Кыргызстанда оор илдетке кабылгандар жана өлүм алдындагы адамдар үчүн алгачкы хоспис ачылды

«Алгачкы балдар хосписи» паллиативдик жардам борборунун имаратында жайгашат. Бул оор илдетке кабылган адамдарды кароочу Кыргызстандагы жалгыз медициналык мекеме болмокчу.

«Алгачкы балдар хосписи» — коммерциялык эмес социалдык уюм болуп, оор дартка чалдыккан балдарга паллиативдик жардам көрсөтөт. Уюм оор илдетке кабылган жана өлүм алдындагы адамдарга паллиативдик жардам көрсөтүүчү Республикалык борбордун имаратында жайгашат.

Мэриянын билдиришинче, борбор Жаш Гвардия бульварында мурунку кургак учук ооруканасынын имаратында иш алып барат. Биринчи кабатта тез жардам станциясы орун алат. Ал эми кургак учук ооруканасы оорулуулардын саны кескин кыскарып кеткендиктен жоюлган. Хоспис 10 күндүн ичинде көчүп барат.  

«Балдардын алгачкы хосписи» жана «Жардам берүү оңой» кайрымдуулук фондунун башчысы Динара Аляева билдиргендей, учурда борборду австриялык жабдыктар менен жабдуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.   

Динара Аляева, паллиативдик жардам берүү тармагын өнүктүрүп, дагы башка аналогдук жардам көрсөтүү мекемелерин бириктирүүнү мерчемдеп жатат. Паллиативдик жардам көрсөтүү борборунун алдында окутуу борбору да ишке кирип, ал жерде адистер методикалык материалдардын үстүндө иштешет.

«Учурда борбор балдар менен гана иштеп жатат, бирок чоңдорго да жардам берүүнү пландап жатабыз. Биз адистерди окуудан өткөрөбүз жана түрдүү жаш курактагы адамдарга паллиативдик жардам көрсөтүүчү адистерди даярдайбыз», — деди Динара Аляева Kloop.kgге курган маегинде.

Бишкек шаарынын мэри Албек Ибраимов, мекеме коммуналдык чыгымдарды толук бойдон өз мойнуна алып, Бишкектин шаардык кеңешине имараттын ижара акысын арзандатып берүү боюнча кайрылуу жасаарын билдирди.

Аляева өлүм алдындагы жана оор илдетке кабылган адамдарга жакшы шарт түзүп берүү үчүн эл аралык стандарттарга ылайыкталган хоспис куруу планы бар экенин билдирди.

«Балдардын алгачкы хосписи» Динара Аляева тарабынан 2015-жылдын октябрь айында ачылган. Буга чейин борбор кайрымдуулук фонддор тарабынан каржыланып келген. Борбордо оор илдетке чалдыккан балдар каралып, алардын ата-энелерине да ар тараптуу жардам берилип турган.