Теннисчи Рафаэль Надаль жана Риодогу 28 медаль ээлери допинг колдонгон

Fancy Bears тобунун хаккерлери тыюу салынган допинг каражаттарын колдонуусуна уруксат берилген олимпиадалык спортчулардын тизмегин жарыялашты.

Буга чейин ДДКАнын (Дүйнөлүк допингге каршы агенттиги) расмий сайтынын бузулушу жана хакерлердин эже-сиңди Уильямстар дана Рионун чемпиону болгон Симоне Байлстын тыюу салынган допинг каражаттарын колдонгондугу тууралуу маалымат жарыяланган эле. Буга интернет колдонуучулары терс пикирлерин билдиришкен. Анын артынан эле, допинг колдонгон акыркы олимпиададагы дүйнөнүн мыкты спортчуларынын тизмеси чыкты.

Fancy Bears жарыялаган документтер арасында, «Чоң туулга» турниринин 14 жолку чемпиону, теннис оюнчусу Рафаэль Надалдын дагы аты аталып жүрөт. Ал да тыюу салынган каражаттарды терапиялык жол менен кабыл алган.

Надаль 2009-жылдын сентябрында суукка каршы бетаметазон каражатын тамырдан алган. 2012-жылдын август айында болсо, алган травмасынан улам, кортикотропин каражаты менен бир апта дарыланган. Бул каражат артрит, муун оорусунда жана башка ооруларды сакайтууда керектелет.

Надаль болсо, допинг боюнча таралып кеткен маалымат тууралуу мындай деген.

«Күнүмдүк жашоодо да колдоно турган тыюу салынуучу каражаттар абдан көп. Эгер аларды колдонууга уруксат сурасаң, уруксат берилет, бул мыйзамдуу эле. Мен өзүмдүн спорттогу жөндөмдүүлүгүмдү күчөтө турган эч кандай заттарды колдонгон эмесмин. Мен дарыгердин көрсөтмөсү менен гана кабыл алып жүрдүм.

Бул жөнөкөй эле маалымат. Аны сыр сактоонун да кереги жок. Хакерлердин да аны жалпыга маалымдоосунда кажет жок. Ар бир тесттин жыйынтыктарын өзүбүз гана жарыяласак, маанисиз талкууларга чекит коюлат».  

Хакерлер жарыялаган документтерде Риодогу Олимпиадада жеңүүчү аталган 13 мамлекеттин спортчуларынын ысымдары аталат:

Австралия:

Австралиянын сүзүүчүлөрү допинг көйгөйүнө кабылышкан

Сүрөт: Matt Roberts

Кейт Кэмпбелл, сүзүү боюнча алтын жана күмүш медалдын ээси. Альметерол, глюкокортикоид жана сальбутамол каражаттарын кабыл алган.

Сүрөт: The New Daily

Джессика Фокс, спорттун слалом түрү боюнча байге ээси. Преднизалон жана адреналин кабыл алган.

Сүрөт: Great Lakes Advocate

Мэдисон Уилсон, сүзүү боюнча күмүш жана коло медаль ээси. Формотерол, преднизалон жана глюкокортикоид каражаттарын колдонгон.

Сүрөт: The Herald

Тейлор Маккеон, сүзүү боюнча күмүш медаль алган. Преднизалон жана преднизон кабыл алган.

Канада:

Сүрөт: Ruby Photo Studio

Кэтрин Пендрел спорттун маунтинбайк түрү боюнча коло медаль ээси, ремифенталин каражатын колдонгон.

Сүрөт: Оlympique

Регбист Дженнифер Киш Рио Олимпиадасында коло медаль алган. Преднизон кабыл алган.

Сүрөт: Канаданын сүзүү боюнча федерациясы

Катерин Савар, сүзүү боюнча байге ээси, формотерол, глюкокортоикод жана сальбутамол кабыл алган.

Сүрөт: Канаданын сүзүү боюнча федерациясы

Мишель Уильямс, сүзүү боюнча коло байгенин ээси, преднизон жана физикалык аралашма колдонгон.

Хорватия:

Иван Крапич, суу полосунда коло утуп алган, дексаметазон кабыл алган.

Дания:

Сүрөт: Sport.tv

Рикке Меллер Педерсен, сүзүү боюнча коло байгенин ээси, тербуталин колдонгон.

Сүрөт: Ekstra Bladet

 Якоб Фульсан велосипед спорту боюнча күмүш медаль алган, триамцинолон колдонгон.

Германия:

Сүрөт: MH Table Tennis

Тимо Болл стол тенниси боюнча коло утуп алган, преднизолон кабыл алган.

Великобритания:

Спорттук гимнастикада коло байгенин ээси Найл Уилсон флутиказон пропионат, сальбуматол жана сальметерол кабыл алган.

Сүрөт: Independent

Кеме спортунда алтын алган Саския Кларк сальбутамол, беклометазон жана сальметерол кабыл алган.

Италия:

Сүрөт: Pianeta Scherma

Паоло Пиццо, найза менен урушуу боюнча күмүш байгенин ээси, формотерол кабыл алган.

Сүрөт: Today

Ракеле Бруни, сүзүүдө күмүш алган, формотерол колдонгон.

Сүрөт: Get sport media

Эмануэле Бирарелли, волейбол оюнчусу. Риодо күмүш алган. Бетаметазон жана преднизон колдонгон.

Сүрөт: Flikr

Маттео Лодо академиялык кайык спортунда коло алды, беклометазон колдонгон.

Сүрөт: Flikr

Суу полосунда күмүш медаль алган Тереза Фрассинеттинин преднизон колдонгондугу аныкталган.

Жапония:

Сүрөт: Flikr

Допинг көйгөйүнө аралашкан жапониялык жалгыз медаль ээси — Каори Мацумото. Дзюдо боюнча коло медаль утуп алган спортчу дексаметазон каражатын кабыл алган.

Сербия:

Фото: Еurosport

Милош Теодосич баскетбол боюнча күмүштүн ээси, дексаметазон колдонгон.

Сүрөт: Аrchive Сourier Рress

Валейбол оюнчусу, күмүш медаль алган Сильвия Попович, преднизолон кабыл алган.

Түштүк Африка Республикасы:

Сүрөт: Майкл Сох

Сүзүү боюнча күмүш медалдын ээси Кэмерон ван дер Бург сальбутамол кабыл алган.

Швейцария:

Сүрөт: Анджело Джеангригорио

Фабиан Канчеллара, велосипед спорту боюнча алтын медаль утуп алган, метилпреднизолон жана преднизолон колдонгон.

Сүрөт: Flikr

Нино Шуртер маунтинбайктан алтын алган, бедзонид, формотерол жана глюкокортикоид каражаттарын кабыл алган.

Швеция:

Сүрөт: SVT

Футболдо күмүштү илип кеткен Оливия Скуг формотерол жана тербуталин колдонгон.

АКШ:

Сүрөт: Flikr

Волейболдо колону утуп алган Элайша Гласс, преднизон кабыл алган.

Сүрөт: Flikr

Чуркоо боюнча колону алган Гален Рапп, метилпреднизолон, сальметерол жана сальбутамол каражаттарын колдонгондугу ачыкка чыккан.

ДДКАнын Кодексиндеги 4.4 пунктта көрсөтүлгөндөй, ар бир спортчу, тыюу салынган каражаттарды терапиялык негизде Эл аралык стандарттарга туура келчүдөй кабыл алса, допинг эрежелерин бузгандыкка жатпайт.

Бул документ (Допингге каршы кодекс) допингге каршы агенттиктин расмий сайтында ачык жазылып турат.