ИИМ милиция тарабынан велосипедчинин токмоктолгонун четке какты

Велосипедчи Мамбет Исаков белгисиз айдоочу аны коюп кетип, кийин Бишкектин түндүгүндө токмоктоп кеткенин айтып арызданган. Исаковдун маалыматы боюнча, айдоочу милиционер болушу ыктымал. ИИМ өз кызматкеринин окуяга тиешеси жок экенин айтууда.

Исаковду 7-октябрда кечинде Тоголок Молдо жана Щербаков көчөлөрүнүн кесилишинде коюп кетишкен. Айтымында, алгач ага автоунаа жөөлөп келип, кийин айдоочусу чыгып, аны токмоктоп салган.

«Аялдамада токтоп турган күмүш түстөгү "Тойота Камри" мамномурлуу B1835AU унаасы коюп кетти. Андан мен озуп айдап кеткем. Унаанын жөөлөп айдаганынын натыйжасында велосипед авариялык абалда (оңдосо болот), а мен жерде жатып калдым (колум, бутум ооруган) жана айдоочу (мас абалында болгон) мени уруп, ошол эле унаанын ичиндеги жүргүнчү аны токтотуп калды», — деп жазган Исаков «Фэйсбукта».

Окуя болгон жерге келген милиционерлер велосипедчини №11 шаардык милиция бөлүмүнө алып барышып, түшүнүк кат жаздырган. Андан соң аны тез жардам кызматкерлери текшерүүдөн өткөргөн.

«[Дарыгерлер] Республикалык ооруканага алып барышып, ал жерде аныкталгандай, мээ чайкалып, баш терисинин кээ бир жерлери кесилген», — деп жазган Исаков.

Окуядан кийин анын телефонуна анонимдүү кат келип, аны капа кылган адамдын ИИМдин Жеке коопсуздук башкы башкармалыгын (ЖКББ) кызматкери Эрмек Казбеков болушу мүмкүн экени жазылган.

«Балким бул Казбеков Эрмек болгондур, ИИМдин ЖКББсынын кызматкери. Мурда ал ошол унааны айдачу. Бою узун», — деп жазылган катта.

ИИМ: Милиционер кол салуу болгон күнү Бишкекте болгон эмес

ИИМдин басма сөз кызматы Kloop.kgге Эрмек Казбековдун алардын мекемесинде эмгектенээрин ырастады — ИИМ ЖККБсында Ысык-Көл облусу боюнча.

Бирок ИИМдин басма сөз кызматкери кошумчалагандай, Казбеков кол салуу болгон учурда Бишкекте болгон эмес.

«6сынан 8-октябрга чейин ал өзүнүн жетекчиси менен Каракол шаарында кызматтык командировкада болчу. Окуя болгон учурда ал Бишкекте эмес эле. Анын үстүнө, анын кесиптештеринин маалыматы боюнча, ал эки айдан бери унаа пайдаланган эмес», — деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Басма сөз кызматкеринин кошумчалашынча, B1835AU мамномерлүү «Тойота Камри» автоунаасы эч качан милиционерге таандык болгон эмес.