакта жашаган кыйынбы, канча акча керектелет, билеттер канча турат дегендей. Мен бул суроолорго жооп берүүдөн кыйналам. Себеби, Кыргызстандын жараны АКШга визаны кантип жасаарын билбейм. Кыргызстанда адамдар батыш өлкөлөрүнө барууга абдан кызыгышат».