Депутат тогуз миң сомдон төмөн маяна бар экенине ишенбейт

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Гүлшат Асылбаева орточо маяна тогуз миң сом экендигине ишенбей, кыргызстандыктар бул суммадан көп алышаарын айтып чыкты. Депутаттын сөзү бишкектиктердин күлкүсүн келтирди.

«Биздин өлкөдө кимдир бирөө ушундай аз маяна алып иштеп жаткандыгына ишенбейм, 8-9 миң сом өлчөмүндөгү айлык акы жок», — деди Асылбаева парламенттин жыйынында.

Депутат мындай оюн 2017-жылга карата минималдуу эсеп кирешелери жөнүндөгү долбоорду талкуулап жаткан учурда билдирген.

Асылбаеванын айтканына КСДП фракциясынын депутаты Дастан Бекешев макул болгон жок. Ал тогуз миңден аз маяна алып жашагандар бар экендигин айтты.

«Сизге түшүндүрүп коёюн, бул долбоорго бюджет чөйрөсү катталбайт, бул долбоорго жеке ишкерлер, анын ичинде, маянасы 9 миңден бир канча төмөн болгон пол жуугучтар да кирет», — деди Бекешев.  

Эки депутат тең орточо маяна эсеби боюнча долбоордун иш ыкмасын кайра карап чыгуу керектигин белгилешти, себеби ал «түшүнүксүз» жазылып калган.  

«Биздин Улуттук статистикалык комитетибиз өзүнүн эсеби жана белгилүү стандарттары менен иштейт, ошондо биздин өлкөдө статистикалык комитет экономика, керек болсо көмүскө экономиканын эрежелери тууралуу да билишет, ким кандай салык төлөшү жөнүндө да кабардар», — деди Асылбаева.

Улуттук статистикалык комитеттин расмий сайтында экономикалык иш түрдүүлүгүнө карап орто айлык маяналардын суммалары көрсөтүлгөн. Мисалы, айыл-чарба, токой жана балык чарбасында иштегендер орточо эсеп менен 9138 сом, ал эми саламаттык жана калкты тейлөө тармагында иштегендер 9408 сом алышат.

Депутаттын айткан сөзү социалдык тармактарда кызуу талкууну жаратты, айрыкча Кыргызстан дарыгерлеринин онлайн-коомунда:

«Медайымдар 4-5 миң айлык алышат, дарыгерлер — 6-8. Дарыгер 10 миң маяна алып иштөөсү үчүн 10 жыл тажрыйба топтошу керек», — деп жазган Малика Ганиева.

«Кайсы 9 миңди айтып жатат? 5000-5300 сомду да кыйналып араң табуудабыз», — деп жазган колдонуучу Kyrgyzdyn Bir Kyzy.