Аскаровдун иши кайра каралууда. Экинчи соттук отурум

Чүй облустук соту өмүр бою эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишин кайра экинчи жолу карады. Мурдагы отурумда соттор аны БУУнун адам укуктары боюнча комитетинин чечими боюнча бошотуудан баш тартышкан.

Сотттук отурумдун жүрүшүнөн түз тексттик трансляция. Жыйынтыктоочу материал жакын арада жарыяланат.

 

Бул укук коргоочу Азимжан Аскаровдун ишине байланышкан экинчи соттук отурум болуп эсептелет. Ал «баш аламандык уюштургандыкка», «улуттар аралык жек көрүүчүлүктү козуткандыкка» жана «адам өлтүрүүгө катышууга» айыпталган. Тема боюнча: Аскаровдун иши: Укук коргоочу бошотулган жок, күбөлөр козголоңдун деталдарын «эстей алышпады»

Аскаров өзү ким?

Азимжан Аскаров — Кыргызстандын түштүгүндө жашаган этникалык өзбек жана укук коргоочу. Ал милициянын кыйноолору тууралуу маалымат бергени менен белгилүү болгон. 15 жыл аралыгында «Аба» укук коргоочу уюмун жетектеген. Аскаров 2010-жылдын 15-июнунда Кыргызстандын түштүгүндөгү улуттар аралык чыр-чатакта кармалган. Укук коргоо органдары билдиргендей, Аскаров Бишкек-Ош жолун тосууну уюштуруп, милиция кызматкерлерин сабап, бир кызматкерди өрттөп жиберген. Базар-Коргон соту Аскаровду «баш аламандык уюштургандыкка», «улуттар аралык жек көрүүчүлүктү козуткандыкка» жана «адам өлтүрүүгө катышууга» айыптаган. 2010-жылдын аягында, сот Аскаровду өмүр бою тор артына камаган, бирок Аскаров күнөөсүн мойнуна албай келген. Аны менен кошо дагы сегиз адам абакка киргизилген. Аскаровдун жактоочулары бул айыптоолор «негизсиз» деп айтып келишет. Күбөлөр болсо, Аскаров окуя болгон жерде жок болгондугун тастыкташкан. Соттун чечиминен кийин, укук коргоочунун жактоочусу Валерьян Вахитов бардык жараяндар мыйзам бузуулар менен коштолгонун айтып чыккан. Анын айтуусунда, укук коргоочунун үйүндө үй ээлери жокто тинтүү болгон жана далилдер «жетишсиз». Көз карандысыз эксперттер, укук коргоочу кыйноолорго кабылганын жана Кыргызстандын бийлиги анын даттанууларына көңүл бурбагандыкка айыпталганын билдиришкен. Андан тышкары, иликтөө жараянында процессуалдык нормалар бузулганын жана Аскаровдун коргонуусуна мүмкүнчүлүк берилбегенин да кошумчалашты.