Зордуктоо аракети боюнча шектелген салык кызматкери иштен алынды

Мамлекеттик салык кызматы мекеменин Ош облусунун Кара-Суу районундагы кызматкери мамлекеттик кызматкердин этикасын бузгандыгы үчүн иштен алынганын кабарлады. Ал Кара-Суу базарынын кызматчысын сабап, аялын зордуктаганга аракет кылды деп айыпталган.

Салык кызматы Кара-Суу району боюнча кызматкерди иштен алуу боюнча чечим кызматтык иликтөөнүн натыйжасында кабыл алынганын кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы бул кызматкер мас абалында Кара-Суу базарынын кызматчысынын аялын зордуктаганга аракет кылып, ага болушкан күйөөсүн сабап салганын тактады.

«Мекеме кызматкеринин мындай жүрүш-турушу мамлекеттик органдын кадыр-баркына зыян келтирип, мамлекеттик кызматкердин этикасын одоно бузуу болуп саналат. Буга байланыштуу мушташкандар жарашып алганына карабай, салыкчы кызматынан ажырады», — деп айтылат билдирүүдө.

Ош облусунун ИИБнин басма сөз кызматынын башчысы Женишбек Ашырбаев Kloop.kgге тараптар бири-бирине койгон дооматынан баш тартышканын жана козголгон кылмыш иши жабылганын айтты. Анын сөзү боюнча, жабыр тарткан тарап сот медицина экспертизасынан өтүүдөн баш тарткан.

«Ал [салык кызматкери] каршылашынын  денесине атайылап зыян келтиргенин далилдеш үчүн бизге соттук экспертизанын тыянагы керек. Ал [жабыркаган тарап] сот медицина экспертизасын өтүүдөн баш тартып, эч кимге дооматым жок деген утурлама арыз жазып берди. Мыйзам боюнча эгерде жабыркаган киши өз арызынан баш тартса биз эч нерсе кыла албайбыз», — деди ал.

Ош облусунун Кара-Суу базарындагы мушташ 5-октябрда базар кызматкери менен салык кызматкеринин ортосунда болгон.

Фейсбук коомдук тармагын колдонуучу Эркин Алмакеев «БеспределKG» тобунда салык кызматкери анын аялын зордуктоого аракет кылганын жазган.

«Мен контейнерлердин арасын тазалап жатканда аялым жардамга чакырганын угуп калдым […]. Аялыма чуркап барсам бир киши аны зордуктоого аракет кылып жаткан экен. Ал киши салык кызматынын кызматкери болуп чыкты», — деп жазган эле Алмакеев.

Алмакеев аялына болуша кеткенде салык кызматкери «бир туугандарын жардамга чакырып», алар аны сабап салышканын билдирген.