Кандидат на звание официального талисмана чемпионата мира по футболу 2018 года

Дүйнөлүк футбол федерациясынын (ФИФА) расмий сайтында күйөрмандар Орусияда өтө турган футбол боюнча дүйнө чемпионатынын тумар сүрөтүн онлайн-режимде добуш берүү менен тандоодо. Эми ал Забивака деген карышкыр болмокчу. Жарым кылым мурун планетанын башкы футбол биринчилигинин тумар сүрөттөрү (эмблемалары) кандай болгонун эстеп көрөлү.

Англия — 1966

Дүйнө чемпионаттарынын тумар сүрөттөрүнүн тарыхы так ушул турнирден башталган. 1966-жылы Англиядагы чемпионатта тумар сүрөт катары Вилли аттуу бала арстан тандалып алынган. Ал британ туусунун сүрөтү түшкөн кийимчен, шатыра-шатман топ тээп ойноп жаткан.

Англиянын курама командасынын символу болгон арстан күйөрмандарга дароо жагып, анын сүрөтү түшүрүлгөн атрибуттар самсадай эле сатылып, уюштуруучуларга жакшы киреше, англичандарга болсо чемпиондук титул алып келген.

Мексика — 1970

Сомбреро кийген сүйкүмдүү бала мексикалык чемпионаттын башкы символу болуп калган. Аны өлкөдө эң кеңири тараган ысым менен Хуанито деп аташкан. Ага улуттук курама команданын кийимин кийгизип, дайыма топ менен сүрөткө тартып келишкен. Каарман бат эле белгилүү болуп кетти, бирок мексикалыктарга ийгилик алып келген жок.

Чемпионат өткөргөн өлкөнүн курама командасы өз оюнун чейрек финал менен токтоткон.

ГФР — 1974

Тумар сүрөттү бала түрүндө тартуу немистерге да жаккан. Бирок бул жолу балдар экөө болуп, алардын аттарын Тип менен Топ деп коюшкан. Алар WM тамгалары (нем. Weltmeisterschaft — дүйнө чемпионаты) жана турнир өткөрүлгөн жыл — 74 саны тартылган ак майка кийишкен.

Тумар сүрөттү тартып чыккан Отто Раух өз идеясынын акыбети менен 7 миллион немис маркасы суммасында киреше таап, ГФР курама командасы дүйнө чемпиону болгон.

Аргентина — 1978

Аргентинадагы дүйнө чемпионатынын символу болгон Гаучитто аттуу бала кайсы бир жагынан мексикалык тумар сүрөткө окшош эле. Улуттук курама команданын кийимин кийген бул бала колуна койчулардын чоорун кармап турган. Автордун мүдөөсү боюнча, баланын атасы кедейлерди жана алсыздарды коргогон аргентиналык Робин Гуд болчу.

Күйөрмандар арасында Гаучитто зор ийгиликке жетип, Аргентинанын курама командасы болсо тарыхта биринчи жолу дүйнө чемпионатын утуп алган.

Испания — 1982

Испандар чыгармачылык мамиле кылмак болуп, ал учурдагы мелдештин тумар сүрөтү катары өлкөдөгү негизги жемиш болгон апельсинди тандап алып, атын Наранхито коюшкан. «Наранха» испанча апельсин дегенди билдирет.

Наранхитого курама команданын кийимин кийгизишип, ал колуна бардык тумар сүрөттөрдүн белгиси болгон топту кармап турган. Испандыктардын тилегине каршы, кызыл жүздүү апельсин аларга ийгилик алып келген жок, кожоюндардын командасы ал оюнда жалпы аламанда эле четке чыгып калган.

Мексика — 1986

1986-жылы Мексика өз өлкөсүндө дүйнө чемпионатын өткөрүү урматына экинчи ирет ээ болгон. Чемпионаттын ээси болгон Колумбия аны өткөрүүгө даяр болбой калып, турнир Мексикага жылдырылган.

Испанияны туурап, мексикалыктар улуттук ашканасын эске салып, тумар сүрөт катары Пике деген калемпирди тандап алышкан.

Пикенин автору бразилиялык сүрөтчү болчу. Ал эми ал кезде эң мыкты формада жүргөн Марадонанын таң калтырган оюну аргентиналыктарга дүйнө чемпионунун даңазасын алып келген.

Италия — 1990

1990-жылы эң бир кызык тумар сүрөттү ителиялыктар тандап алышкан. Ал Рубиктин ажыратылган кубигинен чыккан, башы топ болгон киши болчу. Аны Италиянын желегинин түсүнө боёп, атын өлкөдөгү эң таанымал ысым болгон Чао деп коюшкан. Чаонун авторлору бир нече киши эле, мындай көрүнүш да биринчи жолу кездешкен.

Италиянын курама командасы анда коло медалга гана жетип, ал эми дүйнө чемпиондугун немистер утуп алышкан.

АКШ — 1994

Чемпионат үчүн тумар сүрөттү тартууга америкалыктар абдан олуттуу киришип, бул маанилүү ишти кесипкөй адистерге тапшырышты.

«Уолт Дисней» компаниясы Страйкер аттуу итти мелдештин символу кылды. Анын кийимин улуттук желектин түстөрүнө боёп, ал болсо шаттанып топ тээп жүргөнү тартылган.

Америкалыктар бул каарманды элге таанытууга аракетин аяшкан жок, натыйжада алар 11 миллион доллар табышты, ал эми чемпиондук титул Бразилияга кетти.

Франция — 1998

Футикс аттуу бала короз тарыхта эң кирешелүү тумар сүрөт болуп калган. Ал 27 миллион доллар алып келип, бирок ошону менен катар ызы-чуууга да кабылган.

Футикстин автору Франк Летори плагиат кылды деген дооматка кабылган. Бактыга жараша, Летори соттон толук утуп чыккан.

Француз тумар сүрөтү англисче «foot» — бут жана комикстер менен фильмдердин каарманы болгон айтылуу Астерикстин ысмынын аягынан куралган.

Француз курама командасынын символу болгон бала короз ага чемпионатта жеңиш алып келген.

Жапония жана Корея — 2002

2002-жылдагы чемпионаттын тумар сүрөттөрү Жапония менен Кореянын технологиялык өнүгүшүнүн нагыз символдору болуп калышкан. Алар үчөө эле: Ато, Каз жана Ник. Каармандардын баары компьютердик графика менен тартылган.

Демилгечилердин көздөгөнү боюнча, алтын түстүү Ато — машыктыруучу, ал эми Каз (көк) жана Ник (кызгылт көк) — космикалык атмоболдун оюнчулары. Тумар сүрөттөргө Жапония менен Кореянын жашоочулары Интернет аркылуу добуш берип ат тандашкан.

Чемпионат башталгыча эле жапон-корей тумар сүрөттөрүнүн коммерциялык иши оңунан чыкпай калды деп болжоп жатышкан, ФИФА болсо зыян тартканга даярданып калган болчу. Бирок табышмактуулугуна жана жаңылыгына карабастан каармандар жергиликтүү көрүүчүлөргө жагып, балдар арасында аты чыккан.

Тумар сүрөттөр турнирдин уюштуруучуларына бир топ киреше алып келген, ал эми чемпиондук титулду Бразилиянын курама командасы алып кеткен.

Германия — 2006

 

Голео VI деген арстанды жана анын досу болгон Пилле деген топту америкалыктар — «Сезам көчөсү» аттуу балдар үчүн сыналгы программасын жараткандар — ойлоп табышкан. Голео турнир өткөрүлгөн жылдын саны жазылган немис курама командасынын формасын кийип, топ Пилле болсо кишиче сүйлөгөн.

Турнирдин уюштуруучулары тумар сүрөттөрдү элге таанытууга канчалык аракет кылса да андан эч нерсе чыккан жок. Голео менен Пилле тарыхтагы эң ийгиликсиз тумар сүрөт болуп калган. Аларды жасап чыккан фирма банкроттукка учураган.

Германиянын курама командасы өз мекенинде коло медалга гана ээ болгон. Ал эми Берлиндеги оош-кыйыш финалда Франциянын курама командасына матчтан кийин пенальти тебе берип жеңишти сууруп алган италиялыктар чемпион болуп чыгышкан.

ТАР — 2010

Африка континентинде биринчи жолу өткөрүлгөн дүйнө чемпионатынын тумар сүрөтү чачтары жашыл Закуми аттуу кабылан болуп чыккан. Колуна топ кармаган шайыр каарман дароо күйөрмандардын сүймөнчүгүнө ээ болгон.

Закуминин ал тургай туулган күнү да белгилүү — ал 1994-жылдын 16-июну. Дал ушул күн Түштүк Африкада апартеидди жеңүүнүн жана демократия орнотуунун күнү катары эсептелет.

ТАРда тарыхта биринчи жолу чемпиондук наамды Испаниянын курама командасы утуп алган, ал эки жыл мурда, 2008-жылы Европа Чемпионатында да Эски Дүйнөнүн башкы наамына жетишкен.

Бразилия — 2014

Түштүк Африканын бай фаунасынан улам бразилиялыктар тумар сүрөттү тандоодо көп деле кысталышкан жок. Көптөгөн талаш-тартыштардан кийин ал Фулеко аттуу мүйүз калкан болуп калган.

Фулеко деген ат «futbol» — футбол жана «leco» — экология деген сөздөрдөн турат. Тумар сүрөттүн негизги идеясы айлана-чөйрөнү коргоо болчу.

«Менин эң негизги максатым — дүйнөнү футбол аркылуу бириктирүү. Менин жашоом Бразилиянын таң каларлык табиятын коргоого жана кийинки муундар үчүн сактап калууга арналган», — дейт Фулеко.

Бразилия желегинин түстөрүндөгү кийим кийген шайыр мүйүз калкан самба бийлеп, футбол ойногонду жакшы көргөн. Ал күйөрмандар арасында бат эле таанылды, бирок өз курама командасына чемпиондук наам алып келе алган жок. Кубок ал жылы Германияга кеткен.

Орусия — 2018

Карышкыр Забивака — алдыдагы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын расмий тумар сүрөтү.

ФИФАнын сайтындагы добуш берүүгө миллионго жакын киши катышып, карышкыр Забивака өз атаандаштары мышык менен жолборстон ат чабым алыс озуп кетти.

Каармандын кийими орус туусунун түстөрүндө, ал эми көз айнегин ал матч убагында таамай тийгизиш үчүн кийет.

Кызык жери, аны тартып сунуш кылган Екатерина Бочарова ФИФАдан өз чыгармасы үчүн 500 доллар гана алган.

Сүрөт: championat.com