«Бүгүн чоң майрам»: Кыргызстан Өзбекстандан келген меймандарды кантип тосуп алды?

Өзбекстандын чоң делегациясы Кыргызстандын Ош шаарына достук иш сапары менен келди. Бул жолугушуу Кыргызстандын делегациясы Өзбекстандын Анжиян шаарына барып келген соң болуп өттү.

140 кишиден турган өзбек делегациясы Кыргызстанга 26-октябрда келди — чек арада аларды кыргыз чиновниктери, коомдук ишмерлер жана активисттер тосуп алышты. Бардыгы 500 киши болду.

Кабыл алган тарап мурда белгиленген жерге — «Достук-Автодорожный» көзөмөл-өткөрмө пунктуна — өзбекстандык меймандар келгенден бир саат мурун келди. Бир саат бою Ош мэриясынын кызматкерлери жана биринчи вице-мэр күйпөлөктөп, жолугушуунун катышуучуларына ким каякта турушу керек экенин түшүндүрүп жатышты.

Өзбек делегаттарын Оштогу аткаминерлер менен активисттер гана эмес, Кыргызстандын түштүгүнөн — Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынан — келген фермерлер, студенттер, артисттер да тосуп алышты.

Өзбекстандын делегаттары автобустар менен келгенде аларды кыргыз улуттук кийимин кийген беш кыз нан жана туз менен тосуп алышты. Андан кийин меймандарга вице-премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев жана Кыргызстандын түштүк облустарынын жогорку даражалуу жетекчилери салам берип сөз сүйлөштү.

Меймандар тарабынан жолугушууда Өзбекстандын Наманган, Фергана жана Анжиян облустарынын жетекчилери, ошондой эле президенттик жана өкмөттүк аппараттардын өкүлдөрү болду. Аткаминерлерден, ишкерлерден, фермерлерден, студенттерден жана активисттерден турган бул делегацияны премьер-министрдин орун басары Адхам Икрамов жетектеп келди.

Баары кол алышып, кучакташып бүткөн соң өзбек делегаттарын автобустарга жана автоунааларга отургузушуп, жолугушуунун катышуучуларынын баары Ош мэриясынын так маңдайындагы борбордук аянтка келишти.

Бардыгы болуп жүрүштө 30 автоунаа жана милициянын коштоочу 8-9 автоунаасы жүрдү.

Алар шаарга жеткиче жолдун четинде жергиликтүү тургундар үйлөтүлгөн шарларды кармап меймандарды келиши менен куттуктап турушту. Айрым маалыматтарга караганда, шарларды Ош мэриясы тараткан болсо, башкалары эл аларды өздөрү эле сатып алган дешти.

Аянттагы жарманке

Мэриядан анча алыс эмес жердеги кафеде меймандарга эртең мененки тамак берилди. Бул кафеден борбордук аянтка чейинки жолдор милиция менен тосулуп, кафенин аймагына элди текшерип өткөрүп жатты.

Эртең мененки тамак бир жарым саатча созулду — кафеден адегенде дин өкүлдөрү, андан кийин өзбек ырчылары жана артисттери чыгышты.

Андан соң меймандарды атайын уюштурулган жарманке күтүп турган борбордук аянтка коштоп келишти. Жарманкеде фермерлер меймандарга өз өндүрүмүн жана кыргыз боз үйлөрүн көрсөтүштү. Делегациянын катышуучуларына май менен нан азыктарын ооз тийгизишти.

Ал арада борбордук аянтка Оштун тургундары чогулуп, өзбек делегациясын кол чаап тосуп алышты. «Ошко кош келиңиздер!» деп кыйкырды чогулган эл. Милиция кызматкерлери делегация менен жергиликтүү тургундардын ортосунда меймандарды өткөргүдөй кылып тосуп турушту.

Өзбек делегацисынын айрым өкүлдөрү Лениндин эстелигинин жанында сүрөткө түштү.

Меймандар мурунтан даярдалган отургучтарга отурушаары менен эл артисти Саламат Садыкова концертти баштады. Делегациянын катышуучулары бир аз үшүп, айрымдары зериге баштады. Бирок 500 жаш комузчунун аткаруусунда «Машботой» чертилгенде өзбек делегаттары жанданып, аткаруучуларды смартфондоруна тарта башташты.

Концерттик программа жүрүп жатканда жигиттердин тобу эки боз үйдү жарышып сегиз мүнөттө тиге салышты. Концерттен кийин меймандарды ошол боз үйлөргө алып барып, ички жасалгасын көрсөтүштү.

Ал убакта аянтта өзбек улуттук музыкасы ойнотулуп, анын алдында айрым көрүүчүлөр жана меймандар бийлеп жатышты.

Түшкө жакын меймандар Оштогу эң ири окуу жайы болгон ОшМУнун кампусуна барышты. Имаратка кире бериште меймандарды нан, туз менен тосуп алышты. Бардык мекемелерде аларды кыргыз улуттук кийимчен студенттер нан жана туз менен тосуп жатышты.

Музыка жана ОшМУдагы саякат

Кайсы бир мекемеге барган сайын меймандарды кыргыз жана өзбек музыкасы коштоп жатты.

ОшМУда коноктор үчүн кыргыз жана өзбек улуттук аспаптарынын коштоосунда өзбек элдик композициясы болгон «Анжиян полькасы» аткарылды. Ал эми Пакистан менен Индиядан келген студенттер сахна костюмдарын кийип «Кара Жорго» бийлеп беришти.

ОшМУнун медициналык факультетинин имаратында Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Адхам Икрамов болочок дарыгерлердин алдында сөз сүйлөдү.

«Медицина үчүн чек ара деген жок. Эгерде каалаган жериңерде иштегиңер келсе, англис тилин суудай билишиңер керек», — деди ал.

Кампустун көчө жак бетинде искусство факультетинин окутуучулары фотокөргөзмө уюштуруп, сүрөт тартып, кыргыз жана өзбек улуттук аспаптарында өзбек музыкасын чертип жатышты. Делегациянын айрым мүчөлөрү музыканттарды колдоп, алардын коштоосунда бийлеп турушту.

Бабур атындагы театрга барганда

Университеттен кийин меймандар түшкү тамакка чакырылып, ал убада берилгендей бир саат эмес, эки саатка созулду.

Делегаттар тамактанып жатканда жергиликтүү акробаттар Бабур атындагы театрдын алдында көрүүчүлөрдү чогултушту. Алар меймандар театрга түшкү тамактан кийин келгенде кол чаап тосуп алышты. Ал жерде музыканттар өзбек музыкалык аспаптары менен «Лочин» аттуу өзбек элдик композициясын аткарып беришти.

Меймандар убакыттын тартыштыгынан улам музыканттардын өнөрүн аягына чейин көрө алышкан жок. Оюндун орто ченинде делегацияны театрдын ичине чакырып кетишти. Ал жакта актерлор «Манастын уулу Семетей» пьесасынын үзүндүсүн коюп беришти.

Адатта бош турган театрга эл толуп чыкты. Театрдын кире беришинде көзөмөлдө турган сакчылар имараттын ичине меймандар гана кире алаарын айтып кыйкырып да жатышты.

Спектакль бүткөндө көрүүчүлөр театрдын труппасына көпкө чейин кол чабышты. Андан кийин төкмө акын Идирис Айитбаев чыгып, кыргыз жана өзбек тилдеринде төгүп ырдады.

Кийинки жолугушуу Бишкекте

Жолугушуунун маданий бөлүгүнөн соң кытай инвесторлору курган жаңы «Шанхай» мейманканасында анын расмий бөлүгү башталды.

ОшМУнун жана Анжиян мамлекеттик университеттеринин ректорлору кызматташтык тууралуу меморандумга кол коюшту, ага ылайык бул жогорку окуу жайларынын студенттери менен окутуучуларынын ортосунда алмашуу программалары ачылат.

Меморандумга кол коюлганга чейин делегация башчылары жабык эшик артында жолугушуу өткөрүп, ал протоколго кол коюу менен аяктады.

Кыргызстандын биринчи вице-премьер-министри Мухамметкалый Абулгазиев жана Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Адхам Икрамов басма сөз үчүн брифингге чыгышты.

Тема боюнча: Ажияндагы жолугушуу: Кыргызстан менен Өзбекстан кантип достошкусу келүүдө?

Абулгазиев кыргыз тарап жыл аягына чейин дагы бир жолугушуу өткөрүү боюнча демилге көтөрүп жатканын, кийинкиси Бишкекте өтөөрүн кабарлады.

«Биз азыр өзбек кесиптештерибизге жолугушуунун күн тартиби үчүн сунуштарыбызды даярдап атабыз. Жолугушууну соода-экономикалык мамилелерге арнагыбыз келет», — деди ал.

Өз кезегинде Адхам Икрамов Ошко келгенде эки өлкөнүн ортосундагы «товар айланууда пайдаланылбай жаткан мүмкүнчүлүктөр» бар экенине көзү жеткенин айтты. Ал соода жаатында алда канча тыгыз кызматташтыкты пландаштырылып жатканын кошумчалады.

«2017-жыл биздин соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана дипломатиялык мамилелер үчүн маанилүү жыл болот», — деп билдирди ал.

Талаштуу аймактар туурасында дээрлик бир ооз сөз жок

Өзбек жана кыргыз делегациялары колдон келген кызматташтык тууралуу көп сөз айтышты, бирок чатактуу темалардан — мисалы, чек араны делимитациялоо жана талаштуу аймактар тууралуу кеп-сөздөн — оолак болгонго аракет кылышты.

Биринчи болуп бул темада өзбек делегациясынын башчысы Адхам Икрамов айтып кирди. Ал октябрь айында кыргыз делегациясы Анжиянга барганда түзүлгөн өкмөт аралык комиссия талаш аймактар боюнча маселелерди жакында чечээрин айтты.

«Учурда биздин өлкөлөрдүн тышкы иштер министрликтери жана башка мекемелери бул талаштуу аймактардын маселесинин үстүндө иштеп жатышат. Жакынкы айларда биз талаштуу аймактардын 80 пайызы боюнча бир чечимге келебиз», — деди ал.

Сүрөт: Дастан Үмөттегин