Кыргызстандын бийлиги балдардын өзүн өзү өлтүрүшүнө каршы күрөшүүгө аракеттенип жатканда Сузакта 15 жаштагы бала өз жанын кыйды. Бул чаралар канчалык натыйжалуу? Эмне үчүн өспүрүмдөр өзүн өзү өлтүрүп жатышат?
Сузактагы 15 жаштагы окуучу Шерзат Алимбеков айылдашынын «10 миң сом уурдадың» деген дооматынан кийин өзү өзү өлтүрүп тынды. Шерзаттын окуясы коомдо талкуу жаратып, аны акыйкатчы, милиция жана жергиликтүү укук коргоочулар иликтешүүдө.
«Өспүрүмдү бул кадамга эмне түрттү?» деген суроонун жообу Шерзаттын өмүрүнүн акыркы күндөрүндө табылат окшойт — өлүм алдындагы катында ал акчаны албаганын жазып, «мени сабады» деп айылдашын күнөөлөгөн.
Шерзаттын атасы уулун ата-энеси жок кезде суракка алган милиция кызматкерлери аны өз жанын кыюуга жеткирди деп эсептейт. Жалалабаддык милиция кызматкерлери өспүрүмдүн өлүмүнө себеп болгонун танып, окуучу өзү уурулугун моюнга алганын айтып жатышат.
«Баланын укуктарын коргоочулар лигасынын» психологу Перизат Асылбаева өспүрүмдөрдү өз жанын кыюуга бир нече себеп, негизинен зомбулукка байланышкан себептер түртөт деп эсептейт.
«Мисалы, айрым балдар туугандары тарабынан жыныстык зомбулукка кабылган, аларга эч ким жардам берген эмес, эч кимге айта алышкан да эмес. Ишенимдүү мамиле болгон эмес, чоң кишилер мектепте да, үйдө да аларга колдоо көрсөтүшкөн эмес, андыктан алар ушундай абалда калып, ошол ишке барууга (өз жанын кыюуга) мажбур болушкан, анткени зомбулукка чыдай берип тажашкан», — дейт ал.
Асылбаеванын айтымында, өзүн өзү өлтүрүүгө өспүрүмдөргө текебер мамиле кылуу да себеп болушу мүмкүн — мисалы, мектепте мугалимдер колунда жок үй-бүлөлөрдөн чыккан балдарга заарын чачып же көңүл бурбай коюшат.
«[Мугалимдер] сүймөнчүктөрүн өзгөчө бөлүп карай баштайт, ал эми мисалы начар үй-бүлөлөрдөн чыккандарды толугу менен көңүл сыртында калтырып, аларга жинин чыгарып, мектеп фондуна кандайдыр акча алып келбей калышса, аларды эл алдында кемсинтишет», — дейт психолог.
Анын сөзүнө караганда, өспүрүмдөр өз намысына тийген нерселерге сезимтал келишет.
«Жүзүн жоготкон учурлар болот. Бир жерде балдар [жаңы келген өспүрүмдү] кошпой коюшат, сүйлөшкүсү келбейт, көңүл бурбай коюшат. Ошол бала өзүн кем сезип жүрүп көңүлү чөгүп, акыры өзүн өзү өлтүргөн», — дейт ал.
Зомбулук жана өз жанын кыюу менен күрөш
Шерзаттын окуясы кыргыз бийлиги балдарга каршы зомбулук менен күрөшүүгө аракеттенип жаткан учурда болуп өттү.
Эки ай мурун өспүрүмдөр өз жанын кыйганына байланышкан тема өкмөт жыйынында козголгон, ал эми беш күн мурда парламент жашы жете электерге каршы зомбулук жана аларды өз жанын кыюуга жеткирүү үчүн жазаны күчөтүүнү жактаган.
Статистика боюнча быйылкы жылдын алгачкы 7 айында 64 киши өзүн өзү өлтүрсө, алардын 95 пайызы мектеп окуучулары болгон — августтун аягында премьер-министр Сооронбай Жээнбековго ушундай маалымат берилип, ал өспүрүмдөр арасында мыйзам бузуунун алдын алуу боюнча иш жүргүзүүнү тапшырган.
Кылмыш кодексине өзгөртүү киргизүү боюнча демилге көтөргөн депутаттар өзүн өзү өлтүрүүгө чейин жеткирүү үчүн жазанын күчөтүлүшү жашы жете электерге карата зомбулук көбөйүп кеткени менен байланыштуу экенин түшүндүрүп жатышат. 2014-жылы балдарга каршы 142 оор кылмыш жасалса, 2015-жылы ал 155ке жеткен.
Бирок түзөтүүлөр мектеп окуучуларын өз жанын кыюуга жеткиргени үчүн мугалимдердин, дарыгерлердин, ата-энелердин, туугандарынын жана тарбиячылардын гана жоопкерчилигин жогорулатат.
«[…] балдарга каршы кылмыш оорлотуучу жагдай болуп эсептеле турган адамдардын тизмеси берилет – алар жакын жана/же башка тууганы, ата-энесинин түгөйү же чогуу жашаган кишиси, тарбиячы, мугалим, дарыгер», — деп айтылат мыйзам долбооруна маалымкат-негиздемеде.
ЮНИСЕФтин балдарды коргоо бөлүмүнүн адиси Елена Заиченко жазаны күчөтүү баланын ата-энесине тиешелүү болбошу керек деп эсептейт.
«Ата-энесин жазалоо менен бул маселе чечилбейт. Мындан тышкары, баласы өзүн өзү өлтүрүп алган ата-энелердин күйүтү менен күнөөсү күч алып турганда аларды жазалоо бул кырдаалды ого бетер күчөтүп, маселени чечүүгө иштиктүү пайда бербейт», — деп түшүндүрөт ал.
Заиченконун айтымында, үй-бүлөдөгү зомбулуктун негизги себеби — ата-энелер балдарды зомбулуктан башка ыкмалар менен тарбиялай билбегени.
«Ата-энелер балдарын менчигиндей көрүшөт, алардын ою менен чанда эле эсептешет жана аларды пикирин уга турган кадыресе үй-бүлө мүчөсү катары санашпайт. Ата-энелерди тартипти камсыз кылуунун жана тарбиялоонун жакшы ыкмаларына үйрөтүүчү программалар түзүлүшү керек. Коомдо дагы бир маселе бар, ал — балдарды уруу жана денеси аркылуу жазалоо кадыресе көрүнүш деп эсептегени», — дейт ал.
Авторлошу: Бексултан Амантур уулу