Текебаев журналисттерди жеке мүлктөрү менен тааныштырууга чакырды

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев үй-бүлөсүнүн байлыктарын көрсөтүүгө даяр экенин айтты. Ал бир канча үйү жана мини-ГЭСи бар экенин жашырган жок. Буга чейин ЖМКда жана социалдык тармактарда анын аялы экөөнүн байлыгы тууралуу маалымат таралган.

Текебаев бир канча үйлөрү бар экенин айтып, журналисттер үчүн өз каражатына мини-тур уюштурууну сунуштады. Ал «чыныгы эмгек менен тапкан» мүлкүн көрсөтүүнү айткан. Бул тууралуу «Ата Мекен» мүчөлөрүнүн аба майданына болгон иш сапарында, 23-сентябрь күнү билдирди.

«Эгер кимдир-бирөөнү менин мүлкүм кызыктырып жаткан болсо, төмөндө айткан даректер боюнча өз каражатымдан экскурсия уюштуруп берейин. Чычкан капчыгайына — бүгүнкү күнгө чейин иштеп жаткан гидростанция менен таанышасыздар», — деди ал.

«Фэйсбук» социалдык баракчасында 21-сентябрь күнү Өмүрбек Текебаевдин жубайы Айгүлдүн мүлкү жөнүндө маалымат тараган — маалыматты жазган анонимдүү автор, мүлктүн баасы 150 миллион сом экенин да кошумчалаган.

«Ал мунун баарын кайсы каражатка сатып алды? Мини-ГЭСтин пайдасынабы же Бишкектеги Эмен багындагы кафеден тапкан кирешесинеби? Анда тапкан пайдалары тууралуу маалымат берсин», — деген талапты койгон.

Эртеси күнү эле, «Вечерний Бишкек» гезити Мамлекеттик каттоо кызматынын берген маалыматтарына таянып, Айгүл Текебаевдин бардык мүлкү тууралуу маалымат чыгарган.

Анда мындай деп көрсөтүлгөн:

  • Бишкектин Фрунзе көчөсүндөгү «Супер-Инфо» гезитинин жана Сентябрь каналынын имараттары — жер тилкеси менен кошо анын базар баасы 50 миллион сомдун тегерегиндеги сумманы түзөт.
  • «Орто-Сайдагы» VIP-шаарчасындагы эксплуатацияга берилбеген турак үй — жер тилкеси менен 20 миллион сомго чамалайт.
  • Бөкөнбаев көчөсүндөгү 121,9 чарчы метр аянтты ээлеген батир унаа токтотуучу жайы менен. Гезиттин жазганына караганда, бул мүлктүн базар баасы 12 миллион сомду чапчыйт.
  • Баетов көчөсүндөгү батир 5,5 миллион сомдун тегерегинде.
  • Чычкан капчыгайындагы 2000 чарчы метр аянтта жайгашкан мини-ГЭС. Убактылуу ээси болуп Айгүл Текебаева эсептелет.  
  • Ошол эле капчыгайда 1000 чарчы метр аянтта жайгашкан кафе.

Текебаев менен Алмазбек Атамбаевдин ортосундагы каршылашуулар, президент Конституцияга өзгөртүү киргизүү тууралуу демилге көтөргөндөн кийин башталган. Текебаев Алмазбек Атамбаевдин Кой-Ташта салынып жаткан үйү жөнүндө айткандан соң, анын мүлкү тууралуу маалыматтар чыга баштаган.

Текебаев жана Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, анын ичинде Роза Отунбаева да Конституцияга өзгөртүүлөр киргизүү менен премьер-министр ыйгарым укуктарын жогорулатып, сот бийлигинин үстүнөн көзөмөлдү күчөтөт деп айтууда. Алардын айтуусунда, улуттук мыйзам чыгаруунун эл аралык артыкчылыктарынан баш тартуу демократияны жоготууга алып келет.

Атамбаев жана анын тарапташтары, тескерисинче, өзгөртүүлөр бийликти узурпациялап алуудан сактайт. Улуттук мыйзам чыгаруунун эл аралык артыкчылыктарынан баш тартуу - өлкөдөгү көз карандысыздыкка оң таасирин берет.

Тема боюнча: Видео: Алмазбек Атамбаевдин үйү бийиктен кандай көрүнөт?

Видео: Азат Рузиев