Жулиан Ассанж АКШ бийлигине багынып берүүгө даяр

Эгерде Барак Обама Челси Мэннигдин күнөөсүн кечирсе, Жулиан Ассанж Кошмо Штаттардын бийлигине багынып берүүгө сөз берди. Мэннинг Пентагондун купуя документтерин уурдагандыкка айыпталууда.

WikiLeaks ресурсунун негиздөөчүсү Жулиан Ассанж Челси Мэннигге кечирим көрсөтүлсө, АКШнын бийлигине багынууга убада берди. Бул билдирүүгө өзүнүн жактоочусунун катын тиркеген. Жактоочусу Кошмо Штаттардын башкы прокурорунан Ассанждын ишин иликтөө боюнча маалымат берүүсүн өтүнүүдө.

Ак үй менен АКШнын башкы прокуратурасы бул тууралуу азырынча расмий билдирүү тарата элек. Ассанждын сунушу жакында кечирим сурап кайрылган Эдвард Сноудендин өтүнүчүнүн артынан болууда. Эки учурда тең Обаманын 2017-жылдын январына чейин кечирүүгө убакыты бар. Барак Обама бул мөөнөткө чейин президенттик кызматты аркалайт.

Ошондой эле WikiLeaks Ассанждын психологиялык текшерүүсүн жарыялады. Анда эгерде Ассанж мындай шарттарда жашоону уланта берсе, анда анын психикалык ден-соолугу коркунуч астында экени жазылган.

Ассанж билдирүү тараткандан бир күн өткөндөн кийин Швециянын соту WikiLeaksтин негиздөөчүсүнө өкүм чыгарган. Ал сексуалдык зомбулук көрсөткөндүктө шектелүүдө, бирок Ассанж Швециянын бийлигин анын камакка алынышы боюнча буйругун жокко чыгаруусун өтүнгөн. Сот анын өтүнүчүн кабыл алуудан баш тарткан.

Жулиан Ассанж айыптоолорду Швеция аны АКШга эктрадиция кылганга мүмкүнчүлүк берген негизсиз амал деп эсептейт. Ассанж жашырынып олтурган Эквадор элчилигинин өкүлдөрү билдиргендей, ал швед тергөөчүлөнүнүн суроолоруна жооп берүүгө даяр.

Челси Мэннинг — америка армиясынын мурдагы аскер кызматкери. Ал 2010-жылы WikiLeaksке америка тик учактары менен Иракта адамдардын атылганы жазылып алынган видеону жана башка купуя документтерди өткөрүп берген. Кийинчерээк видео жарыяланган соң Мэннинг камакка алынган.

Мэннинг 22 айыптоонун 22сы боюнча күнөөлүү деп табылган. Ага 35 жыл абак жазасы берилген. Ушул жылдын июлунда Мэннинг, ЖМКлар кабарлагандай, өзүн-өзү өлтүрүүгө аракет кылганына байланыштуу ооруканага жаткырылган.

Жулиан Ассанж — WikiLeaks ресурсунун негиздөөчүсү. Ресурста ар кайсы убакта Афганистан, Ирак жана Сириядагы жаңжалдар боюнча купуя материалдар жарыяланган. Документтердин көпчүлүк бөлүгү америка өкмөтү менен байланыштуу болгон.

Швециянын бийлиги 2010-жылы Ассанжды камакка алуу буйругун чыгарып, ошол учурда Лондондо жашап жаткан WikiLeaksтин негиздөөчүсүнө британ соту 2011-жылы экстрадиция чечимин чыгарып берген.

Бир жылдан кийин Ассанж Улуу Британиядагы Эквадордун элчилигинде саясий башпаанек алып, ошондон бери элчиликте жашоодо.

Жулиан Ассанжга каршы АКШ тараптан бир да кине коюла элек.

Булактар: CNN, Guardian.