БУУнун Баш катчысы болуп Португалиянын мурдагы премьери дайындалат

Португалиянын мурдагы премьер-министри Антониу Гутерриш Бириккен Улуттар Уюмунун жаңы Баш катчысы болуп келет. Ал беш жылга шайланды.

БУУнун Коопсуздук кеңеши уюмдун эң жогорку кызматына Гутерриштин келишин колдоорун билдирди. Ал үчүн Коопсуздук кеңешинин 13 элчиси макул деп, экөөсү добуш берүүдөн карманган. Бирок эч ким каршы сөз айтып, вето укугунан пайдаланган эмес.

Португалиянын мурдагы өкмөт башчысынан башка Баш катчынын кызматына 13 талапкер ат салышкан — алардын арасында аялдар да бар.

Антониу Гутерриш — Португалиянын мурдагы премьер-министри жана БУУнун качкындар иштери боюнча жогорку комиссары болчу. Гутерриш бул кызматта турганда, табият кырсыктарынан жабыркаган өлкөлөргө бай мамлекеттер жардам берүүсүн өтүнүп, алардын өкмөтүнө кайрылган.

Гутерриш БУУда комиссар кызматын ээлеп турганда, анын кызматкерлери эл аралык кризистерге көңүл бурушуп, штаттын кыскарышына карабай оор кырдаалда иштеген. БУУнун мүчө-өлкөлөрүнүн дипломаттары, Антониу Гутерриштин тажрыйбасы БУУнун кадырын көтөрүүгө салым кошот деп ишеним көрсөтүшкөн.

Улуу Британиянын элчиси Мэттью Райкрофт белгилегендей, Гутерриш БУУнун башкы кызматына уюмдун өзүндө да, дүйнөдө да чечкиндүү кырдаал түзүлгөндө келди. Ал жаңы Баш катчы эффективдүү жана күчтүү болооруна ишеним көрсөттү.

БУУга келгенге чейин Гутерриш 10 жыл Португалиянын өкмөтүндө иштеген. Ал 1995-жылы өкмөт башчылыкка келген. Ал 1974-жылы эле саясатта өзүн көрсөткөн. Анда, «Гвоздика ыңкылабы» болуп, узак убакытка созулган диктатордук башкаруудан кийин 1976-жылы өлкөдө алгачкы демократиялык шайлоо болгон.   

Антониу Гутерриш 1949-жылы туулуп, Жогорку техникалык институтунда инженердик иши жана физика чөйрөсүндө билим алган. Окууну аяктаган соң, ал өзү окуган институтта улуу окутуучулуктан эмгек жолун баштаган. Жубайы 1998-жылы каза болуп калгандыктан, 2001-жылы кайра үйлөнгөн. Үч баланын атасы — алардын экөөсү биринчи турмушунан болсо, үчүнчүсүн багып алган.

Гутерриш БУУнун онунчу Баш катчысы болуп дайындалды, андан мурдагы Пан Ги Мун бул кызматта кийинки жылдын январь айына чейин отурат. Ал уюмду 2007-жылдан бери башкарып келет.

Сүрөт: UNHCR