Жашы жете электерге нике кыюуга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоору акыркы окууга жиберилди

Социалдык маселелер боюнча парламенттик комитети жашы жете электердин никеге туруусуна тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун үчүнчү окууга жиберди.

Комитеттин төрагасы, депутат Садык Шер-Нияз Kloop.kgге билдиргендей, мыйзам долбоору «жашы жете электердин укугун коргоого» арналгандыктан, комитет аны кабыл алган.   

Мыйзам долбоорунун негизинде, жашы жете электерге нике кыйган учурда, ата-энеси жана молдолор кылмыш жообуна тартылат.

«Молдо жаш жубайлардын жаш курагын тастыктай турган кагаздарын көргөндөн кийин гана нике окууга уруксат берилет […] ЗАГСтан маалым кат болушу зарыл. Мисалы, дүкөндө деле тамеки сатууда, жашы жете электердин паспортун же өздүгүн тастыктай турган маалым кат суралат эмеспи», — деди Шер-Нияз.  

Мыйзам долбоору ушул жылдын апрель айында демилгеленген. Бирок, экинчи окууда парламент кабыл алган эмес.

«Мыйзам долбоору четке кагылган эле, бирок Салянованын өтүнүчү менен кайрадан добуш берүүгө коюлду. Анда жалпыга маалымдоо каражаттарында кызуу талкуулар жаралган, мындан улам депутаттар аны экинчи окууда карап чыгууну колго алып жатышат», — деди депутат.  

«Мыйзам даяр, эгер ал үчүнчү окуудан өтсө […], анда президентке кол коюуга жиберилет», — деди Шер-Нияз.  

Парламент май айынын этегинде мыйзам долбоорду кабыл албай койгон, бул жарандык активисттердин арасында нараазычылыктарды жаратпай койгон эмес — блоггер Данияр Айтман депутаттарды «педофилдер» деп атап, ал эми укук коргоочулар 30-май күнү Ак үйдүн алдына митингге чыгышкан.  

Бирок, жарандык коомдон мыйзам долбооруна каршы чыккандар да болбой койгон жок. Юрист Нурбек Токтакуновдун пикиринде, мыйзам долбоору кайрадан иштелип чыгышы керек эле, себеби азыркы Кылмыш кодекси да жашы жете электер менен мамиле курууга тыюу салат.

«Салянова мыйзам долбоорун чийки түрдө сунуштаган, экспертизалар болгон эмес, күч сарптаган жок. Эгер экспертиза өткөрбөсө, демек анын оң жана терс жактары тууралуу да маалыматы жок», — деди ал.