Элвира Сариева билим берүү министри кызматынан өз эрки менен кетти

Президент Алмазбек Атамбаев Элвира Сариеваны билим берүү жана илим министри кызматынан бошотту. Мурдагы министр «Фэйсбуктагы» өз барагында кызматтан өз эрки менен кеткенин жазды.

Элвира Сариева Билим берүү жана илим министри кызматынан бошотулду — ага өз каалоосу менен кызматын тапшырганы тууралуу арызы себеп болду.

«Фэйсбуктагы» өз барагында Сариева анын кызматтан кетиши «жеке абалы жана үй-бүлөлүк жагдайы менен» байланыштуу экенин жазды.

«Биз туш келген кыйынчылыктарга карабастан ушул убакыттын баарында үй-бүлөм жана жакын досторум тынымсыз жөлөк болуп турушту, бирок үй-бүлөбүздөгү айрым жагдайлар менин кызматтан бошотууну өтүнгөн арызыма себеп болду», — деп жазды ал.

Сариева, өзүнүн бул кызматтан кетээрин айткан соң «айрым депутатар» ал жетектеген Билим берүү министрлигинин ишин сынга алып, «кызмат орду үчүн күрөш башташканына» туш болгонун жазды.

«Азыр мен артыма кылчайып жатып жетекчиликтин мени дайындап жаткандагы логикасын түшүнүп турам. Системанын ичинен чыккан, билими жана “байланыштары” бар адам биз кылганды кылганга, өз кесиптештерине тиешелүү ушундай оор чечимдерди кабыл алууга духу жетмек эмес», — деп жазылат анын барагында.

Анын пикиринде, билим берүү жана илим системасы — бул «консервативдүү зылдын ташы». Ал педагогдордун жан аябаган ак көңүлдүгүнөн улам гана «айыгуу айлампасына» чыгууга мүмкүн болгонун жазат.

«Бул процесс көпкө уланат, бирок жыйынтыгында бардыгы ийгилик менен бүтөт», — деп жазган Сариева.

Мурдагы министр билим берүүнүн деңгээлин көтөрүү боюнча эбегейсиз зор иш жүргүзүлгөнүн жазды.

Сариева өз жарыясында мектепке чейинки билим берүүнүн деңгээли оңолгонун, мектеп программасы жаңырганын белгиледи.

«Мыкты жеке менчик жана муниципалдык мектептердин тажрыйбасына таянуу менен биз Ошто “Жетиген” эксперименталдык мектебин, өлкө боюнча ар бир облуста физика, математика класстарын ишке киргиздик», — деп жазган Сариева.

Сариева ошондой эле ал башкарып турганда мекеме орто жана кесиптик билим берүүчү окуу жайларынын билим берүү программаларын бириктирип бүтүп, жогорку жана кесиптик-техникалык окуу жайларында болжол менен 200 бирин-бири кайталаган адистиктерди кыскартканын жазды.

Мурдагы министр өз маалыматында үнөмдөлгөн каражаттардын эсебинен жогорку окуу жайлардын окутуучуларынын айлыгы көтөрүлгөнүнө көңүл бурган. Ал бюджеттеги студенттерди каржылоонун бирдиктүү системасынын шарапаты менен жогорку окуу жайларында «акча студентти ээрчип келет» деген принцип киргизилгенин белгиледи.

«Парламентте биринчи окууда бир добуштан кабыл алынган мыйзам долбоорлорунун чоң топтому илимди жөнгө салуу системасын чоң өзгөрүүлөргө алып келет», — деп жазган ал сөзүн жыйынтыктап жатып.

Эмгек жолу

Сариева эки жыл бою — 2014-жылдан 2016-жылга чейин — билим берүү жана илим министринин кызматын ээлеп турган. Ага чейин ал 2014-жылдын апрелинде Кыргызстандын вице-премьер-министринин кызматында иштеген.

Өзүнүн эмгек жолун Сариева 1998-жылы адегенде Кыргызстандагы Internews Network уюмунун өкүлчүлүгүнун редактору, кийин анын директорунун орун басары катары баштап, 2002-жылы «Интерньюс» КБнын аткаруучу директору болуп дайындалган.

2012-2014-жылдары «Роза Отунбаеванын демилгеси» эл аралык фондунда иштеген жана Кыргызстандын «Мекендештер» форумунун уюштуруу комитетинин жетекчиси болгон. Мындан тышкары, ал Бишкек шаардык кеңешинин депутаты жана башкалааны өнүктүрүүнүн стратегиясы боюнча комиссиянын төрайымы болгон.