Аткарылбаган убадалар үчүн жазалоо. Депутаттар эмне дешет?

Оштун активисттери парламентарийлерди убадаларын орундатпаганы үчүн жазалоону сунуштады. Kloop.kg бул сунуш боюнча депутаттардын оюн угуп көрдү.

Оштун жарандык активисттери шайлоочулардын ишеничин актабаган депутаттарды жумуштан четтетүүнү сунушташты. Депутаттык мандатты чакырып алуу жобосунун жок экенин угушуп, демилгенин авторлорунун бири Гүлгаакы Мамасалиева кыргызстандыктардын бул маселе боюнча ойлору кандай экенин билип көрүү үчүн референдум өткөрүү ниетинде.

«Жогорку Кеңештин депутаттары ант берип, мандатын алып жатканда мыйзамдуулукту сактайбыз деп ант берген. Алар азыр референдум өткөрөбүз деп Баш мыйзамды ишке киргизүү тууралуу мыйзамды бузуп жатышат. Демек, булар антынан тайды. Ошондуктан, депутаттардын мандатын чакыртып алуу тууралуу маселени көтөргөнбүз», — деп Мамасалиевага шилтеме кылат «Азаттык».

Kloop.kgнин редакциясына 35 депутат менен телефон аркылуу байланышууга мүмкүн болду. Активисттердин идеясы боюнча айрым эл өкүлдөрү ой-пикирлерин билдирүүгө макул болушту.

Депутаттар эмне деп жооп беришти?

1aynakulov

Мухтарбек Айнакулов, КСДП

Депутаттар чечпеген чоң маселелер болот. Түздөн-түз ага тийиштүү болгон маселелерди ал өзү чечиши керек. Убада берген болсо, анда туура эле талап кылып жатышат. Эгерде иштебесе, андай депутаттын кимге кереги бар?

Анвар Артыков, КСДП

Бул мыйзамдуу болбой калат, албетте. Мыйзамда мындай эреже жок. Бирок кандайдыр бир моралдык таасири болушу мүмкүн. Негизи, батыш маданиятында эгерде шайлоочулар депутаттарга нааразы болсо, анда депутаттар өздөрү кетип калышат. Өзү калп айтпай, реалдуу убадаларды берүүгө көндүрүш керек. Мен ушуга макулмун. Бирок ошол эле убакта механизмдер жок.

2jakupova

Чолпон Жакупова, «Бир Бол»

Эгер мен жүз жолу буга макул болсом да, мыйзам боюнча депутаттарды чакыртып алуу процедурасына жол берилбейт. Мен кыжырланууларды түшүнүп турам, негиздүү экенине макулмун, бирок, тилекке каршы, азыркы Баш мыйзам боюнча депутаттарды чакыртып алууга мүмкүн эмес. Ошондуктан бул мыйзамга каршы келгендиктен мен бул демилгени колдой албайм, мен мыйзам тарабындамын.

3jeenchoroev

Мирлан Жеенчороев, «Республика — Ата-Журт»

Активисттердин демилгеси — бул алардын жарандык позициясы. Менин оюмча, жарандар кимге добуш берсе, ошол депутаттардан сурашы зарыл. Бирок ал жерде өзүнчө депутаттар эмес, партиялык программа бар. Адамдар партиялык тизме боюнча добуш беришет. Адамдардын кийинки шайлоолордо тигил же бул убадасын аткарбай койгон партияны шайлабай коюу мүмкүнчүлүгү бар. Бир депутатты чакыртып алуу мыйзамда каралган эмес.

4ikramov

Тазабек Икрамов, «Өнүгүү-Прогресс»

Алар муну кантип чечээрин билбейм. Биз баары чечип, сөз бере албайбыз. Өкмөт иштеп жатат да. Кээде бизден эч нерсе көз каранды болбой калат. Биз мыйзам эле чыгарабыз да. Мандаттан ажыратуу — туура эмес. Биз убада бергенбиз. Бирок учурда бир нерсе кылуу кыйын.

Махабат Мавлянова, «Республика — Ата-Журт»

Бир жагынан бул туура. Алар кандайдыр бир сөз бергендерге добуш берген, бирок бул партиялардын программасы болгон. Эл эмнеге аткаруу бийлигинен жоопкерчиликтүү болууну талап кылбайт? Стратегиялык программаларды аткаруу — аткаруу бийлигинин, министрлердин, райондук администрациялардын, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдарынын колунда. Мен активисттердин ою туура деп эсептейм, бирок дагы бир жагынан жогоруда мен айтып кеткен факттарды да эске алыш керек. Ошондуктан баарына макул эмесмин.

5ismailova

Аида Исмаилова, «Республика — Ата-Журт»

Биринчиден, мыйзам боюнча эч кимдин акысы жок, депутаттардын мандаты императивдик эмес. Андан соң, чакыртып алуу механизмдери жок. Үч-төрт фракциянын талапкерлери шайлоо болуп жатканда тамды оңдоп беребиз деп сөз берип, бирок аны эч ким оңдогон жок дейли. Анда бүт парламент чакыртып алынабы. Ошондуктан бул жерде эч кандай механизмдер жок. Жөн гана депутаттар өз райондорунда иштеши боюнча иш алып барыш керек. Азыр элибиз кимдин ким экенин билет. Жакшы түшүнүп турат. Азыр кимдир бирөө убадасын аткарбай койсо, анда кийинки шайлоолордо эл ага добушун бербейт.

Айтмамат Назаров, «Кыргызстан»

Муну алар [активисттер] чечпейт. Бул туура эмес.

samaev

Урматбек Самаев, «Кыргызстан»

А эмне, биз убада бериптирбизби?

Нургазы Нишанов, «Республика — Ата-Журт»

Жагдайга жараша. Балким партиялар убада берген болушу мүмкүн. Может быть, партии давали обещания. Укмуштуу нерселерди эмес, аткарганга күчү жеткен убадаларды бериш керек.

Сүрөт: Sputnik, АКИpress, K-News