Бишкек: Мэрия тез жардам станциясындагы жылытууну калыбына келтирет

Бир жума бою борбордук тез жардам станциясынын дарыгерлери жылытылбаган имаратта иштешти. Медицина кызматкерлери Бишкектин мэриясына кайрылып, ал жылытууну калыбына келтирүүгө убада берди.

Борбордук тез жардам станциясынын реанимация бөлүмүнүн башчысы Егор Борисов Kloop.kgге бөлүм жети күнчө жылытылбай иштегенин айтты. Аварияга имаратты жылуулук менен камсыз кылган түтүктүн жарылып кеткени себеп болгон.

Борисов жылытуу системасында авария болгону билинээри менен оорукананын администрациясы жардам сурап кайрылганын айтты. Кийинчерээк «жөнөкөй кызматкерлердин бири» реанимация бөлүмүндөгү абал тууралуу ЖМКга билдирүү тараткан.

«Биз дароо мэрияга кайрылдык. Мэрия дайыма бизге жардам берет, бул жолу да маселени чечүүгө убада берди. Бүгүн оңдоочу бригада келип, сынган жерди карап, оңдой баштады […] Адистердин эсебинде, оңдоо иштери 600 миңден 800 миңге чейин турат», — деди ал.

Борисов реанимация бөлүмүнүн имараты шашылыш оңдолушу керек экенин, имаратта жайгашкан күжүрмөн бөлүктүн жана телефон базасынын айынан дарыгерлер башка жакка көчө албай турганын кошумчалады.

Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Гуля Алмамбетова тез жардамдын имаратындагы оңдоо иштери бүгүн күндүзгү саат үчтө башталганын айтты.

«Оңдоо иштерине Саламаттык сактоо министрлиги акча бөлүп берет, анткени саламаттык сактоо системасы республикалык бюджеттин балансына өткөрүлгөн. Авария болоору менен дарыгерлер мэрияга кайрылышты, биз жардам бермек болдук. “Бишкекжылуулукэнерго” коммуналдык ишканасы азырынча акысын албастан оңдоо иштерин баштады. Ал жарылып кеткен эски түтүктүн болжол менен 30 метрин алмаштырышы керек болот», — деди ал.

Алмамбетова түтүктү оңдоо бир нече күндү талап кылышы мүмкүн экенин, оңдоо иштеринин наркы ошондон кийин аныкталаарын кошумчалады.

«Саламаттык сактоо министрлиги эмитен эле оңдоо иштеринин акысын төлөп берээри жөнүндө кепилдик катын даярдап жатат. Негизи, аны бир суткада оңдоп бүтүрсө болот эле, бирок алмашылган түтүктүн үйлөтүлүшүн жана иштин текшерилишин эске алып, соңку мөөнөт бир нече күнгө кийинкиге калтырылат», — деди ал.