«Фэйсбуктун» колдонуучулары кыргызстандыктарга баңгизаттарын сунуштап жаткан сайтты таап алышкан. Сатуучулар акчасын онлайн-капчык аркылуу төлөп, товарды атайын сыр жайлардан алып кетүүгө болоорун айтышат. Баңги заттарын көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын сайт тууралуу маалыматы жок болгон, эми ага көңүл бураарын билдирди.

«Онлайн-дүкөн» жөнүндөгү маалыматты журналист Юрий Копытин өзүнүн «Фэйсбук» барагында жарыялаган. Ал Бишкектеги баңгизаттарын онлайн аркылуу сатылып жатканына нараазычылыгын билдирген.

«Албетте, сайт биздин аймакта жайгашкан эмес, албетте, сатуучулар өздөрүнүн коопсуздугун камсыздап алышкан», — деп жазган Копытин. Ал соода-сатыктын мындай түрү менен кантип күрөшөбүз деп суроо салган.

Сайтта кара куурай жана экстазиге прайс-лист сунушталган, ресурсту блокировка кылуу боюнча инструкциялар, жадагалса, онлайн-кеңеш берүүчү да иштейт.

Kloop.kgнин журналисти аталган сайттын сатуучусу менен байланышып көргөн. Сатуучу товардын акчасын онлайн-капчык аркылуу төлөөрүн айтып, баңги затын атайын даярдалган сыр жайлардан алып кетээрин билдирди. Андан сырткары, жаңыдан кошулган кардарларга 50 пайыздык арзандатуу каралаарын кошумчалады.

Төмөндө журналист менен сайттын сатуучусунун толук сүйлөшүүсү жарыяланды (орфография жана пунктуация сакталган, журналист атайын спецификалык лексиканы колдонгон, эсептин номурлары жана контакттар жылдызчалар менен жабылган):

Сатуучу: Саламатсызбы, буюртма бересизби? Кайрыла бериңиз, уялбаңыз.

Kloop.kg журналисти: Салам, бул жалган эмеспи? Мен ал жакка келгенде, мени таанып калышпайбы.

С: Акчасын төлөгөндөн соң, мен товар катылган сыр жайды айтам, ишеничтүү, канча болсо да сакталып тура берет, колуңуз бошогондо алып кетсеңиз болот

С: Татып көрүү 1000 сом

С: Ооба

Kloop: Экстази барбы?

С: Өзү ошол эле калган болчу, эртең дагы болот

Kloop:: Ооз тийүү деген кандай?

С: Биздин баалар минималдуу 2000 сом, ооз тийүүгө 1000 сом кылып беребиз

С: Биздин туура иштеп жатканыбызды далилдөө үчүн

Kloop: Анан ал жакшы элеби? Өлүп калбаймынбы?

С: Ууланган заттары сатпайбыз, биздин товарлар сапаттуу

Kloop: Кантип ооз тийип көрсө болот?

С: Яндекс эсеп***********

Qiwi wallet эсеп *********** [бул эсеп кыргыз уюлдук операторлорунун номурларына окшош — ред. Kloop.kg]

Төлөмдөр сизге ыңгайлуу болгон тармакта жүргүзүлөт. Терминалдарда электрондуу акча деген бөлүмдө, «эгер паспорт маалыматтарды сураса, ал талааны бош калтырып койсонуз болот», же браузердин сүрөттөр бөлүмүндө паспорт сканы рф деп жазсаңыз, бардык маалыматтары менен сүрөт чыгып калат.  

Kloop: Сатып алуу дагыбы?

С: Ооба

Kloop: Мен эгер экстазиден башка дагы бир нерсе алсам, арзандатуу болобу?

С: Туруктуу кардарларга бонустар бар

Kloop: Вау, кандай?

С: Бул маалыматты туруктуу гана кардарларга бере алабыз

Kloop: Экстазиден башка дагы эмне бар?

С: Эртең жумшак чарс болот

С: Бир аптадан кийин сканк

С: Сайттагы прайс-листтен карасаңыз болот

Kloop: А жумшак чарс канча?

Kloop: Ал жакта баары эмес го дейм

С: Жарым кутучасы 2500

Kloop: Башкачараак бир нерсе алгым келип жатат

С: Биздин товарлар жергиликтүү гүлдөрдөн эмес, сапаты жакшы

Kloop: Ого, анан кайдан?

С: Акча болгондо кайрылыңыз

Kloop: Окей, биринчи товарга төлөш керекпи?

С: Ооба

Kloop: Байланыш ушул жерде эле жүрөбү? Мен эгер сиздерге акчаны берип, товарды албай калсам эмне болот?

Kloop: Эч кандай кепилдик жокпу?

С: Кошумча контакттар Telegram @******, товардын сүрөтү жазуусу менен биздин сайтта, татып көрүү үчүн 1000 эле сом.

С: Сайтка бөгөт коюлуп калбайт, негизги беттен браузер көчүрүп алыңыз, ал сиздин ip дарегиңизди өзгөртөт, бардык тоскоолдуктарды бузуп кирет

Мындай сайттардын ээлерин «табуу кыйын»

Баңги заттарын көзөмөлдөөчү Мамлекеттик комиссиянын өкүлдөрү бул сайт жөнүндө биринчи жолу угуп жатышканын айтышты. Алар «сөзсүз изилдеп чыгаарын» билдиришти. Кызматтын айтуусунда, тыюу салынган заттарды сатуучу порталдар абдан көп кездешет. Ыкчам топтогу кызматкерлер сайттын ээлерин табуу кыйын дешет, анткени алардын «артынан кууй албайсың».   

«Мындай сайттарды оңой эле жасап койсо болот, аларды артынан кууп изилдөө да татаал. Баңги заттарын сатуу боюнча алар кылмыш жоопкерчилигине тартылышат», — деп билдирди Баңги заттарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын башчысынын милдетин аткаруучу Руслан Иманбеков.  

Иманбековдун айтуусунда, аталган мекеме буга чейин «спайстын» онлайн-сатыгын изилдеп чыгышкан — скайп-аккаунттун аталыштарын шаарда жарнама текчелеринен көп эле кезиктирүүгө болот.

Тема боюнча: Бишкекте «Спайс» маңзатын Интернет аркылуу сата башташты

«Биздин түз линиябызга Кыргызстандын төрт бурчунан чалып, баңги заттарынын сатылышы боюнча кабар берсе болот. Сиздин берген маалыматыңызды ыкчам топтогу кызматкерлерге беребиз, алар бул иш менен алектенишет», — деди ал.   

Баңги затка каршы күрөшүү кызматынын маалымат коопсуздугу боюнча адиси Саламат Саятчинов Kloop.kgге билдиргендей, сайт тууралуу маалымат ыкчам топтун кызматкерлерине берилди.

«Алдын ала маалыматтар боюнча бул сайттын  IP-дагери АКШга тиешелүү, бирок бул виртуалдык же жашынуу үчүн эле жасалышы да мүмкүн. Биз баңги заттары боюнча дилердик компанияларга кайрылгыла деген сайтты билчүбүз, эми муну да кошо изилдейбиз», — деди ал.