Кыргызстандыктар кол күрөш боюнча дүйнө чемпионатында беш медаль утушту

Кыргызстандын курама командасы Болгариянын Благоевград шаарында 1-октябрдан 10-октябрга чейин өткөн кол күрөш боюнча дүйнө чемпионатынан беш медаль утуп келди.

Дүйнөлүк биринчиликте Кыргызстандын намысын ар кандай салмак жана жаш курак категорияларындагы 10 спортчу коргоду.

Чоңдор арасында 110 кг чейинки  салмакта мелдешке чыккан Евгений Лукьянов эки медалга: оң кол күрөштүрүүдө алтын медалга жана сол кол күрөштүрүүдө коло медалга ээ болду.

Дасыккан чеберлер арасында 90 кг чейинки салмакта чыккан Анатолий Сахаров да күмүш жана коло медаль алып келди.

Курама команданын дагы бир медалын Александр Ли камсыз кылды. Ал чеберлер арасында 90 кг чейинки салмакта күмүш медаль алды.

Мелдешке Кыргызстандан барып катышкан жалгыз кыз Ольга Ярославцева 70 кг чейинки салмакта төртүнчү орунга чыкты (оң кол менен).

Жалпы медалдардын саны боюнча Кыргызстан 18-орун алды. 99 медалы менен баарынан озгон Россиянын курама командасы болду. Казакстан 43 медаль утуп, экинчи орунга чыкты, алардын ичинен 20сы эң мыкты деген баага татыды. Үчүнчү орунга Грузия чыкты (43 медаль, алардын ичинен 15 алтын).

Мелдешке дүйнөнүн 52 өлкөсүнөн барган 1200 спортчу катышты.