Парламенттеги коалициялык көпчүлүктүн таркашына эмне себеп?

КСДП фракциясы парламенттеги коалициялык көпчүлүктөн чыгаарын жарыялады. Саясат таануучулардын пикиринде, бул өкмөттү кызматынан кетирүү зарылдыгы менен эмес, конституциялык реформа менен байланыштуу.

Президентти колдогон КСДП фракциясы парламенттеги коалициялык көпчүлүктөн «карама-каршылыктардан улам» чыгаарын 24-октябрда билдирди.

«Коалициядагы карама-каршылыктар эчак эле башталган. Ал жалпыга белгилүү жана ал тууралуу көп сөз болгон. Бирок биз коалицияны сактап калганга аракет кылып келдик. Бирок биздин айрым мурдагы өнөктөштөрүбүздүн акыркы аракеттери КСДП фракциясы элдешпей турган маселелерди ачыкка чыгарды», — деп айтылат фракциянын билдирүүсүндө.

Фракциянын билдирүүсүндө депутаттар «Акаев жана Бакиев менен жалпы кызыкчылыгы болгондор» жана «алардын көрсөтмөлөрүн» аткаргандар менен бир коалицияда боло алышпасы белгиленет. КСДП «Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгына каршы бараткандар» менен иштеше албай тургандыгын жарыялады.

«Мурда биз айрым өнөктөштөрүбүздүн талоончулукка тиешеси жок экендигине ишенгибиз келген. Бирок азыр, аларга каршы коюлган эң жагымсыз дооматтар тууралуу фактыларга жана күбөлүктөргө улам көбүрөөк кездешкенибизде, жаңы жагдайлар жана фактылар толук аныкталганга чейин алар менен бир коалицияда болуудан баш тартып турууну чечтик», — деп айтылат билдирүүдө.

Коалициянын таркашы министрлер кабинетинин кызматтан кетишин жана фракциялардын жаңы өкмөт түзө турган жаңы биримдигин уюштурууга алып келет.

Коалициянын таркашы — «мыйзам ченемдүүлүк»

Саясат таануучу Игорь Шестаков КСДП парламенттик фракциясынын көпчүлүк коалициядан чыгышы — «мыйзам ченемдүү кадам», анткени КСДП «Ата Мекен» менен «чогуу бир коалициялык кайыкта» боло албайт деп эсептейт.

Анын айтымында, фракциялардын ортосунда бир нече айдан бери «компроматтар согушу» жүрүп келатат.

«Эки партия мындай “согуш абалында” турганда алар кандайдыр бирдиктүү нерсени, башкача айтканда көпчүлүк коалицияны түзө алышат деп күтүш кыйын. […] Бул көбүнчө саясий оюн, бирок көпчүлүк коалициянын таркашы мыйзам ченемдүү», — деди ал.

Саясат таануучу «Ата Мекен» фракциясы парламенттик оппозицияда калаарын айтты. Ал эң аз сандагы фракция болгон «Ата Мекен» фракциясы референдумдун жарыяланышына жолтоо боло алмак эмес деп эсептейт. Мындан тышкары, Шестаков мурдагы чакырылыштын курамында «Ата Мекен» Конституцияны реформалоону жактаганын белгиледи.

«Чыгып кеткен Өмүрбек Текебаевдин ордуна биз Өмүрбек Бабановдун “Республика — Ата-Журт” фракциясын көрө алабыз, бул логикага толук туура келет, анткени Бабанов ал тургай өзүнүн шайлоо алдындагы программасында да конституциялык реформанын зарылдыгын айтып келген», — деп божомолдоду ал.

Саясат таануучу коалицияга «Бир Бол» жана «Өнүгүү-Прогресс» кошулаар-кошулбасы азырынча анык эмес экендигин, анткени жаңы көпчүлүктү түзүп жаткандар бул фракциялардын аракетин карап көрүшөөрүн айтты.

«Бизде оппозиция болгон эмес, фракциялар көпчүлүк коалициядан орун жетпей калышкан үчүн, аларды ал жакка албай коюшканы үчүн оппозицияда болуп келишкен», — деди ал.

Шестаков өкмөт иш жүзүндө кызматтан кетпейт, «ошол эле премьер-министр кала берет» деп эсептейт.

«Биз “Республика — Ата-Журт” жүз пайыз кошулган көпчүлүк коалициясына ээ болобуз жана өкмөттө алардын өкүлдөрү пайда болот», — деди ал.

Коалиция «конституциялык реформанын айынан» таркап кетти

Саясат таануучу Медет Төлөгөновдун пикиринде, коалиция буга чейин топтолуп калган карама-каршылыктардын айынан ыдырады.

«Абал негизинен Конституциянын тегерегинде, "Ата Мекен" менен башкы талаш жүрүп кеткенде курчуп кетти. Конституциялык реформалардын баскычында кандайдыр башка позиция көрсөтүп жаткан "Өнүгүү-Прогресс" менен да карама-каршылык бар болчу. Бул жерде көп карама-каршылыктар топтолуп калган, аны ушинтип коалицияны кайрадан форматтоо менен чечмек болушту», — деди ал.

Анын пикири боюнча, жаңы коалицияны мурункусунан чыгып кеткен эң ири КСДП фракциясы калыптандырат.

«"Республика — Ата-Журт" менен белгилүү бир жарым-жартылай достук мамилеси түзүлүп калган соң аны тартса да болот. Бул эки эң ири фракция жаңы коалицияда бириге ала турган болгон соң, аларга бир чакан эле фракция керек, ошондо жаңы коалиция үч гана фракциядан туруп калышы мүмкүн», — деди ал.

Төлөгөнов коалициянын ыдырашы өкмөттүн иши эмес, конституциялык реформа менен байланышкан деп эсептейт.

«Өкмөттүн дарегине кандайдыр олуттуу сын айтылган деле эмес. Өкмөттүн баяндамасы башталып, баары ошол учурда келип чыкты, бирок бул жөн гана окуялардын дал келиши», — деди ал.

Ал премьер-министр президенттик кампанияга жакын, кийинки жылы алмашат деп эсептейт.