Жалал-Абад: Баптист аялдын сөөгү экинчи жолу кайра көмүлө турган болду. Бул жолу христиандардын нааразылыгынын айынан

Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү баптист аялдын сөөгү христиандардын нааразылыгынын айынан кайрадан көмүлөөрүн билдирди. Мурда имамдардын жана жергиликтүү тургундардын дооматынан улам маркумдун туугандарына анын сөөгүн мусулман мүрзөсүнө көмүүгө уруксат бербей коюшкан.

«Азаттык» радиосу мурда Жалал-Абад облусундагы өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Кыянбек Сатыбалдиевдин сөзүнө шилтеме келтирип, Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгү кайрадан казылып чыкканын, эми ал «христиандыктын өкүлдөрүнүн» нааразылыгынын айынан башка жакка көмүлөөрүн кабарлаган.

Маалымат каражатынын кабарында, тирүүсүндө христиан-баптист болгон Сатыбалдиеванын туугандары анын сөөгүн көмүш үчүн башка жай издеп жатышат.

«Азаттык» радиосунун кабарчысы Элеонора Бейшенбек кызы бул аялдын сөөгү кайрадан көмүлөөрүн Kloop.kgге ырастады.

«Сары-Булак айылынын тургундары нааразы болуп, тигил аялды экинчи жолу казып алышты, үчүнчү жолу аны кайда көмүшкөнүн билбейм. Мен өзүм эс алуудамын, бирок муну ошол жакта жүргөн тааныш милиционерлерден уктум», — деди ал.

ИИМдин №10 «экстремизмге каршы» бөлүмүнүн атын атагысы келбеген кызматкери Kloop.kgге милиция аялдын кайра көмүлүшү боюнча иш козгобой турганын айтты.

«Ал Ала-Букада көмүлдү, биздин кызматкерлер жергиликтүү тургундарды маркумду тийбей жайына коюуга ынандырышты. Дин аралык чатак тууралуу берене боюнча шектенүү ырасталган жок, жөн эле окуя ошондой болуп калган экен, бирок дин аралык чатак чыгарууга жатпайт», — деди ал.

Маалымат берген адам аялдын экинчи жолу кайрадан көмүлгөнү тууралуу азырынча эч нерсе билбей турганын кошумчалады.

«Мага азыр экинчи окуя тууралуу, анын казылып алганы боюнча айтыша элек, акыркы маалымат боюнча анын экинчи көмүлгөн жеринде Ала-Бука районунун акими жана милиция ачууланган адамдар менен сүйлөшүү жүргүзүп жатышкан болчу. Мына отуз эле мүнөт мурда башчыбыз менен сүйлөштүм, ал бул тууралуу эч нерсе айткан эмес», — деди ИИМ кызматкери.

Дини үчүн кайра көмүү

Ала-Бука районундагы 76 жаштагы Каныгүл Сатыбалдиеванын денесин жерге берүүгө анын айылдаштары жол бербей коюшкан. Алар жергиликтүү мусулман көрүстөнүндө христиан-баптист дининин өкүлү көмүлөөрүнө ачуусу келген.

Маркумдун кызы Жылдыз Азаева бир нече күн бою жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө жана депутаттарга кайрылып, энесин жергиликтүү көрүстөнгө коюууга уруксат алууга аракет кылган.

Азаева жана анын бир тууганы айылдаштарынын көзүнчө жергиликтүү имамдардын талабы менен ислам динин кабыл алышкан. Бирок алардын энесин жергиликтүү көрүстөнгө коюууга баарыбир уруксат берилген эмес.

Маркумга коңшулаш Өрүктү айылында буга чейин дагы бир баптист көмүлгөн көрүстөндөн орун табылган. Бирок ал айылдын жашоочулары да чуу көтөрүшкөнүнөн Сатыбалдиеванын денеси христиан көрүстөнү бар коңшулаш Сары-Булак айылына коюлган болчу.