Генштабдын айдоочусу кылмышкерлерге курал сатып жүргөн

Кыргызстандын Генералдык аскердик штабынын айдоочусу мыйзамсыз курал-жарак сатууда айыпталды. Генштаб болсо, коомдук ишмер Эдиль Байсаловдун «коргоо министринин» айдоочусу деген маалыматын четке какты.  

Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабынын полковниги Майрамбек Мусиев Kloop.kgге курган маегинде, курал сатууда айыпталган кызматкер Генералдык штабдын аскердик бөлүмүнүн айдоочусу экендигин айтты.

«Ооба, аскердик штабдын айдоочусу мыйзамсыз курал сатууда айыпталууда. […] Учурда тергөө иштери жүрүп жатат, кененирээк маалымат берилет», — деди ал.  

Мусиев кошумчалагандай, мындан мурда Мамлекеттик чек ара кызматынын прапорщиги Калашников автоматын уурдагандыкка айыпталган эле.

«Алардын тили бир болгонбу-жокпу айта албайм», — дейт ал.  

Коомдук ишмер Эдиль Байсалов 9-октябрь күнү өзүнүн твиттер-аккаунтунда «коргонуу министринин» жеке айдоочусу мыйзамсыз курал сатууда айыпталып жаткандыгын жазып чыккан эле.  

«Атамбаевдик министрдин айдоочусу кармалды. Ал Калашников үлгүсүндөгү үч автоматты сатууга аракет кылган», — деп жазган ал.  

Kloop.kgге курган маегинде Эдиль Байсалов «коргоо министри» деп Мамлекеттик комитеттин башчысы (мурдагы Коргоо министри) Марат Кенжисариевди айтканын билдирди. Бирок, Генералдык штаб кармалган адам министрдин айдоочусу эмес деген маалымат тараткан.  

24.kg маалымат агенттиги 10-октябрь күнү билдиргендей, автоунаа Генштабга тиешелүү эмес болгон.

Сүрөт: flickr, brian.ch