ИИМ аялдын көкүрөк безин кесип салган «табыпка» каршы кылмыш ишин козгоду

2016-жылы жайында «табып» Ашым Зайналиев аялдын көкүрөк безин кесип салып, натыйжада ал аял өлүп калган. ЖМКдагы Зайналиевдин дарылоо ыкмалары тууралуу чыккан макалалардан кийин ИИМ ага каршы «мыйзамсыз дарылоо» боюнча кылмыш ишин козгоду.

ИИМдин басма сөз борборунун кызматкери Анна Жукова Зайналиевге каршы «мыйзамсыз дарылоо» боюнча кылмыш киши козголгонун Kloop.kgге кабарлады. Анын айтымында, буга табыптын дарылоо ыкмалары тууралуу басылган макалалар себеп болгон.

«Мыйзамсыз дарылоо фактысы аныкталды, анын негизинде […] Бишкек ИИБнин тергөө башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголду, иликтөө жүрүп жатат», — деди ал.

Жукова ошондой эле ИИМдин өздүк коопсуздук кызматы Зайналиевден милиция кызматкерлери пара тооруганы тууралуу анын өз арызы боюнча иликтөө да жүргүзүп жатканын айтты.

«Эгерде факты такталып, кайсы бир милиция кызматкерлери андан акча талап кылганы далилденсе, аларды кызматтык жазалар, керек болсо ички иштер органдарынан иштен кетирүү күтүп турат», — деди ал.

Саламаттык сактоо министрлигинин башчысы Талантбек Батыралиев ал жетектеген мекеме Зайналиевге лицензия бербегенин жана ИИМ менен кошо иликтөө жүргүзүп жатканын билдирди.

ЖМКдагы материалдарга жана козголгон кылмыш ишине карабастан, Ашым Зайналиев (дагы бир аты-жөнү Хашим Зайналиев) «Фэйсбук» коомдук тармагына жигердүү катышып, өз клиникасына жаңы бейтаптарды чакырууда.

Ашым Зайналиевдин «дарыгерлик» ыкмалары

«Заноза» маалымат агенттиги өз бейтаптарын дарылаш үчүн Зайналиев кандай ыкмаларды колдоноорун макалалар топтомуна жазды. Жатын моюнчасынын өсмөсүн табып жатынга ийне сайып дарылаган — анда колдонулган эритменин курамы белгисиз. Башка онкологиялык ооруларга ал белгисиз чөптөрдү сатып, алардын дарыланып кетээрине убада берген. Бул окуяларды Зайналиевден дарыланган бейтаптардын туугандары өз атын айтпастан баяндап беришкен.

Алардын айтымында, ал эч качан дезинфекция стандарттарын же гигиена эрежелерин сактаган эмес.

«“Дарыгер” Зайналиев келди. Анын кебетесинен үрөйүм учту: бутунда кепич, эч кандай форма жок, халаты, баш кийими жок. Бир сөз менен айтканда койчуга окшош. Байпагы жок», — деп айтып берген «Заноза» маалымат агенттигине энеси табыптан дарыланган соң бир айдан кийин өлүп калган кыз.

Башка бир жабыркаган кишинин тууганы болгон аял акыркы стадиядагы онкологиялык оору менен жабыркаган анын эркек бир тууганы табыптан «дары чөптөрдү» сатып алыш үчүн өзүнүн бардык каражатын сарптаганын айтып берди. Оорулуу киши үй-бүлөсү менен коштошконго да жетишпей каза тапкан.

Көкүрөк безинин төртүнчү стадиядагы өсмөсүн табып наркозу жок кесип салып дарылаганга аракет кылган. Аялдын өлүмүн Көк-Жардагы Зайналиевдин медициналык борборуна келген тез жардам бригадасынын дарыгерлери катташкан.

Тез жардамдын дарыгерлеринин айтымында, алар келгенде сактай турган эч ким калган эмес — маркум гинекологиялык кушеткада көкүрөктүн ачык жарасы менен жаткан.

Табып өзү ЖМКдагы материалдарды өз ишине каршы багытталган «пиар-акция» деп атап келатат жана журналисттерди «жакшы комментарийлерди модерациялаганы үчүн» айыптоодо. Ал өзүн күнөөлүү деп эсептебейт жана оорукчандар эмнеге баратышканын билген дейт. Ал оорукчандарга жүз пайыздык кепилдик бербептир — «кепилдикти Жараткан гана берет» дейт ал.

Сүрөт: 5-канал