Кыргызстан Максим Бакиевге каршы доо арызын чакыртып алды

Максим Бакиевдин кызыкчылыгын коргогон «Хикман энд Роуз» юридикалык компаниясынын билдиришинче, Кыргызстан алардын коргоосундагыга каршы жарандык доо арызын чакыртып алган. Кыргызстан аны эки фонддон каражат уурдоого айыптаган.

Доо арызды чакыртып алуу боюнча «Хикман энд Роуз» юридикалык компаниясынын билдирүүсүнөн белгилүү болду. Компания Кыргызстандан куулган президенттин уулу Максим Бакиевдин кызыкчылыгын коргойт.

Компания жазгандай, кайсы мамлекеттик органдар тууралуу сөз болгонун тактабай эле, доо арыз «Кыргыз Республикасынын эки мекемесинен» чакыртып алынган. «Хикман энд Роуз» Максим Бакиевдин сөздөрүн келтирип жазат. Анда ал Улуу Британияга 2010-жылы «анын атасынын бийлигине каршы аскердик төңкөрүштөн» кийин келген делет.

«Ошондон бери мен Кыргызстандын жаңы бийлиги тарабынан саясий вендеттанын курмандыгы болуп келем», — дейт Максим Бакиев.

Кыргызстандын бийлиги Максим Бакиевди Өнүктүрүү фондунан жана Социалдык фонддон каражат уурдагандыкка айыптаган.

«Ага алдамчылык боюнча жарандык доо арыз жүктөлгөн, ага ылайык Бакиев мырза Кыргызстандын эки мамлекеттик фондунан жалпы эң кеминде 20 миллион фунт суммасындагы каражат уурдагандыкка айыпталган», — деп жазат юридикалык компания.

Юристтердин маалыматы боюнча, доо арыз Бакиев жөнөкөйлөтүлгөн сот иштерин жүргүзүү боюнча өтүнүч катын тапшырууга даяр экенин билдиргенден кийин чакыртылып алынган. Анда ишти тараптардын биринин пайдасына толук кандуу соттук териштирүүсүсүз чечип коюуга мүмкүн.

«Прецедент» юридикалык фирмасынын башчысы Фатима Якупбаеванын Kloop.kgге айтышынча, Максим Бакиевдин юристтеринин билдирүүсү ачык-айкын эмес, Кыргызстан тарабынан доо арызды чакыртып алууга эмне себеп болгону так эмес.

Максим Бакиев тарабынан өтүнүч каттын болушун Якупбаева «процессуалдык опуза» деп атады.

«Эгерде Кыргызстан жөнөкөйлөтүлгөн сот иштерин жүргүзүү боюнча өтүнүчтөн улам доо арызын чакыртып алган болсо, анда демек Бакиевдин ак экени боюнча "талашсыз факттары" бар дегенди билдирет. Кайсы факттар жөнүндө сөз болуп атканын билүү аябай кызыктуу болууда, анткени юридикалык компаниянын пресс-релизинен бул түшүнүксүз», — деди Якупбаева.

Кыргыз бийлигинин бул чечимге карата реакциясы азырынча белгисиз.

Башкы прокурор Индира Жолдубаева ушул жылдын 12-апрелинде билдиргендей, Кыргызстан Максим Бакиевге каршы жарандык доо арызын берген, бирок арыз берүүгө эмне негиз болгонун ал тактаган эмес.

Максим Бакиевдин иши

Максим Бакиев — 2010-жылы бийликтен куулган президент Курманбек Бакиевдин уулу. Ал Кыргызстандын кызыкчылыктарын эске албай туруп мамлекеттик сатып алууларды жүргүзгөндүккө жана коррупцияга айыпталган.

Ал Кыргызстандан 2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин чыгып кеткен. Көтөрүлүштүн жүрүшүндө анын атасы президент Курманбек Бакиев президенттиктен түшүрүлгөн.

Биринчи май райондук соту 2013-жылы чечим чыгарып, ага ылайык, Максим Бакиев мүлкү конфискацияланып, 25 жылга эркинен ажыратылган.

Ага Интерпол аркылуу 2010-жылдын майында эл аралык издөө салынган. Бийликтен куулган президенттин уулу Улуу Британиядан саясий башпаанек алып, ага убактылуу аталган өлкөнүн аймагында турууга уруксат берилген.

Эки жылдан кийин Лондон полициясы АКШнын өтүнүчү менен Максим Бакиевди кармаган. Лондондун арбитраждык соту анын Кошмо Штаттардагы финансылык көз боёмочулук боюнча ишин караган.

Учурда Максим Бакиев Улуу Британияда турат.

Соавтор: Анна Лелик