Укук коргоочу Конституцияга киргизиле турган түзөтүүлөрдү Венеция комиссиясына жөнөтүүнү талап кылууда

Укук коргоочу Динара Ошурахунова парламенттин спикери Чыныбай Турсунбековду Конституцияга киргизиле турган түзөтүүлөрдүн акыркы вариантын талдоо боюнча сурамды Венеция комиссиясына жөнөтүүгө «бөгөт койду» деп күнөөлөдү. Турсунбеков муну «жалаа» деп атады.

Жарандык көзөмөл комитетинин координатору, укук коргоочу Динара Ошурахунова парламенттин спикери Чыныбай Турсунбеков Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөрдүн акыркы вариантын талдоо боюнча сурамды Венеция комиссиясына жөнөтүүгө «бөгөт койгону» тууралуу билдирүүнү 25-октябрда «Фэйсбуктагы» өз барагына чыгарды.

«Жарандык көзөмөл комитети Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөрдүн акыркы долбооруна эл аралык стандарт боюнча талдоо жүргүзүү максатында Венеция комиссиясына расмий сурам жөнөтүүнү жана Венеция комиссиясынын расмий тыянагы келгенге чейин талкууну токтотууну парламент спикери Чыныбай Турсунбековдон талап кылат», — деп жазды ал.

Өз билдирүүсүндө ал сурамды жөнөтүүгө парламенттин спикери тарабынан жана конституциялык мыйзамдуулук боюнча комитеттин төрайымы Асел Кодуранова тарабынан бөгөт коюлушу «укуктук мамлекеттин бардык демократиялык принциптерине каршы келээрин» бегиледи.

«Муну жарандар Конституция мыйзамсыз өзгөртүлүп жатканына далил катары карашат», — деп жазды ал.

Ошурахунова 2016-жылдын июлунан бери парламент депутаттары конституциялык реформа жүргүзүүдө «ачыктык менен айкындыктан качып» жатышат деп эсептейт.

«Парламент өкүлчүлүк органы катары бардык мыйзам долбоорлоруна, айрыкча Конституцияга киргизиле турган өзгөртүүлөрдүн долбооруна кылдат талдоо жүргүзүүгө милдеттүү», — деп жазды ал.

Парламент спикери 26-октябрдагы отурумда Ошурахунованын билдирүүсү «жалаа» экенин айтты.

«Мени Конституциянын акыркы вариантын Венеция комиссиясына жөнөтпөй койду деп жаманатты кылып жатышат. […] Ошурахунова мени кызмат абалынан пайдаланып Венеция комиссиясына Конституциянын акыркы вариантын жөнөтүүгө жол бербей жатат деп жарыялап, коомдук тармактарда чуу көтөрүүдө.  Бул жалаа жана мен андай кылган эмесмин», — деди ал.

Венеция комиссиясы демократиянын принциптерине таянуу менен конституциялык укукту талдайт. Уюм Европа Кеңешинин алдында 1990-жылдан бери иштейт жана конституциялык мыйзамдарга тыянак чыгарып келатат. Комиссиянын тыянактарын ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу (ДИАУБ) сыяктуу эл аралык уюмдар пайдаланат. Комиссиянын тыянактары кеңеш берүүчү мүнөзгө ээ.

Венеция комиссиясы 29-августта  Конституцияга киргизиле турган өзгөрнтүүлөрдүн биринчи варианты боюнча тыянак чыгарган, анда комиссиянын эксперттери адам укуктарына жана сот системасына байланышкан түзөтүүлөрдү сынга алышкан. Комиссиянын эксперттери демократиялык принципке таянуу менен бул түзөтүүлөрдү ийине жеткире иштеп чыгыш керек экенин жазышкан.

Комиссиянын адистеринин жана ЕККУ мүчөлөрүнүн пикири боюнча, 2010-жылдын Конституциясы «демократиялуу мамлекеттин стандартына» жооп берген.

Конституцияга киргизиле турган түзөтүүлөр адам укуктары жаатындагы эл аралык келишимдердин улуттук мыйзамдарга салыштырмалуу артыкчылык абалынан баш тартып, премьер-министрдин ролун жана сот системасынын үстүнөн болгон көзөмөлдү күчөтөт.