Сузактагы окуучунун өз жанын кыйышы: ИИМ өспүрүмдү суракка алган милиционерлерди текшерет

Шерзат Алимбеков

15 жаштагы Шерзат Алимбеков өзүн өзү өлтүргөнүнө байланыштуу анын атасы милицияга арыз жазды. Мектеп окуучусу 10 миң сом уурдады деген дооматка дуушар болгон соң өз жанын кыйган. Өлүм алдындагы катында өспүрүм ал акчаны албаганын, бирок аны далилдей албай турганын жазып кеткен.

ИИМдин басма сөз кызматынын кызматкери Эрнис Осмонбаев Kloop.kgге Шерзаттын атасын Талант Алимбеков уулун 10 миң сом уурдады деп айыптаган айылдашы Кубаныч Токтосуновго каршы арыз бергенин кабарлады.

Каза тапкан баланын атасынын арызына караганда, Токтосунов баланы акча уурдады деп шек санап, «кемсинтип, шылдыңдап, сабаган».

Осмонбаевдин айтымында, ИИМ Шерзатты өлөөрүнө жакын калганда суракка алган милиция кызматкерлерин текшерет.

«Азыр сот-медицина экспертизасы жүрүп жатат. Ал бүтө элек. […] Ошондой эле окуучуга зомбулук көрсөтүүгө милиция кызматкерлеринин тиешеси текшерилип жатат. Эгерде алардын күнөөсү далилденсе, ишти андан ары прокуратура алып барат», — дейт ИИМдин өкүлү.

Атасынын айтымында, анын 15 жаштагы баласы милиция кызматкерлери менен сүйлөшмөйүнчө өз жанын кыймак эмес — Алимбековдордун улуусу милиция кызматкерлери анын баласы жасабаган күнөөнү мойнуна алдырыш үчүн ага басым көрсөтүшкөн деп эсептейт.

«Ал күнү милиция кызматкерлери ата-энесин же мугалимдерин катыштырбай, доомат коюп жаткан баланын көзүнчө сурак жүргүзүшкөн. Кийин мени да чакырышты. Ага чейин түшүнүк кат жаздырып алышыптыр», — деди ал «Азаттык» үналгысы менен болгон маегинде.

Окуучунун атасы Шерзаттын жанында 3500 сом болгонун. Ал аны бирөөлөргө туалет казып берип жүрүп иштеп тапканын айтты.

«Ошол акчаны (3500 сом) милиция кызматкерлери буюм далил катары алышыптыр. Акыры мен арыз ээлерине 10 миң сом төлөп бердим, андан кийин алар мага эч кандай дооматы жок экени тууралуу мага утурлама арыз жазып беришти. Бирок баламдын акчасын милиция кызматкерлери кайтарып беришкен жок. Алар арыз ээсинин атасы, мурда милиция органдарында иштеген Бакыт Токтосуновду коргоп киришти», — деди ал.

«Ата, мен бир сом да алган эмесмин…»

Өз жанын кыярда Шерзат өлүм алдындагы тилкатын жазып кеткен. Анда ал бир сом да уурдабаганын, аны Токтосуновдордун кичүүсү ууру деп шек санап катуу сабап салганын жазат.

Өспүрүм катуу таяктын уусунан эсин жоготуп баратканда күнөөнү мойнуна алганын жазган.

1c343cb7-41bc-4e7d-9e81-add5a929e272_cx0_cy14_cw0_w987_r1_s_r1

«Ата, мен Бакыт акенин (Кубаныч Токтосуновдун атасынын) бир сомун да алган эмесмин. Бакыт акенин баласы түнкү саат экиде бакка алып барып "10 миң сомду сен алдың да!" деп чыбык менен кийимими көтөрүп 10-15 жолу чаап, анан башыма бетиме 5-6 жолу чапканда көзүм караңгыланып кеткенде өлтүрүп коёт окшойт деп мойнума алдым… […] Менин акыркы сөзүм: мен акмын», — деп жазат Шерзат.

Айыпталуучу жигиттин атасы Бакыт Токтосунов уулу Шерзатты сабаганына ишенбейт. Ал «Азаттык» үналгысына акча уурдалганын милиция кызматкерлери далилдешкенин айтты.

Облустук «Справедливость» укук коргоо уюмунун юристи Нурислам Раимжанов Kloop.kgге милиция кызматкерлери менен болгон ишти прокуратура териштириши керек деп эсептей турганын айтты.

«Так ушул азыр биз Шерзаттын үйүнө Сузакка баратабыз. Анын туугандары кандай жардам сураарын биз азырынча билбейбиз. Бирок аны жеринде билебиз. Мисалы, баланы ата-энеси же мугалими жокто суракка алуунун себептерин тактайбыз. Эгерде туугандары андан ары териштирүүгө макул болсо, прокуратурага кайрылабыз», — деди ал.

«Жоопкерчиликтүү» жана «достукка бекем»

Шерзат окуган мектептин социалдык педагогу Атыргүл Жолдошева Kloop.kgге мугалимдер окуучуну милиция кызматкерлери суракка алып жатышканын билишкен эмес деди.

«Ал мектепте 15-октябрдан бери болгон эмес. Тынчыбыз кетип, биз класс жетекчиси менен 18-октябрда үйүнө барып, эмне себеп болгонун сурадык. Атасы ал ооруп калганын жана үйдө калууга мажбур болгонун айтты. Ал бизге түшүнүк кат жазып берди. Биз Шерзат мындай кыйынчылыктарды башынан өткөрүп жатканын билген эмеспиз», — деди ал.

Ал Шерзат акча уурдаганына ишенбейт — анын айтымында, ал жакшы окучу, эч кимди таарынтчу эмес, бирөө таарынтып жатат деп арызданчу да эмес.

«Ал аябай жоопкерчиликтүү, оор басырыктуу болчу. Үйүндө эң кичүүсү болсо дагы, эркелечү эмес. Мен анын акча уурдаганына ишенбейм. Анын үй-бүлөсү дайыма бардар болчу, анда каалаганы бар болчу. Ата-энеси Орсияда иштешкен. Атасы кайтып келген. Ал ошол атасы жана чоң энеси менен чогуу жашачу», — деди педагог.

Жолдошева окуучуну ууру тутуп күнөөлөгөн Кубаныч Токтосуновду да билээрин айтты. Анын сөзүнө караганда, ал деле чыр-чатакка жакын эмес болчу.

«Мен Кубаныч баланы сабаганына ишенбейм. Ал мектепте ачык, достукка бекем бала болчу», — дейт ал.

Шерзат Алимбеков 2002-жылы туулган. Төрт баласы бар үй-бүлөдө ал эң кичүүсү болчу. Шерзат чоң энеси жана атасы менен чогуу жашаган. Энеси акча таап чет жакта иштеп жүргөн. Өлүм алдындагы катында бала энесин гана көргүсү келгенин жазган.

«Ата, мен апамды эле күтүп жүрөм, 2-3 күндөн кийин келсе апамды бир көрсөм эле болду», — деп жазып кеткен ал.

Сүрөт: «Азаттык»