Билим берүү министрлиги: Окуу китебиндеги Атамбаевдин сүрөтүн басмакана өз алдынча кошуп койгон

5-класстын кыргыз тили окуу китебинде президент Атамбаевдин сүрөтү пайда болду. Билим берүү министрлиги бул басмакананын катачылыгы экендигин айтып чыкты.

Билим берүү министрлиги окуу китебиндеги өлкө башчынын сүрөтү «Инсанат» басмаканасынын демилгеси экендигин Kloop.kgге билдирди.

Бул көрүнүш коомдук тармактын колдонуучулары тарабынан түрдүү кайчы пикирлерди жаратып, «бир кишиге табынуучулук» катары баа берилүүдө.

Билим берүү министрлигинин окуу китептери боюнча адиси Чынара Курбанова Kloop.kgге билдиргендей, кыргыз тили китебине Атамбаевдин сүрөтүн чыгаруу боюнча басмакана менен министрликтин ортосунда эч кандай сүйлөшүү болгон эмес.

«Атамбаевдин иллюстрациясынын окуу китебинде чыгышы жөнүндө басмакана жана сүрөтчүлөргө кайрылгыла. Президенттин сүрөтү менен кошо текстте да аты аталып жаткандыгы басмакананын өз алдынча кылган иши», — деди ал.

Анын айтуусунда, окуу китебин басып чыгарууга Билим берүү министрлиги буюртма берген. Басып чыгаруу алдынан текшерилген, бирок Атамбаев жөнүндө кеп болгон эмес.

Ал эми «Инсанат» басмаканасы окуу китептеринин баары Билим берүү министрлиги тарабынан тастыкталган. Басмакана Kloop.kgнин калган суроолорун директордун жоктугуна шылтап, жоопсуз калтырды.

Окуу китебинин үчүнчү бетинде Алмазбек Атамбаев балдардын курчоосунда турат. Муну иллюстратор А. Абдылдаев тарткан (китепте ушундай берилет).

Сүрөттүн астында кыргыз тилинде жазылган чакан текст бар:

«Президент балдар арасында. [...] Өлкө Президенти А. Ш. Атамбаев бул күнү мектепке барып, билим күнүн мектеп окуучулары менен бирге белгиледи. Биздин өлкөнүн келечеги жаштарда экендигин, андыктан жаштар терең билим алууга милдеттүү экендигин баса белгиледи».

klp_9734
Окуу китептин тиражы 30 миң нускадан ашат. Китеп эркин сатыкта.

Окуу китептеги Атамбаевдин сүрөтү жөнүндө коомдук тармактардын колдонуучулары эмне деди?

Блоггер Данияр Айтман 7-сентябрь күнү «Фэйсбук» барагына окуу китептеги президенттин сүрөтүн коюп, чын эле Атамбаевби деген суроолуу кайрылуу жазган.

«5-класстын кыргыз тили боюнча окуу китебинде президенттин сүрөтү тартылып турат деп твиттерде жазылып жүрөт. Чын элеби? Эгер мынчалык кайгылуу болбосо, анда абдан күлкүлүү болмок…» — деп жазат ал.

Ал эми интернет колдонуучу Назгуль Флор бул аракетти
«бир кишиге табынуучулук» катары баалаган. «Окуу китебин түзүүчүлөр кошоматчылыктын туу чокусуна жетишкен, тарыхты билишпейби? Эмне үчүн табынуучулукка барууда?» — дейт ал.

Көпчүлүк бул окуядан президенттин кабары жок болсо керек деген күмөн ойлорун жазышкан. Колдонуучу Нурлан Азимбаев президенттин сүрөтү окуу китебине чыгарылганы тууралуу Атамбаев билбесе керек деп айтат.

«Окуу китебин түзүүчүлөр абдан аракет кылышкан. Менин оюмча бул көрүнүштөн президенттин кабары жок болушу керек», — деп жазат ал.

Соавтор: Айдана Канатбек