Атамбаев дарылануусун улантуу үчүн Стамбулдан Москвага келди

Президент Алмазбек Атамбаев дарылануусун улантуу үчүн Москванын Борбордук клиникалык ооруканасына келди. Буга чейин президент үч күн бою Түркиядагы дарыгерлердин көзөмөлүндө болчу.

Атамбаев орусиялык адистердин сунушу менен дарыланууну улантуу үчүн Москвага келди. Бул тууралуу президент аппаратынын маалымат бөлүмү билдирет.

Кыргызстандын президенти Орусия президентинин алдындагы Башкармалыктын Борбордук клиникалык ооруканасында дарыланууда. Аны «жүрөк оорусун» текшерген дарыгерлер карап жатышат.

Президенттин жана өкмөттүн алдындагы башкармалыктын клиникалык ооруканасынын башчысынын орун басары Гүлмира Баитова да Москвага учуп келди.

Атамбаев 19-сентябрь күнү, Бишкектен Нью-Йоркко учуп баратканда, Стамбулда өзүн начар сезип баштаган. Дарыгерлер президент тез арада терендетилген медициналык жардам алуусу керектигин айтышкан.

Эртеси күнү эле президент кыска мөөнөттүү, 1-октябрга чейин эмгек өргүүсүнө чыккан. Ал Түркияда үч күн болду.

Президенттин аппараты кабарлагандай, Атамбаев жашаган мейманкананын кызматы үчүн өз чөнтөгүнөн төлөгөн.

«Биз президенттин кайсыл мейманканада экендигин айта албайбыз, бирок ал эс алууда жана мейманкана акысын өзү төлөп жатат», — деп билдирген «Спутник» маалымат агенттигине президенттин аппараты.   

Президент 19-сентябрь күнү БУУга өзүнүн алгачкы иш сапары менен бараткан. Нью-Йорктогу 71-чи Генассамблеяда сөз сүйлөмөк.

Атамбаевдин ордуна БУУда Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев кыргыз делегациясын жетектеген.