Милиция-күбөлөр капитан Мыктыбек Сулайманов каза болгон Базар-Коргондогу баш аламандыктын деталдарын унутуп калышкан. Сулаймановдун өлүмү жана козголоң укук коргоочу Азимжан Аскаровдун өмүр бою камалуусуна себеп болгон. Сот БУУнун адам укуктары боюнча чыгарган чечиминин негизинде да, Азимжан Аскаровду азаттыкка чыгарган жок.
Аскаровдун иши 4-октябрь күнү коргоо Департаментинин имаратында кайрадан каралды. Укук коргоочунун жактоочулары — Нурбек Токтакунов, Валерьян Вахитов жана Айдар Сыдыков — Аскаровду БУУнун адам укуктары боюнча чыгарган чечиминин негизинде бошотуусун суранышты. Анда, соттолгон адамдын конституциялык укуктарын коргоо зарылдыгы белгиленген.
Токтакуновдун айтуусунда, Кыргызстан БУУ Комитетинин чечиминен 180 күндөн кийин Аскаровдун укуктарын корголушун жана аны азаттыкка чыгарууну карашы керек болчу. Бирок, мындай болгон эмес.
Чүй облустук соту жактоочулардын өтүнүчүн четке кагып, Аскаровду темир тор артынан чыгарган жок. Жактоочу Токтакуновдун ишти кайра карап чыгуу боюнча сунушу да канааттандырылган жок.
Кийинки отурум 11-октябрга жылдырылды.
Сот жараянынын жүрүшүндө сот жабырлануучулар жана күбөлөрдү суракка чакырды. Өлүмүндө Аскаров айыпталып жаткан милиция кызматкери Мыктыбек Сулаймановдун жубайы жабырлануучу катары суралды. Козголоңду токтотууга барган Базар-Коргон райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) мурдагы милициялары күбө катары келишкен.
Сулаймановдун аялы, Чолпон Бечелова жолдошунун денесинде бычак издери бар болгонун жана бензин жыттанып турган деп, өрттөп жиберишкенин айтты.
«Мен жолдошумдун сөөгүн алып кетип жатканда, көп жолу эстен тандым, микроинсультка чалдыктым да анын денесине көп көңүл бура албадым. Кийин өзүмө келгенде гана, бензин жытын сезип, денесиндеги бычак издери көрдүм», — деди ал.
Бечелова айткандай, козголоңго чейин Аскаров жөнүндө билген эмес — сот жараянында жолдошун Аскаров өлтүргөн деп кимдир-бирөөдөн уккан, мындан улам ал Сулаймановдун өлүмүндө Аскаров күнөөлүү деп эсептейт. Бирок ал ким айтканын эстей алган жок.
Ал эми Аскаров Сулаймановду өлтүрбөгөнүн айтты.
«Мен калп аныктагыч детектордо бардык күбөлөрдү текшерип чыгууну суранам. Аллах күбө, балдарым менен карганам, мен күнөөлүү эмесмин», — деди ал.
Милиция кызматкерлери деталдарды эстей алышпады
Жабырлануучулар тарабынан суралган алты күбөнүн үчөөсү, Базар-Коргон РИИБнин мурдагы кызматкерлери көпүрөдө Аскаров бар же жогун эстей алышпады.
РИИБнин 10-бөлүмүнүн башчысы Мамыржан Мергентаев көпүрөдө көп адам болгонун жана ал жакта Аскаровду көрбөгөнүн айтты. Ал окуя болгон жерде «тополоң жана баш аламандык» болуп жаткандыктан тасмага түшүрүү иштери жүргөн эмес деди.
МАИ кызматкери Жеңишбек Жороев да козголоңчулардын катарында Аскаров бар беле деген суроого так жооп бере албады. Милиция кызматкери бир канча күндөн кийин Аскаров да көпүрөдө болгонун кесиптештеринен укканын айтты.
«Мен Аскаровду тааныбайм. Лидер ким экендиги дароо эле көрүнөт да. Ал лидерлер менен катар турган. Анын өзүн-өзү алып жүрүүсүнөн эле лидерлигин байкаса болот. Телефонго тартып алуу тууралуу айтып жатасыңар, ал эмес видеого тартуу тууралуу ойлогон да жокпуз, кырдаал курч болчу», — деди ал.
Мурдагы милиция кызматкери Кубанычбек Умурахунов алгач Аскаровду көпүрөдө «колунда кагаз калеми» менен көрдүм деп айтып, бирок кийген кийимдери жөнүндө эч нерсе айта албады.
Жактоочулардын тактоочу суроолоруна жооп берип жатып, Умурханов козголоңчулар арасында Аскаровду көрбөгөнүн, бирок «ал телефон аркылуу үндөп туруусу да мүмкүн экендигин» кошумчалады.
Калган үч милиция кызматкери окуя болгон жерде Аскаровду көргөндүктөрүн тастыкташып, бирок кандай кийимде жана эмне деп сүйлөп жатканы жөнүндө маалымат айта алышпады. Алардын айтуусунда, Аскаров «кыргыздарды өлтүрүүгө» чакырып жаткан, бирок эмне деп сүйлөп жатканы тууралуу так-даана маалымат бере алышпады, анткени 30-150 метр аралыкта турушкан.
«Алар таш менен уруп жатышкан. Мен өз көзүм менен көрдүм. Аскаровду да көрдүм. Ал сөзгө чечен. Адамдарды бир нерсеге үндөөнү жакшы билет. Окуя болгон жерде кыргыздар — эшектер деп айтып жатышты. Андан сырткары, кыргыз-милицияларын өлтүрүү керектигин да айтып кыйкырып жатышты», — деди Эмилбек Мантыбаев. Ал Аскаровдон 150 метр аралыкта турганын да кошумчалады.
Аскаров болсо, милициялардын берген көрсөтмөсү жалган деп, алар тараптан да мыйзам бузуулар болгонун изилдеп чыккандыгын айтты. Бир күбө-милиция кызматкерине карата кылмыш иши козголгонун билдирди.
«Силерге каршы 2010-жылы кылмыш иши козголгон, эми өч алып жатасыңар», — деди укук коргоочу Мантыбаевге.
Аскаров өзү ким?
Азимжан Аскаров — Кыргызстандын түштүгүндө жашаган этникалык өзбек жана укук коргоочу. Ал милициянын кыйноолору тууралуу маалымат бергени менен белгилүү болгон. 15 жыл аралыгында «Аба» укук коргоочу уюмун жетектеген.
Аскаров 2010-жылдын 15-июнунда Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык чыр-чатакта кармалган. Укук коргоо органдары билдиргендей, Аскаров Бишкек-Ош жолун тосууну уюштуруп, милиция кызматкерлерин сабап, бир кызматкерди өрттөп жиберген.
Базар-Коргон соту Аскаровду «баш аламандык уюштургандыкка», «улуттар аралык жек көрүүчүлүктү козуткандыкка» жана «адам өлтүрүүгө катышууга» айыптаган. 2010-жылдын аягында, сот Аскаровду өмүр бою тор артына камаган, бирок Аскаров күнөөсүн мойнуна албай келген. Аны менен кошо дагы сегиз адам абакка киргизилген.
Аскаровдун жактоочулары бул айыптоолор «негизсиз» деп айтып келишет. Күбөлөр болсо, Аскаров окуя болгон жерде жок болгондугун тастыкташкан.
Соттун чечиминен кийин, укук коргоочунун жактоочусу Валерьян Вахитов бардык жараяндар мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып чыккан. Анын айтуусунда, укук коргоочунун үйүндө үй ээлери жокто тинтүү болгон жана далилдер «жетишсиз».
Көз карандысыз эксперттер, укук коргоочу кыйноолорго кабылганын жана Кыргызстандын бийлиги анын даттанууларына көңүл бурбагандыкка айыпталганын билдиришкен. Андан тышкары, иликтөө жараянында процессуалдык нормалар бузулганын жана Аскаровдун коргонуусуна мүмкүнчүлүк берилбегенин да кошумчалашты.