Саясаттын көз карашындагы оору кагазы. Атамбаев эмне үчүн кокустан ооруп калды?

Президент Алмазбек Атамбаев 19-сентябрь күнү Нью-Йоркко  болгон иш-сапарын токтоткон. Расмий билдирүү боюнча, буга президенттин ооруп калган жүрөгү себеп болгон. Кээ бир саясат таануучулар Атамбаевдин кокустан ооруп калышы тууралуу өздөрүнүн версиясын айтып чыгышты.

Аркадий Дубнов
Аркадий Дубнов

Обочолонуу

Орто Азия боюнча россиялык эксперт Аркадий Дубновдун пикиринде, Атамбаевдин кокустан ооруп калышы, мурдагы кесиптештери менен болуп жаткан тирешүүлөрдөн обочолонуу менен түшүндүрүлөт деп жазат «Газета.ru» басылмасы.

«Менин көз карашымда, бул «дипломатиялык» оору. […] Азыр анын өлкөсүндө болуп жаткан кырдаалга байланыштуу, ал публикадан обочолонуусу керек болчу. Убактылуу өкмөттүн мурдагы мүчөлөрү, Роза Отунбаева менен каршылашууга чекит коюу максатында да болушу ыктымал. Президент үчүн БУУнун Генассамблеясына баратып, Түркияга түшүп, тез жардам уюштуруу татаал деле болбосо керек», — деди ал.

Экс-президент Роза Отунбаева Атамбаев колдоп жаткан Конституциядагы өзгөртүүлөргө каршы чыкты. Ал дагы БУУнун Генассамблеясына катышуу үчүн Нью-Йоркко кеткен болчу.

Шерадил Бактыгулов
Шерадил Бактыгулов

Атамбаев чын эле ооруп жатат

Саясат таануучу Шерадил Бактыгулов Атамбаев чын эле ооруп калган деген оюн билдирди. Президенттин ден соолугунун начарлашына акыркы учурдагы өлкөдө түзүлгөн кырдаалдын оор жүгү себеп болгонун Kloop.kgге берген интервьюсунда белгилейт. Азыркы оппоненттер менен болуп жаткан каршылашууларды анын организми көтөрө алган жок.

«"Идеалдуу бороон" деген термин бар — бул бир убакта бир канча жүктүн бир адамга артылуусу. Мааракелик саммит, туулган күн, Нью-Йоркко учуу — бул физикалык жактан абдан оор, кандай болгон күндө да президент 60 жашта. Эгер мунун баарын эске алып караганда, жүрөгү ооруп калышы толук мүмкүн», — деди Бактыгулов.

Анын айтуусунда, Атамбаевге «обочолонуунун» кажети жок, анткени Роза Отунбаева менен ал мурдатан тирешип келет. Атамбаев Бакиевдин учурунда премьер-министр болуп турган жана Өмүрбек Текебаев анын дарегине көптөгөн жагымсыз сөздөрдү айткан.

Медет Төлөгөнов
Медет Төлөгөнов

Саясат таануучу Медет Төлөгөнов болсо, 60 жашта адамдын ден соолугу менен көйгөй болушу мүмкүн деген пикирин айтат.

«Өзү, Отунбаеванын Генассамблеяга баратканын президент жана анын айланасындагылары билишкен. Учакта баратканда гана ооруп калганы бир аз бүдөмүк болууда. Анын үстүнө, Атамбаевди түрк дарыгерлери карашты. Оорумуш болуп калуу да татаал иш», — деди Төлөгөнов Kloop.kgге берген интервьюсунда.

Оору — «пайдалуу пауза»

Саясат таануучу Игорь Шестаковдун пикиринде, президент үчүн кээ бир мааниде мындай «алсыздыкты көрсөтүү» пайдалуу.

Игорь Шестаков
Игорь Шестаков

«Текебаевдин акыркы учурдагы президентке каршы жасап жаткан иш-аракеттери жана коалициялар менен болуп жаткан курч кырдаалды эске алганда, президентке жана анын партиясына мындай көрүнүш пайда гана алып келет деп эсептейм», — деди ал Kloop.kgге берген интервьюсунда.

Шестаков, КМШнын саммитин уюштуруу жана өлкөдө болуп жаткан башка кырдаалдар президенттин ден соолугуна терс таасирин бериши мүмкүн экендигин айтат.

«Президенттин ден соолугуна байланыштуу пауза коалициянын [президенттин мамилеси менен] тактикасына байланыштуу. Себеби, КСДП кыйын кырдаалда калды. Азыр анын каршылаштары гана бар, бирок колдоочулары көрүнбөй жатат», — деп белгиледи ал.

Саясат таануучу бул пауза президент үчүн керек деп айтат. Шестаков ден соолук биринчи орунда экендигин да кошумчалады.

«Өлкөдө курч кырдаал түзүлүп турганда, ден соолуктун начарлашын жарыялоо президентке упай бербейт. Бул президенттик орунга ат салышчулардын санын көбөйтөт», — деди ал.