Ислам Мамлекетинин мурдагы туткуну БУУнун ыктыярдуу элчиси болуп дайындалды. Ал ким?

17 December 2015 - Nadia, a young Iraqi Yazidi who was abducted into slavery by members of ISIS, traveled to the US to give interviews and testify at the UN. She is living in Germany. What remains of her family are living in refugee camps.

Надия Мурад Бази Таха Ислам Мамлекетинин туткунунда көп азаптарды баштан кечирди. Ал эми БУУнун ыктыярдуу элчиси. Надия БУУда кулчулукту баштан кечирген адамдардын кадыр-баркы боюнча иш алып барат.

Надия Мурад Бази Таханын БУУнун ыктыярдуу элчиси болуп дайындалганын Time журналы билдирген.

Ислам Мамлекетинин туткунунан бошогондон кийин, Надия кулчулукта калган миңдеген аялдарды бошотуу менен алектенген. Ал дүйнө бойлой лекциялар окуп, мамлекет башчылары менен жолугушуп, кулчулук базарындагы кырдаал тууралуу маалыматтарды берген. БУУнун элчиси кызматында 23 жаштагы езид кызы адам сатуу маселеси менен шугулданат.

Өзүнүн сиңирген эмгеги үчүн Надия Мурад Бази Таха 2016-жылдын апрель айында Time журналы аныктаган дүйнөнүн 100 таасирдүү адамдарынын катарына кирген.

Надия Мурад Бази Таха Ислам Мамлекетинин туткунуна 2014-жылы түшкөн. Анда Ислам Мамлекети Сиджарда күрддөрдүн аймагына басып киришкен. Езид кызы сексуалдык кулчулукка кабылып, жүздөгөн өлүмгө күбө болгон. Аны кул катары колдон-колго сатышкан.

Сиджарда 5 миңдей езиддер кырылган, тирүү калган 50 миңдейи тоолордо из жашырган. БУУ Ислам Мамлекетин Сирия жана Ирак аймактарында жашаган күрд — езиддерди геноцид кылууда айыптаган.

Ислам Мамлекети - бир катар өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да экстремисттик уюм катары таанылган. Ислам Мамлекети Сирия менен Ирактын аймагында «халифат түзүү» максаты менен согуштук аракеттерин жүргүзүп келет. Бул уюм өзүнүн душмандарына карата болгон ырайымсыздыгы менен таанымал.    

Надия Мурад жана анын Софико Шеварнадзеге берген маеги

Сүрөт: Kirsten Luce/TIME