УКМК: Бишкекте сапёрлор эки жарылуучу затты зыянсыздандырды

Ганди жана Биринчи Май көчөлөрүнүн кесилишинен 20-сентябрь күнү кечинде УКМКнын ыкчам тобу эки жарылуучу затты зыянсыздандырды. Шектүү кара баштчыктар тууралуу жергиликтүү тургундары кабар берген.

УКМКнын басма сөз кызматы билдиргендей, 20-сентябрь күнү кечки саат 21:30дар чамасында, Ганди жана Биринчи Май көчөлөрүнүн кесилишиндеги эки шектүү кара баштык тургандыгы тууралуу маалымат 102 номуруна келип түшкөн.

УКМКнын расмий өкүлү Рахат Сулайманов Kloop.kgге сапёрлор маалымат түшөөр замат жетип барышканын билдирди. Коопсуздук максатында, кызматкерлер жакындыктагы тургундарды эвакуациялап, аймакты курчоого алышкан.

«Биздин кызматкерлер дүкөндүн жанынан эки колго жасалган жарылуучу затты табышкан. Сапёрлор дароо зыянсыздандырышты. Жабыркагандар жок», — деди ал.

Басма сөз кызматынын билдиришинче, жарылуучу заттарды зыянсыздандырууда сапёрлор суу пушкасын колдонушкан.

УКМК ыкчам-иликтөө иштерин улантат жана жарылуучу техникалык экспертиза өткөрөт.

Сүрөт иллюстративдик