Мамкаттоо: Паспорттогу «күйөөдө эмес» деген жазуу — «бирөөлөрдүн тамашасы»

«Фэйсбуктун» колдонуучусу паспорттогу үй-бүлөлүк абалы тууралуу графаны кыргызча толтуруунун «никеси жок», «никесиз» жана «күйөөдө эмес» деген ар кандай варианттарынын фотосүрөттөрүн чыгарды. «Күйөөдө эмес» деген вариантты Мамкаттоо «тамаша» деп атады.

Үй-бүлөлүк абалы тууралуу графа ар кандай варианттарда толтурулган паспорттордун сүрөттөрүн «Фейсбуктун» колдонуучусу Асел Болотова чыгарган. Сүрөттөрдүн алдында ал паспорттордо эмне себептен ар кандай варианттар каралганын түшүндүрүүнү сураган.

«Кантип эле паспорт берген органдарда бирдиктүү форма жок болсун?» — деп суроо берген эле ал.

Болотованын фотосүрөттөрүндө аялдын күйөөсү бары-жогу тууралуу «никеси жок», «никеси бар», «никесиз», «никелүү» жана «күйөөдө эмес» деген беш варианттагы графасы бар паспорттор көрсөтүлгөн.

Мамлекеттик каттоо кызматынын (Мамкаттоо) басма сөз катчысы Мелис Эржигитов Kloop.kgге «никеси жок», «никеси бар», «никесиз», «никелүү» варианттары туура экенин айтты.

Анын айтымында, 2012-жылга чейин паспорттогу үй-бүлөлүк абал «никеси жок» жана «никеси бар» деп жазылып келген, бирок 2012-жылдан кийин Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча комиссиянын сунушунан улам бул графанын варианттарын «никесиз» жана «никелүү» деп өзгөртүү тууралуу чечим кабыл алынган.

Эржигитов Мамкаттоо паспорттордо «күйөөдө эмес» деп жазбай турганын айтты. Анын пикиринде, бул варианттагы фотосүрөт — кимдир-бирөөлөрдүн «тамашасы». Ал эгерде автор паспорттун катар санын берсе аны текшерип чыгууга даяр экенин кошумчалады.

«Биз ал кыздан (жазуунун авторунан) ошол паспорттун толук маалыматтарын берүүнү сурандык, биз аны текшерүүгө даярбыз. Бирок азырынча жооп жок», — деди Мамкаттоонун басма сөз катчысы.

Эржигитовдун пикиринде, мындай тамаша аларды «жек көргөндөрдүн» жасаган иши.

«Азыр фотошоп менен эмнени гана кылышпайт? Паспорт тууралуу маалымат жок болгондуктан биз аны фотошоп менен жасалган деп жатабыз. Мамкаттоонун бардык жетишкендиктерине ичи тардык кылган жек көрүүчүлөр бар да», — деди ал.