Атамбаев «жүрөк оорусунан» улам АКШга барбай калды

Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев «жүрөк оорусунан улам» Нью-Йорктогу БУУнун Башкы ассамблеясынын 71-сессиясына катыша албайт, деп билдирди өлкө башчысынын басма сөз кызматы.

Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, Атамбаев Бишкектен Нью-Йоркко бараткан жолдо өзүн жаман сезип, АКШга болгон сапарды токтотуу чечими кабыл алынган. Президенттин учагы Стамбулдун аба майданына конуп, ага биринчи медициналык текшерүү жүргүзүлгөн.

Дарыгерлер Атамбаевде «жүрөк оорусунун симптомун» аныкташканын билдирди басма сөз кызматы.

«Врачтар аныкташкандай, көкүрөгү ооруп жатканын айткан өлкө башчысы тез арада тереңдетилген медициналык текшерүүдөн өтүшү зарыл. […] Президент Алмазбек Атамбаев медициналык текшерүүдөн өтүп, бир канча убакыт дарыгерлердин көзөмөлүндө болмокчу», — деп кабарлайт басма сөз кызматы.

Атамбаевдин ордуна Кыргызстандын делагациясын БУУда тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев жетектейт.

Бул Кыргызстандын президенти Атамбаевдин БУУга болгон биринчи иш сапары болуп калмак.

Нью-Йоркто өлкө башчысы БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мун, Ачык коом институтунун негиздөөчүсү Жорж Сорос жана ПРООНдун администратору Хелен Кларк менен жолугушуусу керек эле.