Өкмөт 2017-жылдын 15-майында аналогдук берүүлөрдү өчүрүп, кыргызстандыктарды толугу менен санарип телекөрсөтүүгө өткөрүүнү пландоодо.
Вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева кабарлагандай, санарип эфирдик телеканалдардын социалдык пакети түзүлгөн.
Аталган пакетте телеканалдар маалыматтык, музыкалык-маанайшат, балдар, илимий-билим берүүчү жана спорттук болуп сунушталган.
«Муну менен бирге ресиверлерди (жабдыксыз санарип берүүнү көрүү мүмкүн эмес) сатып алуу жана орнотуу керектиги боюнча кеңири маалыматтык кампания жүргүзүү тапшырмасы берилди», — деп белгиледи вице-премьер-министр.
Кудайбердиеванын маалыматы боюнча, учурда өлкөдө калктын 95 пайызы санарип телекөрсөтүүгө туташа алат. Келерки жылдын майына чейин өкмөт санариптик берүүнүн камтуу аймагын 99 пайызга жеткирүүгө белсенүүдө.
Кыргызстан Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп санарип эфирдик телекөрсөтүүнү 2008-жылы колдоно баштаган. Анда пилоттук аймак катары борбордон алыс жайгашкан Баткен облусу тандалып алынып, көрсөтүү DVB-T стандартында ишке ашырылган.
Кыргызстан 1994-жылдан бери Эл аралык электр байланыш союзунун мүчөсү болуп саналат. Женевадагы 2006-жылы өткөн экинчи Радио байланыш боюнча регионалдык конференцияда Кыргызстан санарип эфирдик телекөрсөтүүгө толугу менен өтүү планына кошулган (План «Женева-2006»).
Санариптик тармактын курулушу мамлекеттик байланыш оператору «Кыргызтелеком» ААКы жана жеке менчик «Санарип технологиялар» ЖЧКсы менен биргеликте жүргүзүлүүдө.
Ал 22 жеке менчик телеканалды бириктирип, телеберүүлөр үчүн мамлекет кайтарымсыз негизде аларга эки мультиплекс бөлүп берген. Дагы төрт мультиплекс «Кыргызтелекомдун» филиалы болуп саналган «РПО РМТР» ААКсына бөлүнгөн. Бул мекемеге тармакты куруу тапшырмасы жүктөлүп, учурда ал өлкө аймагындагы 95 пайыз санарип сигналды камсыздоодо.
Жакыр үй-бүлөлөрдүн санарип телеберүүгө өткөрүүсүн жеңилдетүү үчүн мамлекеттик бюджеттен ресиверлерди сатып берүү боюнча каражат каралган.