Футбол: Кыргызстан ФИФАнын рейтингинде жогорку орунга чыгып, өзүнө рекорд койду

Кыргызстандын курама командасы Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) рейтингинде 99-орунга чыкты. Азырынча бул команданын тарыхында эң мыкты натыйжа.

ФИФА футбол курама командаларынын октябрдагы рейтингин түзүп, анда Кыргызстандын командасы 99-орунду ээледи. Кыргыз курама командасынын тарыхында бул ФИФА рейтингиндеги эң жакшы жыйынтык. Рейтингде жалпысынан 205 позиция бар.

Октябрда Александр Крестининдин командасы эки расмий матч өткөрдү. Ливанга каршы оюн тең чыгуу менен аяктап (0:0), ал эми Түркмөнстан командасы менен болгон матч кыргызстандыктардын пайдасына чечилген (1:0).

Ливан менен Түркмөнтстандын командаларына каршы жолдоштук матчтарда алынган упайлар улуттук курама командага тогуз баскычка көтөрүлүп, 99-орунду ээлегенге шарт түздү. Команданын активинде азыр 343 упай бар.

ФИФАнын дүйнөлүк рейтингинде 99-орунду ээлеп, Кыргызстан Азия футбол федерациясында 11-орунга чыкты.

Октябрда Азия мамлекеттеринин ичинен эң мыкты натыйжаны Ирандын курама командасы көрсөтүп, Кыргызстандын командасы ага быйыл эки жолу абдан катуу (0:7 и 0:6) утулган. Ирандыктар дүйнөлүк рейтингдин 27-сабына чыгып, 837 упай топтошту.

ФИФАнын курама командалар рейтинги — команданын учурдагы салыштырмалуу күчүн көрсөтүүгө жол берген система. Ал ай сайын жаңыртылып турат.

Упай чегерүү системасы туруктуу эмес жана ар кандай жагдайлардан: каршылаш курама команданын күчүнөн, ФИФАнын азыркы рейтингиндеги ордунан, матчтын маанисинин коэффициентинен жана башкалардан көз каранды.

Тема боюнча: Жолдоштук матчтар эмне үчүн маанилүү?

Айлык рейтинг команданын өсүш динамикасын байкаганга шарт түзөт. 2014-жылдын октябрында Кыргызстандын курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп Александр Крестинин дайындалгандан бери команда кыйла өсүшкө жеткени көрүнүп турат.

Октябрдагы рейтингге чейин эң мыкты көрсөткүч 2016-жылдын апрелинде белгиленген. Анда команда ФИФА рейтингинин 100-ордун ээлеген. Ал эми эң начар натыйжа 2013-жылдын мартында белгиленген. Анда команда рейтингдин 201-ордуна түшкөн.

Ноябрда улуттук курама команда сыртка чыгып, дагы эки жолдоштук матч өткөрөт. 9-ноябрда команда Филиппинге каршы, ал эми 15-ноябрда Бахрейнге каршы ойнойт. Матчтар расмий статуска ээ, демек алардын натыйжалары 24-ноябрда чыга турган айлык рейтингге таасир этет.

ФИФА рейтингинин биринчи сабын Аргентинанын курама командасы ээлеп турат, анын активинде азыр 1621 упай бар. Андан кийин Германиянын (1465) жана Бразилиянын (1410) курама командалары турат.

Сүрөт: Кыргыз Республикасынын футбол федерациясы