Парламент: депутат 9 миңден аз маяна жок деп ишкерлер жөнүндө айткан болчу

Парламенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, Гүлшат Асылбаеванын 9 миңден аз маяна жок дегени ишкерлерге карата айтылган болчу.

Парламенттин басма сөз кызматынын өкүлү Kloop.kgге билдиргендей, депутат бюджеттик мекемелер эмес, бизнес-чөйрө жөнүндө айткан эле.

«Депутат 8-9 миң айлык маяна тууралуу айтып жатканда, бизнес-чөйрөсүнүн минималдуу киреше өлчөмүн бекитип жатышкан эле», — деди парламент өкүлү.  

Асылбаеванын сөзү — «Мен өлкөбүздө ушундай аз айлык маяна бар экенине ишенбейм. 8-9 миң сомдук айлык жок», — «АКИпресс», Kloop.kg жана башка басылмалар жазып чыгышкан.   

Бул сөзүнөн соң, социалдык тармактардын колдонуучуларынын арасында кызуу талкуу жүрүп, депутатты «чындыктан узактап кеткен адам» же «башка планеталык» деп аташкан.   

Парламенттин басма сөз кызматынын өкүлү, Асылбаева чын эле бул сөздөрдү айтканын тастыктайт, бирок ал учурда сөздүн контексти маанилүү болгон.

Анын айтуусунда, Асылбаева бул сумманы айтканынын жөнү бар, анткени Улуттук статистикалык комитет Кыргызстандагы ишкерлердин орточо айлыгы деп ушул сумманы айткан эле.

«Асылбаева ишенбейм деп, айрым жеке ишкерлер тапкан кирешесин жашырып жатат деген мааниде айткан болчу», — деди парламенттин басма сөз кызматынын өкүлү.  

Асылбаева өзү болсо, ЖМКда жарыяланган материалдар аны кемсинтип жатканын Kloop.kgге билдирди.

«Силерге эмне бул оюнчукпу, өзүңөрдүн рейтингиңерди көтөрүү менен алектенип жатасыңар. […] Жагымсыз, менин кесипкөйлүгүмдөн шек саноонун кажети жок. Ар бир айткан сөзгө берилген комментарийлерди уккум да келбейт», — деди ал.  

Депутат Kloop.kgнин кабарчысы менен көп сүйлөшүүнү каалаган жок, анын айткан сөздөрүн туура эмес түшүнүп алышаарынан кооптоноорун билдирип, парламенттин басма сөз кызматы менен байланышкыла деп койгон.

«Басма сөз кызматы түшүнүк берет, аларда стенограмма бар. Басма сөз кызматы баарын жазып, расмий билдирүү таратышат», — деди Асылбаева.