Паралимпиада-2016: Базаркулов найза ыргытуу боюнча акыркы орунду алып калды

Кыргыз жеңил атлети Арстанбек Базаркулов найза ыргытуу боюнча 9-орунду алды. Ал таяныч-кыймылдаткыч аппараты бузулган спортчулардын категориясында күч сынышты.

Кыргыз спортчусунун үч аракетинин мыкты көрсөткүчү 13,84 метр болду.

Таяныч-кыймылдаткыч аппараты бузулган спортчулардын F-34 категориясында тогуз атлет мелдешти.

Эрежелерге ылайык, эгерде мелдеште катышуучулардын саны сегизден ашса, анда биринчи айлампада үч мүмкүнчүлүк берилет. Анын натыйжасы менен кийинки баскычка сегиз спортчу өтөт.

Кийин сегиз спортчунун үч жолку аракетинин натыйжасы менен жеңүүчүнү аныкташат. Алты ыргытууда ким мыкты натыйжа көрсөтсө ошол жеңүүчү болот.

Кийинки айлампага өтүш үчүн Базаркулов жок дегенде биринчи баскыча сегизинчи орунду алышы керек болчу. Бирок анын жыйынтыгы менне баскычка өтүүгө мүмкүн болгон жок.

Алтын медалды колумбиялык Валенсия Маурисио (36,65 метр) алды, күмүштү Кытайдан Ванг Янчжан (34,15), а колону индиялык Каеди Мохсен (33,42) багынтты.

Жеңил атлет Арстанбек Базаркулов — Риодогу Паралимпиадалык оюндарда Кыргызстандын атынан күч сынашкан акыркы спортчу.