Футбол: паракорчулукка байланышкан ири жаңжалдар

Англия курамасынын башкы машыктыруучусу Сэм Эллардайстын отставкасы футболдогу паракорчулукка байланышкан эң чоң чыр-чатактарды эскерүүгө жем таштады.

Келишимдин негизиндеги матчтар жана калыстардын сатылуусунан улам келип чыккан көптөгөн чыр-чатактар тууралуу жаңылыктардан байма-бай берилип жатат.

Төмөндө эң чуулгандуу чыр-чатактар көрсөтүлгөн:

Англия 1905-жыл

Футболдун мекени айрым Европа мамлекеттеринде профессионалдуу клубдар пайда боло электе эле паракорчулуктун жогорку дивизионуна кирген.  

Жүз жылдар мурда Манчестерде «Манчестер Сити» жана «Астон Вилланын» матчынын сатылуусу жөнүндө ызы-чуу чыккан. Ошол кездеги «Ситинин» башкы жылдызы Билли Мередит «Астон Вилланын» капитаны Алекс Ликке Лондон командасынын жеңилип берүүсү үчүн (10 фунт) пара сунуштаган. Бирок, Лик акчаны албай, болгон окуя тууралуу журналисттерге айтып берген.     

Бул инциденттен кийин Мередит «Манчестер Юнайтеддин» аукционунда принципиалдуу атаандашы «Сити» тарабынан сатылып алынган.   

Ушуну менен чыр-чатак бүтүп калган эмес. Мередит өзүнүн клубу анын тарабын талашпаганынан улам, алардан өч алууну чечет. Ал «Ситиде» футболчуларга карата айлык маянанын көптүгүн журналисттерге айтып берген (ал убакта айына төрт фунт).  

Иликтөөлөрдүн жыйынтыгында, «Манчестер ситиде» көптөгөн паракорчулуктардын бети ачылган. Клубдун башкы машыктыруучусу жана президенти Англиянын аймагында футболдон четтетилип, беш директор кызматтан алынып, ал эми команданын 17 оюнчусуна «шаардыктар» үчүн ойноого өмүр бою тыюу салынган.   

Ал эми иштин негизги фигуранты Билли Мередит «Манчестер Юнайтедде» кийинки 15 жыл ойногон.  

Италиялык «кальчополи»

Италиялык сүрөөнчүлөр «А сериясында» көзгө көрүнбөс өздүк оюну болооруна көнүп калышкан. Чоң кызматтагы кишилер калыстарды сатып алуу менен келишимдүү матчтарды уюштура башташкан.   

«La Gazzetta dello Sport» италиялык басылма 2006-жылы өз баракчаларында жазылып алынган телефон сүйлөшүүлөрдү жарыялаган.

«Ювентустун» Башкы директору Лучано Моджи футбол функционерлери менен туриндик команда менен боло турган беттеште өзүнө керектүү калыстар жөнүндө сүйлөшкөн.  

Бул ишти териштирүүнү полиция өз колуна алган. Чыр-чатакты изилдөө учурунда, «Ювентустан» сырткары, «Милан», «Фиорентина», «Лацио» жана «Реджина» командалары да катыштыгы бар экендиги аныкталган. Бардык командалар калыстарга болгон басым жана сатылууда айыпталган.      

Италиянын футбол федерациясы, муну көңүл сыртында калтыра албай, ызы-чууга катыштыгы бар командаларга чечкиндүү чараларды кабыл алган. «Фиорентинага» 2006/07 чемпиондор Лигасында ойноого тыюу салынган, «Лацио» болсо «УЭФА кубогунан» четтетилген, ал эми «Ювентус» командасы 2005 жана 2006-жылдардагы «скудеттодон» четтетип, 2006/07 чемпиондор Лигасында катышуудан чыгарып, «В сериясына» өткөрүп салышкан.        

Бирок, «кальчополи» италиялык футболдогу алгачкы ызы-чуу эмес.

Италиялык полиция 1980-жылдары эле, келишимдүү матчтар тууралуу факттарды сууруп чыккан. «Милан», «Лацио», «Наполи», «Болоньи» жана «Палермо» командалары мыйзамсыз тотализатордо катышууда айыпталган.

 

Анда «Миландын» эки президенти дисквалификацияланган, андан сырткары, чабуулчу Паоло Росси үч жылга футболдон четтетилген.        

Жоао Авеланж, Рикардо Тейшейра жана пара

ФИФАнын мурдагы президенти (1974-1998) Жоао Авеланж жана анын күйөө баласы, Бразилия футбол федерациясынын президенти Рикардо Тейшейра 2012-жылы ISL маркетинг компаниясынан миллиондогон пара алгандыгы үчүн айыпталган.

Авеланж жана Тейшейра 1992-жылдан 2000-жылга чейин ISL маркетинг компаниясынан дүйнөлүк футбол чемпионаттарын алып көрсөтүүдө жардам берип, 15 миллион швейцария франк алышкан.

Авеланж жана Тейшейра 2010-жылы, 5,5 миллион компенсация төлөп, швейцария прокуратурасынын тергөө иштерин токтотуп, бул иш боюнча маалымат таратпоосун өтүнгөн.  

Бирок, 2012-жылы бул ызы-чуу боюнча доклад жарыяланган. Андан соң, Авеланж эл аралык Олимпиадалык комитеттин мүчөлүгүнөн баш тарткан, ал эми Тейшейра Бразилия футбол клубунун президенттигинен жана эл аралык футбол федерациясынын аткаруу комитетинен чыгып кеткен.

Ушул эле жылдын август айында, жүз жашында Жоао Авеланж көз жумган.

Эл аралык футбол федерациясы (ФИФА)

Паракорчулукка байланышкан эбегейсиз чыр-чатактын тизмесине Эл аралык футбол федерациясы да илешкен.

Эл аралык футбол федерациясынын Цюрихтеги шайлоосунан эки күн мурда, 2015-жылдын май айында паракорчулукта айыпталып жети мансаптуу футбол чиновниктери кармалган.  

Эл аралык футбол федерациясынын президенттигине тандалып алынган Йозеф Блаттер 2-июнь күнү шайлоо алдындагы ызы-чууга байланыштуу отставкага кеткен.

Ушул эле жылдын октябрь айында Блаттер жана УЕФАнын президенти Мишель Платини кызматынан 90 күнгө четтетилген.

Иштин фигуранттарына жана Эл аралык футбол федерациясынын 14 чоң мансаптуу мүчөлөрүнө, акчалардын изин жашыруу, кетенчиктөө жана 2018 жана 2020-жылдарда дүйнөлүк чемпионаттар өткөрүлүүчү өлкөлөрдү тандоодо бурмалоолорго жол бергендиги үчүн расмий айыптоолор коюлган. Алардын 150 миллион доллар алгандыгы болжолдонгон.  

Үч жыл аралыгында, тергөө иштерин АКШнын федералдык укук коргоо органдары жана швейцариялык прокуратура жүргүзгөн.

Йозеф Блаттер 2010-жылдагы дүйнөлүк чемпионатка чейин да паракорчулукта айыпталган. Эл аралык футбол федерациясынын президенти өзүнүн жээнинин компаниясына дүйнөлүк чемпионатка билет сатууда жарыяланган тендерде утуп алууга жардам берген. Компаниянын билет сатуудан тапкан кирешеси 342 миллион фунт стерлингди түзгөн.

Бул жолу ал чыр-чатакты өз убагында басканы менен Блаттердин репутациясына терс таасирин тийгизген.

УЕФАнын башкы катчысы кызматын ээлеп турган Жанни Инфантино 2016-жылдын 26-февралында Эл аралык футбол федерациясынын президенттигине тандалып алынган. Ал добуш берүүнүн экинчи баскычында 207ден 115 добуш алган.  

Сүрөт: abcnews.go.com