Атамбаевдин айланасындагылардын расмий кирешелери жана мал-мүлкү. Ким эмнеге ээлик кылат?

Жер тилкелери, эски автоунаалар жана батирлер — Алмазбек Атамбаевди жандап жүргөндөр расмий кагаздардын негизинде дагы кандай мүлктөргө ээлик кылышат?

Чиновниктердин мал-мүлкүнө Өмүрбек Текебаев менен Алмазбек Атамбаев тиреше баштагандан кийин коомчулуктун көңүлү бурулду.

Текебаев өлкө башчыны Кой-Таштагы жерин мыйзамсыз алды деп айтып чыкты. Бийлик болсо, айыптоолорду четке кагып, президент жерди расмий документтештиргенин билдирди.

Андан соң, коомдук тармактарда Текебаевдин мал-мүлкү тууралуу маалымат жарыяланды. Ага жооп катары депутат журналисттерди үйүнө ээрчитип барды. Маалымат каражат өкүлдөрү менен баарлашуу учурунда Текебаев Атамбаевдин айланасындагы чиновниктердин мүлкү тууралуу кыйытып айтып кетти.

Анын айтуусунда, президенттин жанында жүргөндөрдүн айрымдары айлык маянасына батир сатып ала албайт.

Атамбаевди жандап жүргөн чиновниктер расмий кагаздар боюнча эмнелерге ээлик кылышат? Төмөндө 2015-жылдагы бийликтегилердин декларациясында көрсөтүлгөн маалыматтар:

Фарид Ниязов, президенттик аппараттын жетекчиси

Ниязов — Атамбаевдин жакын санаалашы, ал президенттин шайлоо штабынын башчысы болуп келип, өлкө башчысынын аппарат жетекчилигине чейин жеткен адам. Конституциялык реформага өзүнүн оң көз карашын билдирип, каршылаштарды сындап, өзгөртүүлөрдү колдоп жатат.

Жылдык кирешеси: 816 миң сом

Жылдык чыгашасы: белгисиз

Менчигинде:

  • 45,2 чарчы метр аянт батирдин 50 пайызынын ээси;
  • 1984-жылы чыгарылган «Ауди 80» үлгүсүндөгү автоунаа;
  • 2007-жылы чыгарылган ЛТЗ-60А трактору.

Ишеничтүү башкарууга өткөрүлүп берилген:

  • 9,6 гектар айыл чарба жер тилкеси;
  • 7 гектар айыл чарба жер тилкеси;
  • 3 гектар айыл чарба жер тилкеси;
  • 1,6 айыл чарба жер тилкеси (25 пайыздык үлүш).

Жакындарынын кирешеси: 185 миң сом.

Жакындарынын мүлкү:

  • айыл чарба жер тилкеси, 10 гектар;
  • айыл чарба жер тилкеси, 4,2 гектар;
  • айыл чарба жер тилкеси, 1,6 гектар;
  • айыл чарба жер тилкеси, 1,6 гектар;
  • айыл чарба жер тилкеси, 1,6 гектар;
  • жер тилкеси, 0,15 гектар;
  • турак-үй, 108 чарчы метр;
  • 45,2 чарчы метр аянттагы батирдин 50 пайыздык үлүш.

Иса Өмүркулов, парламенттеги президенттик КСДП фракциясынын лидери

Иса Өмүркулов — КСДП боюнча Атамбаевдин эски санаалашы, ал 10 жылдан бери партиянын мүчөсү саналат. Саясатка келгенге чейин Өмүркулов жети жыл бою Кыргызстан Темир жол башкармалыгын жетектеген. 2010-жылдын апрель окуясынан соң ал Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалып, төрт жылдай борбор калааны башкарып турган. Өмүркулов Жеңиш эс алуу паркынын чек араларын мыйзамсыз тастыктап койгондугу үчүн өз каалоосу менен кызматтан кеткен. Кийинчерээк, ал сот тарабынан акталган.

Жылдык кирешеси: 1,04 миллион сом.

Жылдык чыгашасы: белгисиз

Мүлкү:

  • кой короо;
  • жер тилкеси, 0,10 гектар;
  • жер тилкеси, 0,09 гектар;
  • жер тилкеси, 5,31 гектар;
  • жер үлүшү, 4,25 гектар;
  • жер үлүшү, 4,24 гектар;
  • жер үлүшү, 3,19 гектар;
  • жер үлүшү 3,19 гектар;
  • жер үлүшү, 2,65 гектар;
  • жер үлүшү, 1,59 гектар.

Жакындарынын кирешеси: 532 миң сом.

Жакындарынын мүлкү:

  • 30,8 чарчы метр аянт батир;
  • жүк ташуучу автоунаа;
  • жеңил автоунаа;
  • колдонулбай турган 73,1 чарчы метр аянт ;
  • колдонулбай турган 73,1 чарчы метр аянт;
  • 204 чарчы метр аянт үй;
  • үй, 99 чарчы метр;
  • жер үлүшү, 0,9 гектар.

Сапар Исаков, президенттин аппаратынын башчысынын орун басары

Германия канцлери Ангела Меркель Кыргызстанга келгенде, Атамбаев эл аралык мамилелер контексинде Исаковду «оң колум» деп атаган. Президенттик аппарат үчүн салыштырмалуу жаш, 39дагы Сапар Исаков акыркы беш жылдын ичинде тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келатат.  

Жылдык кирешеси: 853 миң сом

Жылдык чыгашасы: 3,9 миң сом

Эмнеге ээлик кылат:

  • батир, 127,4 чарчы метр аянт.

Жакындарынын кирешеси: 63,9 миң сом

Жакындарынын мүлкү:

  • «Лексус RX450» автоунаасы.

Албек Ибраимов, Бишкектин мэри

Ибраимов — кыргыз саясатындагы жаңы адам. Ал 2016-жылдын февраль айында Бишкектин мэри болуп шайланып, эч качан «саясатка умтулбаганын» дароо айткан. Сентябрда ал президенттин айланасында болгон мүлк боюнча чыр-чатакта башкы фигурант болуп чыга келди. Өмүрбек Текебаев Ибраимов Атамбаевге 2,7 гектар аянт жерди шаар мэри кызматы үчүн белекке бергенин айтты. Ал эми Ибраимов Текебаевди сотко берүүгө камданып жатканын айткан.   

Жылдыз кирешеси: айлык маянадан 765,5 миң сом жана азык-түлүк сатуудан 3 миллион сом.

Ээлик кылган мүлкү:

  • Жалпы аянты 12,8 гектарды түзгөн 30 жер тилкеси.

Ишеничтүү башкарууга берилген:

  • белгисиз компаниядагы 100 пайыздык үлүшү;

Жакындарынын кирешеси: жер тилкелерин сатуудан 33 миллион сом.

Жакындарынын мүлкү: 100 гектар аянт жер тилкеси.

Чыныбай Турсунбеков, КСДПдан парламенттин төрагасы

Парламенттин V чакырылышында 2010-жылдын аягында, Турсунбеков атамбаевчи КСДПнын лидери болгон. Жаңы чакырылышта болсо, Асылбек Жээнбеков өз каалоосу менен кеткен соң, ал спикер болуп дайындалган. 2010-жылга чейин Турсунбеков жеке ишкер болгон, ун өндүрүшүндө ишмердүүлүгүн жүргүзгөн.

Жылдык кирешеси: 889,6 миң сом

Жылдык чыгашасы: белгисиз

Менчигинде:

  • колдонулбаган аянт 418 чарчы метр;
  • батир, 214 чарчы метр;
  • батир, 181 чарчы метр;
  • батир, 156 чарчы метр;
  • батир, 69,5 чарчы метр;
  • батир, 68,2 чарчы метр;
  • батир, 35 чарчы метр;
  • төрт унаа коюучу жай, ар биринин аянты 22 чарчы метрди түзөт;
  • 0,2 гектар аянттагы жер тилкеси;
  • «Мерседес-Бенц» үлгүсүндөгү кичи автобус;

Ишеничтүү башкарууга берилген:

  • белгисиз компаниядагы 80 пайыздык үлүш;
  • белгисиз компаниядагы 45 пайыздык үлүш;
  • белгисиз ААКдагы 92 пайыз акциялар;
  • белгисиз ААКдагы 81 пайыздык акциялар;
  • белгисиз ААКдагы 16 пайыздык акциялар;

Жакындарынын кирешеси: 15,08 миллион сом

Жакындарынын мүлкү:

  • батир, 316 чарчы метр;
  • батир, 238 чарчы метр;
  • батир, 200 чарчы метр;
  • батир, 97,5 метр;
  • батир, 33 чарчы метр;
  • үй, 360 чарчы метр;
  • турак үй, 374 чарчы метр;
  • турак үй, 109 чарчы метр;
  • турак үй, 81 чарчы метр;
  • колдонулбаган имарат, 432 чарчы метр;
  • колдонулбаган имарат, 83 чарчы метр;
  • жалпы аянты 0,72 гектарды түзгөн төрт жер тилкеси;
  • курулушу бүтө элек курулуш, 338 чарчы метр;
  • «Лексус 570» автоунаасы;
  • «Мерседес-Бенц ME-350» автоунаасы.

Бусурманкул Табалдиев, президенттин кеңешчиси

Табалдиев 2015-жылы Атамбаевдин кеңешчиси болуп дайындалган. Мурда ал түрдүү чоң кызматтарды ээлеп келген: президент администрациясынын коргонуу жана коопсуздук бөлүмүн башкарып, УКМКнын башчылыгына чейин жетип, коргонуу Кеңешинин катчысы болуп да иштеген.

Жылдык кирешеси: 627,5 миң сом

Пенсия: 372,5 миң сом

Чыгашасы: 2 миллион сом

Мүлкү:

  • үй, 300 чарчы метр;
  • батир, 106 чарчы метр;
  • «Тойота Прадо» автоунаасы, 2014-жылы чыгарылган;

Жакындарынын кирешеси: 1,1 миллион сом

Жакындарынын мүлкү:

  • батир, 220 чарчы метр;

Аалы Карашев, президент аппаратынын башчысынын орун басары

Бакиев президент болуп турган учурда, Ош облусу боюнча өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү болуп иштеген. 2010-жылдын апрель окуясынан кийин ал вице-премьер-министрдин кызматына келген. 2016-жылдын апрель айында Карашев президенттин аппаратынын башчысынын орун басары болуп дайындалган.

Жылдык кирешеси: 373 миң сом

Мүлкү: үй, 111,6 чарчы метр.

Декларацияда Карашевдин жана анын жакындарынын мал-мүлкү тууралуу башка маалыматтар көрсөтүлгөн эмес.

Икрамжан Илмиянов, президенттин кеңешчиси

Илмиянов 2010-жылдагы ыңкылаптан соң, Атамбаевдин убагында премьер-министрдин жардамчысы кызматына келген. Ал эми президенттик шайлоодон кийин президент аппаратынын орун басары жана биринчи орун басарлыгына дайындалган. 2015-жылдын ноябрь айынан баштап, президенттин кеңешчиси болуп иштеп келет. Ыңкылапка чейин Илмиянов айдоочу болуп иштеген — 2009-жылы жогорку билим алгандан тартып, Атамбаевдин компаниясында «Медиа Форумда» экономист болуп дайындалган.   

Жылдык кирешеси: 316 миң сом

Жылдык чыгашасы: белгисиз

Мал-мүлкү:

  • үй, 90 чарчы метр;
  • ОДА 39370 үлгүсүндөгү автоприцеп, 1992-жылы чыгарылган;
  • МАЗ 354323 жүк ташуучу автоунаа, 1992-жылы чыгарылган;
  • «Мазда 929» жеңил автоунаасы, 1984-жылы чыгарылган;
  • «Даймлер-Бенц 200» жеңил автоунаасы, 1986-жылы чыгарылган.

Жакындарынын мүлкү:

  • автоунаа коюучу жай, 16,5 чарчы метр;
  • батир, 143 чарчы метр;
  • «МАН» жүк ташуучу автоунаасы, 1993-жылы чыгарылган.

Сооронбай Жээнбеков — премьер-министр

Жээнбеков 2010-жылдагы ыңкылаптан соң, Ош облусун жетектеп калган. Ал эми 2015-жылдан баштап тез аранын ичинде бир канча кызмат алмаштырат — Мамлекеттик кадрдык кызматтын жетекчиси, президент аппаратынын башчысынын биринчи орун басары, жана өкмөттүн башчылыгына келет. Ыңкылапка чейин, ишкердүүлүк менен алектенип, депутат жана айыл чарба министри болуп да иштеген.

Жылдык кирешеси: 477 миң сом

Жылдык чыгашасы: белгисиз

Менчигинде:

  • үй, 160 чарчы метр;
  • сарай, 120 чарчы метр;
  • чарбалык үй, 60 чарчы метр;
  • чарба курулуштары менен үй;
  • айыл чарба жер тилкеси, 21 гектар;
  • айыл чарба жер тилкеси, 18,7 гектар;
  • айыл чарба жер тилкеси, 6,7 гектар;
  • жер тилкеси 1,5 гектар;
  • жер тилкеси, 8 соток;
  • башка жер тилкелери, 1 гектар;
  • көп жылдык бак-дарактары, 40 гектар;
  • көп жылдык бак-дарактары, 17 гектар;
  • соода-сатык павильону;
  • МТЗ-80 трактору.

Жакындарынын кирешеси: 3,6 миллион сом.

Жакындарынын менчигинде:

  • батир, 64 чарчы метр;
  • айыл чарбалык жер тилкеси, 10 гектар;
  • жайыт, 50 гектар;
  • жайыт, 16,6 гектар;
  • «Лексус» автоунаасы.

Абдиль Сегизбаев, УКМКнын башчысы

Сегизбаев 2011-жылы Атамбаевдин жардамчысы кызматына келген. Андан соң, президенттин аппаратынын маалымат саясат бөлүмүнүн жетекчиси болуп дайындалган. 2014-жылы УКМКнын башчысынын орун басары болуп келип, тобокелчилик анализи жана божомолдоо кызматынын директору болгон. Бир жылдан кийин, Атамбаев аны комитеттин башчысы кылып дайындаган.

Жылдык кирешеси: белгисиз

Жылдык чыгашасы: белгисиз

Мал-мүлкү:

  • белгисиз.

Жакындарынын кирешеси: белгисиз

Жакындарынын мүлкү: белгисиз

Сегизбаевдин декларациясы УКМКнын башка башчылары сыяктуу эле Мамлекеттик кадрдык кызматтын сайтында да көрсөтүлгөн.

Темир Джумакадыров, Коргонуу кеңешинин катчысы

Азыркы кызматка келээрден мурда, Жумакадыров 2012-жылдан баштап, Коргонуу кеңешинин катчысынын орун басары болуп иштеп, президент аппаратын да жетектегенге жетишкен. Буга чейин ал Кыргыз улуттук университетинде, президент Курманбек Бакиевдин катчылыгында, андан да мурда Азия банкынын долбоорлорунда, Европа Биримдигинде жана БУУда эмгектенген.

Жылдык кирешеси: Расмий айлык маянасы менен 799,1 миң сом, мал сатуудан 550 миң сом.

Жылдык чыгашасы: белгисиз

Мүлкү:

  • жер тилкеси, 0,06 гектар;
  • жер тилкеси, 1,5 гектар (16 пайыздык үлүшү менен);
  • «Мерседес-Бенц E280» автоунаасы, 1999-жылы чыгарылган.

Жакындарынын кирешеси: 1,3 миллион сом

Жакындарынын чыгашасы: 5,25 миллион сом

Жакындарынын мүлкү:

  • батир, 71,6 чарчы метр;
  • батир, 60,9 чарчы метр;

Асылбек Жээнбеков, парламенттин экс-спикери

Жылдык кирешеси: 2,15 миллион сом

Жылдык чыгашасы: белгисиз

Мүлкү:

  • үй;
  • эки жер тилкеси;
  • эки имарат;
  • бүтө элек курулуш.

Жээнбековдун мүлкүнүн аянты анын декларациясында көрсөтүлгөн эмес.

Ишеничтүү башкарууга берилген:

  • белгисиз компаниянын имаратынын 47,6 пайыздык үлүшүнө ээ ;
  • белгисиз компаниянын имаратынын 19,1 пайыздык үлүшүнө ээ;
  • белгисиз компаниянын имаратынын 33,3 пайыздык үлүшүнө ээ;
  • белгисиз акционердик коомдун акцияларынын 91,5 пайызы;
  • чарбалык субъект: жандыктар жана аары чарбасы

Жакындарынын кирешеси: 348 миң сом

Жакындарынын мүлкү:

  • үй;
  • имарат же курулуштар;
  • жер тилкеси.

Кыймылсыз мүлктүн аянты декларацияда көрсөтүлгөн эмес.

Урматтуу окурмандар, жогорудагы чиновниктердин декларациясында көрсөтүлбөгөн мал-мүлкү же кирешелүү булактары жөнүндө билчү болсоңуздар, биз менен сайттын оң тарабындагы колонка же office@kloop.kg дареги боюнча байланышыңыздар.

Со-авторлор: Дмитрий Мотинов, Регина Им