Салык кызматы аткаминерлердин экинчи ИННдерин алып салат

Мамлекеттик салык кызматы экиден идентификациялык номур (ИНН) алып жүргөн аткаминерлердин экинчисин «каттоодон чыгарат». Мыйзам боюнча, бир жаранга бирден ашык ИНН катталбашы керек.

Kloop.kgнин юристтеринин суроо катына жазган жообунда Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Кумашов экиден ИННдин берилишин аларды бир учурда эки орган — Салык кызматы да, Социалдык фонд да берип келгени менен түшүндүрдү.

Мисалы, президент аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязов өз ИННин салык кызматынан 1999-жылы, он орундуу коддон 14 орундуусуна өтүү учурунда алган. Экинчи ИНН ага Социалдык фонд тарабынан берилген.

Кумашовдун айтымында, азыр салык кызматы экинчи ИНН боюнча маалыматтарды тактап, аларды «каттоодон чыгарганы» жатат.

«Азыркы тапта Мамлекеттик салык кызматы Кыргыз Республикасынын салык төлөөчүлөр реестринде жогоруда сөз болгон адамдардын ИННин тактоо жана экинчи ИННдерди каттоодон чыгаруу боюнча иш жүргүзүүдө. Иштин жыйынтыгын кошумча кабарлайбыз», — деп айтылат салык кызматынын катында.

Эки жума мурун Kloop.kg экиден идентификациялык номери катталган саясатчылар менен ишкерлердин тизмесин жарыялаган:

Анда Кумашов Kloop.kgге экиден ИННи бар жарандар салык кызматын алдай албай турганын айткан эле.

«Эгерде [жаран] салык органдарында каттоодон өткөн болсо, бизде өз ИННибиз бар, Соцфонддо башка ИНН бар. Салык тууралуу маалымат беришкенде бизде салык кызматы каттаган ИНН чыгат», — деген болчу Кумашов.

Бирок анын сөздөрү жарандар экинчи ИННди мыйзамсыз иштер үчүн пайдаланганын көрсөткөн кабарлар менен дал келбей калды. Былтыр апрелде Ысык-Көл облусунда жашаган аял төрт жыл бою колдонгон алдамчылык схемасынын бети ачылган.

Ысык-Көл ички иштер башкармалыгынын маалыматына таянып, K-News маалымат агенттиги «эки ИНН алып жүрүп, ал тендерлерге катышып, көптөгөн келишимдерди түзгөн. Ал ошол арада 30 миллион сомдук товар сатып, кызмат көрсөткөнгө үлгүргөн» деп жазган эле.

Ишкер аял анын баарын бир ИННге каттап, ал эми төлөмдөрү менен төгүмдөрү тууралуу маалыматтарды экинчиси боюнча берген. Облустук милициянын маалыматына караганда, төрт жыл ичинде ал мамлекетке дээрлик алты миллион сомдук зыян келтирген.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Мамлекеттик каттоо кызматы экиден ИНН алып жүргөн 6000ге жакын адамды аныктады.

Социалдык фонддун Жекелештирилген эсепке алуу башкармалыгынын кызматкери Аман Абдылдаев, жаран «өзү келип, өз маалыматтарын тактамайынча» мамлекеттик органдар кош ИННдерди таап чыга албай турганын моюнга алды.

Тема боюнча материал: Чиновниктердин эки идентификациялык номуру — катабы же коррупциябы?